КАРА ДЕҢИЗ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КАРА ДЕҢИЗ</b> – Атлантика океанынын жер ор&shy;толук деңизи; Россия, Украина, Румыния, Бол&shy;гария, Түркия ж-а Грузиянын жээктерин чул&shy;гайт. Батыштан чыгышка 1150 <i>км</i>ге, түндүк&shy;төн түштүккө 580 <i>км</i>ге созулат; эң кууш жери 265 <i>км</i>. Керчь кысыгы аркылуу Азов, Босфор кысыгы аркылуу Мрамор деңиздери, андан ары Дарданелл кысыктары аркылуу Эгей, Жер орто&shy;лук деңиздери м-н туташат. Аянты 422 миң <i>км</i><sup>2</sup>. Суусунун көлөмү 547 миң <i>км</i><sup>3</sup>. Орт. тереңдиги 1300 <i>м</i>, эң терең жери 2210 <i>м</i>. Батыш ж-а түн.- батыш жээктери жапыз, чыгышы ж-а түш. жээ&shy;ги Чоң ж-а Кичи Кавказ, Понт тоолоруна така&shy;лат. Ири булуңдары: Каркинит, Каламит, Днепр, Буг ж-а Днестр лимандары (түн.-батыш жээк&shy;теринде), Синоп, Самсун (түш.). Эң ири ж-а жал&shy;гыз жарым аралы – Крымдын түш. жээги тоо&shy;луу. Аралдары аз; эң ирилери: Березань, Змеи&shy;ный.<br>
<b type='title'>КАРА ДЕҢИЗ</b> – Атлантика океанынын жер ор&shy;толук деңизи; Россия, Украина, Румыния, Бол&shy;гария, Түркия ж-а Грузиянын жээктерин чул&shy;гайт. Батыштан чыгышка 1150 <i>км</i>ге, түндүк&shy;төн түштүккө 580 <i>км</i>ге созулат; эң кууш жери 265 <i>км</i>. Керчь кысыгы аркылуу Азов, Босфор кысыгы аркылуу Мрамор деңиздери, андан ары Дарданелл кысыктары аркылуу Эгей, Жер орто&shy;лук деңиздери м-н туташат. Аянты 422 миң <i>км</i><sup>2</sup>. Суусунун көлөмү 547 миң <i>км</i><sup>3</sup>. Орточо тереңдиги 1300 <i>м</i>, эң терең жери 2210 <i>м</i>. Батыш ж-а түндүк - батыш жээктери жапыз, чыгышы ж-а түштүк жээ&shy;ги Чоң ж-а Кичи Кавказ, Понт тоолоруна така&shy;лат. Ири булуңдары: Каркинит, Каламит, Днепр, Буг ж-а Днестр лимандары (түндүк-батыш жээк&shy;теринде), Синоп, Самсун (түштүк). Эң ири ж-а жал&shy;гыз жарым аралы – Крымдын түштүк жээги тоо&shy;луу. Аралдары аз; эң ирилери: Березань, Змеи&shy;ный.<br>Кара деңиз болжол м-н палеогендин аягынан нео&shy;ген, антропоген мезгилдеринде калыптана баш&shy;таган. Пайда болуу процессинин 1-стадиясында Каспий м-н бирге болгон. Палеогенден мурда&shy;раак Кавказ тоолору көтөрүлүп, Кара деңизди Каспий&shy;ден бөлгөн. Кара деңиз геологиялык өнүгүү тарыхында Жер ортолук деңизден бир нече жолу бөлүнгөн. Та&shy;манынын рельефинде шельф, материктик кап-
К. д. болжол м-н палеогендин аягынан нео&shy;ген, антропоген мезгилдеринде калыптана баш&shy;таган. Пайда болуу процессинин 1-стадиясында Каспий м-н бирге болгон. Палеогенден мурда&shy;раак Кавказ тоолору көтөрүлүп, К. д. Каспий&shy;ден бөлгөн. К. д. геол. өнүгүү тарыхында Жер ортолук деңизден бир нече жолу бөлүнгөн. Та&shy;манынын рельефинде шельф, материктик кап-






[[File:КАРА ДЕҢИЗ8.png | thumb | Кавказдын Кара деңиз жээги.]]
[[File:КАРА ДЕҢИЗ8.png | thumb | Кавказдын Кара деңиз жээги.]]
