КАРА-КУЛЖА (Кара-Дарыянын оң куймасы): нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (Temirkan moved page КАРА-КУЛЖА 1 to КАРА-КУЛЖА (Кара-Дарыянын оң куймасы)) |
||
| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАРА-КУЛЖА</b> – Кара-Дарыянын оң куймасы, | <b type='title'>КАРА-КУЛЖА</b> – Кара-Дарыянын оң куймасы, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун аймагы аркы­луу аккан суу. Узундугу 104 <i>км</i>, алабынын аянты 1200 <i>км</i><sup>2</sup>. Фергана тоо тизмеги м-н Үч-Сейит тоо­сунун кошулушунан башталып, Фергана ж-а Тасырак-Сай тоолорунун аралыгы м-н агат. Ири куймалары: Шоорук-Жылга, Үч-Сейит, Сурташ, Токсон-Кемпир, Көк-Жаңгак (оң), Качуркөл, Кашка-Суу, Талды-Суу, Беш-Мойнок (сол) ж. б. Жылдык орточо чыгымы 21,3 <i>м</i><sup>3</sup>/<i>сек.</i> Ар бир чар­чы <i>км</i> аянтынан агып чыккан суунун модулу Кыргызстандын аймагы боюнча эң көп (22 <i>л/сек.км</i><sup>2</sup>). Аталышы суу киргенде тоо беттеринен ар түрдүү тектерди агызып, каралжын тартып, ылайла­нып агышынан пайда болгон. Боюнда (төмөнкү агымында) Кара-Кулжа кыштагы жайгашкан. | ||
Ош | |||
тектерди агызып, каралжын тартып, ылайла­нып агышынан пайда болгон. Боюнда (төмөнкү агымында) Кара-Кулжа | |||
[[Категория:4-том, 101-153 бб]] | [[Категория:4-том, 101-153 бб]] | ||
09:06, 17 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАРА-КУЛЖА – Кара-Дарыянын оң куймасы, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун аймагы аркылуу аккан суу. Узундугу 104 км, алабынын аянты 1200 км2. Фергана тоо тизмеги м-н Үч-Сейит тоосунун кошулушунан башталып, Фергана ж-а Тасырак-Сай тоолорунун аралыгы м-н агат. Ири куймалары: Шоорук-Жылга, Үч-Сейит, Сурташ, Токсон-Кемпир, Көк-Жаңгак (оң), Качуркөл, Кашка-Суу, Талды-Суу, Беш-Мойнок (сол) ж. б. Жылдык орточо чыгымы 21,3 м3/сек. Ар бир чарчы км аянтынан агып чыккан суунун модулу Кыргызстандын аймагы боюнча эң көп (22 л/сек.км2). Аталышы суу киргенде тоо беттеринен ар түрдүү тектерди агызып, каралжын тартып, ылайланып агышынан пайда болгон. Боюнда (төмөнкү агымында) Кара-Кулжа кыштагы жайгашкан.