КАРА-КУЛЖА (Кара-Кулжа районун­дагы кыштак): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
 
(Айырма жок)

09:01, 17 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы

КАРА-КУЛЖА – Ош облусунун Кара-Кулжа районун­дагы кыштак, райондун борбору. Кара-Кулжа айыл округуна караштуу. Кара-Кулжа суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 1440 м бийикте жай­гашкан. Облустун борбору Ош шаарынан 105 км чыгыш тарапта. Калкы 15,7 миң (2022); неги­зинен мал м-н алектенип, дыйкан чарбаларын­да эмгектенет. Эки орто ж-а мектеп-интернат, маданият үйү, оорукана, бейтапкана, мейманкана

Кыштактын жалпы көрүнүшү.

бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүм­дөрү, соода түйүндөрү, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу иштейт.