тал, терең чуңкурдук өзгөчөлөнүп турат. Шельф&shy;тин эң жазы жери (200 <i>км</i>ден ашат) деңиздин
тал, терең чуңкурдук өзгөчөлөнүп турат. Шельф&shy;тин эң жазы жери (200 <i>км</i>ден ашат) деңиздин түндүк-батыш бөлүгүндө, тереңдиги 110–160 <i>м</i>ге жетет; калган бөлүктөрүндө адатта тереңдиги 110 <i>м</i>ге чейин, жазылыгы 10–15 <i>км</i>ден 2,5 <i>км</i>ге чейин (Түркиянын жээктеринде). Материктик каптал суу астындагы чуңкурдуктар ж-а каньон&shy;дор м-н өтө тилмеленген. Синоп м-н Самсундун аралыгында (150 <i>км</i>ден ашык аралыкта) суу ас&shy;тындагы кырка тоолордун системасы созулуп жатат. Чуңкурдуктун таманы аккумуляциялык жайпак түздүк, ал борборун карай 2000 <i>м</i> ж-а андан ашык тереңдейт (деңиздин эң терең жери 2211 <i>м</i>). Деңиз чанагынын басымдуу бөлүгү Альп геосинклиналдык бүктөлүү аймагында жай&shy;гашкан. Чуңкурдуктун таманы эки катмардан турат: чөкмө тектүү ж-а базальттуу; чөкмө тектүү катмардын калыңдыгы 10–16 <i>км</i>. Чуңкурдук&shy;тун борбордук бөлүгүндөгү жер кыртышынын ка&shy;лыңдыгы 22–25 <i>км</i>, чет-жакасында «базальт&shy;тын» үстүндөгү гранит катмарыныкы 30–35 <i>км</i>. Кара деңиздин түндүк-батыш шельфтүү бөлүгү Чыгыш Европа платформасынын түштүк четин ж-а эпи&shy;палеозойдук Скиф платформасын камтыйт. Негизги кен байлыктары: нефть ж-а газ (чуңкур&shy;дуктун түндүк-батышында), титан-магнетиттүү кум чачындысы (Тамань, Кавказдын жээктери). Деңизге Дунай, Днестр, Түштүк Буг, Днепр, Рио&shy;ни, Кызыл-Ырмак дарыялары куят. Деңиз кургактык м-н курчалып тургандыктан, климаты конти&shy;ненттик. Түндүк бөлүгү мелүүн алкакта жатат; кышы жумшак, жайы жылуу. Түштүк бөлүгү жер ортолук деңиз тибиндеги субтропиктик климат алкагында жаткандыктан, кышы жылуу, жаан-&shy;чачын арбын жаайт, жайы ысык, кургакчыл. Кышында Кара деңиздин климатына Азия антицик&shy;лонунун бир тармагынын таасиринен түндүк-чы&shy;гыш ж-а чыгыштан соккон муздак шамал, ай&shy;рыкча Кавказ жээктеринин түндүк бөлүгүндө катуу болот. Жогорку басымдын басаңдашы Кара деңиздеги циклондун күчөшүнө ж-а түштүктөн жы&shy;луу агымдын киришине алып келет. Январда&shy;гы орточо температурасы түндүк-батышында –2,6––3°С, Крымдын түштүк жээгинде 3,7°С, түштүк-чыгышын&shy;да ж-а түштүгүндө 6–9°С, батышында –1°Сден
түн.-батыш бөлүгүндө, тереңдиги 110–160 <i>м</i>ге
4°Сге чейин. Эң төмөнкү температура Кара деңиздин түндүк бөлүгүндө –25°Сден –30°Сге чейин жетет. Жа&shy;йында Азор антициклону басымдуулук кылып, күн ачык ж-а жылуу болуп, шамал анча бол&shy;бойт. Июлда абанын орточо температурасы 22–25°С, эң жогорку температура 35–37°Сге жетет. Жылдык жаан-чачыны батыш ж-а түндүк-батышында 300–500 <i>мм</i>, чыгыш ж-а түштүк-чыгышында 1500–2500 <i>мм</i>. Жайында өтө катуу куюн (смерч) да болот. Атмосферанын циклондук айлануусу ж-а ма&shy;териктен куйган дарыялар деңиз үстүндөгү суу&shy;нун циклондук айлануусун пайда кылат. Суу бетинин температурасы кышында 6–8°С, Керчь кы&shy;сыгынан түндүк-батышты ж-а түштүктү карай 0,5°Сге чейин төмөндөп, жайында суусунун температу&shy;расы 25°Сден жогору болот. Туздуулугу 18‰ ча&shy;масында, дарыя чаттарында 3–9‰. Кышында Кара деңиздин түндүк-батыш ж-а түндүк-чыгыш бөлүктөрүн&shy;дөгү булуңдарда муз тоңот. Деңиздин терең катмарында (150 <i>м</i>ден төмөн) суунун курамын&shy;да күкүрттүү суутек арбын, ал деңиз түбүндө 11–14 <i>мг/л</i>ге жетет. Ошого байланыштуу Кара деңиздин терең бөлүктөрүндө тирүү организм (бактерия&shy;лардан башкасы) кездешпейт. Тюлень ж-а дель&shy;фин бар. Балык (хамса, ставрида, скумбрия, пе&shy;ламида, шпрот, осётр ж. б.) кармалат. Ири порт&shy;тору: Одесса, Севастополь (Украина), Ильичёвск, Новороссийск, Туапсе (Россия), Поти, Батуми (Грузия), Констанца (Румыния), Бургас, Варна (Болгария), Трабзон, Самсун, Зонгулдак (Түр&shy;кия). Жээктеринде курорттор көп: Крымдын Түштүк жээги (Украина), Кавказдын Кара деңиз жээги (Абхазия, Грузия), Алтын Кум, Күнөстүү Жээк (Болгария) ж. б.
