КАРА-КОЮН: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАРА-КОЮН</b> – Ат-Башы суусунун сол куйма­сы. Ат-Башы | <b type='title'>КАРА-КОЮН</b> – Ат-Башы суусунун сол куйма­сы. Ат-Башы районунун аймагы аркылуу агат. Узундугу 81 <i>км</i>, алабынын аянты 1820 <i>км</i><sup>2</sup>. Ат-Башы кырка тоосунун батыш бөлүгүнүн түндүк капта­лындагы Бел-Кара-Суу ашуусунан башталып, жазы өрөөн аркылуу түндүк-чыгышты карай агат. Суу бойлой созулуп жаткан тектирлердин би­йиктиги 20–30 <i>м</i>. Кара-Коюн суусунун өрөөнү Ат-Башы өрөөнүнүн батыш бөлүгүн ээлейт. Алабынын де­ңиз деңгээлинен бийиктиги 2000–3100 <i>м</i>. Төмөнкү агы­мында нугунун өрөөнү саздуу келип, салаалар­га бөлүнүп, Ат-Башы суусуна куят. Жылдык орточо чыгымы 1,38 <i>м</i><sup>3</sup>/<i>сек</i>. Эң чоң чыгымы июль– августта (40,3 <i>м</i><sup>3</sup>/<i>сек</i>), эң азы февраль–мартта байкалат. Апрель–сентябрда кирип, октябрь– мартта тартылат. Негизинен кар, мөңгү ж-а булак сууларынан куралат. Ири куймалары: Бурган-Суу, Чойчап, Бел-Тепши (сол); Ичке, Таш-Рабат, Шырыкты, Баш-Келтебек (оң). Бо­юнда Кара-Суу, Казыбек, Ак-Талаа, Кызыл-Туу, Кара-Булуң, Дыйкан, Жаңы-Күч кыштактары жайгаш­кан. Сугатка кеңири пайдаланылат. | ||
81 <i>км</i>, алабынын аянты 1820 <i>км</i><sup>2</sup>. Ат-Башы кырка тоосунун батыш бөлүгүнүн | |||
өрөөнүнүн батыш бөлүгүн ээлейт. Алабынын де­ңиз | |||
мартта тартылат. Негизинен кар, мөңгү ж-а | |||
булак сууларынан куралат. Ири куймалары: Бурган-Суу, Чойчап, Бел-Тепши (сол); Ичке, Таш-Рабат, Шырыкты, Баш-Келтебек (оң). Бо­юнда Кара-Суу, Казыбек, Ак-Талаа, Кызыл-Туу, Кара-Булуң, Дыйкан, Жаңы-Күч | |||
[[Категория:4-том, 101-153 бб]] | [[Категория:4-том, 101-153 бб]] | ||
04:01, 17 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАРА-КОЮН – Ат-Башы суусунун сол куймасы. Ат-Башы районунун аймагы аркылуу агат. Узундугу 81 км, алабынын аянты 1820 км2. Ат-Башы кырка тоосунун батыш бөлүгүнүн түндүк капталындагы Бел-Кара-Суу ашуусунан башталып, жазы өрөөн аркылуу түндүк-чыгышты карай агат. Суу бойлой созулуп жаткан тектирлердин бийиктиги 20–30 м. Кара-Коюн суусунун өрөөнү Ат-Башы өрөөнүнүн батыш бөлүгүн ээлейт. Алабынын деңиз деңгээлинен бийиктиги 2000–3100 м. Төмөнкү агымында нугунун өрөөнү саздуу келип, салааларга бөлүнүп, Ат-Башы суусуна куят. Жылдык орточо чыгымы 1,38 м3/сек. Эң чоң чыгымы июль– августта (40,3 м3/сек), эң азы февраль–мартта байкалат. Апрель–сентябрда кирип, октябрь– мартта тартылат. Негизинен кар, мөңгү ж-а булак сууларынан куралат. Ири куймалары: Бурган-Суу, Чойчап, Бел-Тепши (сол); Ичке, Таш-Рабат, Шырыкты, Баш-Келтебек (оң). Боюнда Кара-Суу, Казыбек, Ак-Талаа, Кызыл-Туу, Кара-Булуң, Дыйкан, Жаңы-Күч кыштактары жайгашкан. Сугатка кеңири пайдаланылат.