жетет; калган бөлүктөрүндө адатта тереңдиги 110 <i>м</i>ге чейин, жазылыгы 10–15 <i>км</i>ден 2,5 <i>км</i>ге
чейин (Түркиянын жээктеринде). Материктик каптал суу астындагы чуңкурдуктар ж-а каньон&shy;дор м-н өтө тилмеленген. Синоп м-н Самсундун аралыгында (150 <i>км</i>ден ашык аралыкта) суу ас&shy;тындагы кырка тоолордун системасы созулуп жатат. Чуңкурдуктун таманы аккумуляциялык жайпак түздүк, ал борборун карай 2000 <i>м</i> ж-а андан ашык тереңдейт (деңиздин эң терең жери 2211 <i>м</i>). Деңиз чанагынын басымдуу бөлүгү Альп геосинклиналдык бүктөлүү аймагында жай&shy;гашкан. Чуңкурдуктун таманы эки катмардан турат: чөкмө тектүү ж-а базальттуу; чөкмө тектүү
катмардын калыңдыгы 10–16 <i>км</i>. Чуңкурдук&shy;тун борб. бөлүгүндөгү жер кыртышынын ка&shy;лыңдыгы 22–25 <i>км</i>, чет-жакасында «базальт&shy;тын» үстүндөгү гранит катмарыныкы 30–35 <i>км</i>.
К. д-дин түн.-батыш шельфтүү бөлүгү Чыгыш Европа платформасынын түш. четин ж-а эпи&shy;палеозойдук Скиф платформасын камтыйт. Негизги кен байлыктары: нефть ж-а газ (чуңкур&shy;дуктун түн.-батышында), титан-магнетиттүү кум
чачындысы (Тамань, Кавказдын жээктери). Деңизге Дунай, Днестр, Түш. Буг, Днепр, Рио&shy;ни, Кызыл-Ырмак д. куят. Деңиз кургактык м-н курчалып тургандыктан, климаты конти&shy;ненттик. Түн. бөлүгү мелүүн алкакта жатат; кышы жумшак, жайы жылуу. Түш. бөлүгү жер ортолук деңиз тибиндеги субтропиктик климат алкагында жаткандыктан, кышы жылуу, жаан&shy;чачын арбын жаайт, жайы ысык, кургакчыл. Кышында К. д-дин климатына Азия антицик&shy;лонунун бир тармагынын таасиринен түн.-чы&shy;гыш ж-а чыгыштан соккон муздак шамал, ай&shy;рыкча Кавказ жээктеринин түн. бөлүгүндө катуу болот. Жогорку басымдын басаңдашы К. д-деги циклондун күчөшүнө ж-а түштүктөн жы&shy;луу агымдын киришине алып келет. Январда&shy;гы орт. темп-расы түн.-батышында –2,6––3°С,
Крымдын түш. жээгинде 3,7°С, түш.-чыгышын&shy;да ж-а түштүгүндө 6–9°С, батышында –1°Сден
4°Сге чейин. Эң төмөнкү темп-ра К. д-дин түн. бөлүгүндө –25°Сден –30°Сге чейин жетет. Жа&shy;йында Азор антициклону басымдуулук кылып, күн ачык ж-а жылуу болуп, шамал анча бол&shy;бойт. Июлда абанын орт. темп-расы 22–25°С,
эң жогорку темп-ра 35–37°Сге жетет. Жылдык
жаан-чачыны батыш ж-а түн.-батышында 300–
500 <i>мм</i>, чыгыш ж-а түш.-чыгышында 1500–
2500 <i>мм</i>. Жайында өтө катуу куюн (смерч) да болот. Атм-нын циклондук айлануусу ж-а ма&shy;териктен куйган дарыялар деңиз үстүндөгү суу&shy;нун циклондук айлануусун пайда кылат. Суу
бетинин темп-расы кышында 6–8°С, Керчь кы&shy;сыгынан түн.-батышты ж-а түштүктү карай 0,5°Сге чейин төмөндөп, жайында суусунун темп&shy;расы 25°Сден жогору болот. Туздуулугу 18‰ ча&shy;масында, дарыя чаттарында 3–9‰. Кышында
К. д-дин түн.-батыш ж-а түн.-чыгыш бөлүктөрүн&shy;дөгү булуңдарда муз тоңот. Деңиздин терең катмарында (150 <i>м</i>ден төмөн) суунун курамын&shy;да күкүрттүү суутек арбын, ал деңиз түбүндө 11–
14 <i>мг/л</i>ге жетет. Ошого байланыштуу К. д-дин терең бөлүктөрүндө тирүү организм (бактерия&shy;лардан башкасы) кездешпейт. Тюлень ж-а дель&shy;фин бар. Балык (хамса, ставрида, скумбрия, пе&shy;ламида, шпрот, осётр ж. б.) кармалат. Ири порт&shy;тору: Одесса, Севастополь (Украина), Ильичёвск, Новороссийск, Туапсе (Россия), Поти, Батуми (Грузия), Констанца (Румыния), Бургас, Варна (Болгария), Трабзон, Самсун, Зонгулдак (Түр&shy;кия). Жээктеринде курорттор көп: Крымдын Түш. жээги (Украина), Кавказдын Кара деңиз жээги (Абхазия, Грузия), Алтын Кум, Күнөстүү Жээк (Болгария) ж. б.
 


Ад.: <i>Еремеева Е.</i> Черноморье. Симферополь, 1965; <i>Филиппов Д. М.</i> Циркуляция и структура вод Черного моря. М., 1968; <i>Кузьминская Г. Г.</i> Черное море. 6-е изд. Краснодар, 1977; Физическая география матери&shy;ков и океанов /Под ред. Рябчикова. М., 1988.
Ад.: <i>Еремеева Е.</i> Черноморье. Симферополь, 1965; <i>Филиппов Д. М.</i> Циркуляция и структура вод Черного моря. М., 1968; <i>Кузьминская Г. Г.</i> Черное море. 6-е изд. Краснодар, 1977; Физическая география матери&shy;ков и океанов /Под ред. Рябчикова. М., 1988.
27 сап: 11 сап:
<p align='right'><i type='author'>Ж. Чуңгулов.</i></p>
<p align='right'><i type='author'>Ж. Чуңгулов.</i></p>
[[Категория:4-том, 101-153 бб]]
[[Категория:4-том, 101-153 бб]]

05:04, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы

КАРА ДЕҢИЗ – Атлантика океанынын жер ор­толук деңизи; Россия, Украина, Румыния, Бол­гария, Түркия ж-а Грузиянын жээктерин чул­гайт. Батыштан чыгышка 1150 кмге, түндүк­төн түштүккө 580 кмге созулат; эң кууш жери 265 км. Керчь кысыгы аркылуу Азов, Босфор кысыгы аркылуу Мрамор деңиздери, андан ары Дарданелл кысыктары аркылуу Эгей, Жер орто­лук деңиздери м-н туташат. Аянты 422 миң км2. Суусунун көлөмү 547 миң км3. Орточо тереңдиги 1300 м, эң терең жери 2210 м. Батыш ж-а түндүк - батыш жээктери жапыз, чыгышы ж-а түштүк жээ­ги Чоң ж-а Кичи Кавказ, Понт тоолоруна така­лат. Ири булуңдары: Каркинит, Каламит, Днепр, Буг ж-а Днестр лимандары (түндүк-батыш жээк­теринде), Синоп, Самсун (түштүк). Эң ири ж-а жал­гыз жарым аралы – Крымдын түштүк жээги тоо­луу. Аралдары аз; эң ирилери: Березань, Змеи­ный.
Кара деңиз болжол м-н палеогендин аягынан нео­ген, антропоген мезгилдеринде калыптана баш­таган. Пайда болуу процессинин 1-стадиясында Каспий м-н бирге болгон. Палеогенден мурда­раак Кавказ тоолору көтөрүлүп, Кара деңизди Каспий­ден бөлгөн. Кара деңиз геологиялык өнүгүү тарыхында Жер ортолук деңизден бир нече жолу бөлүнгөн. Та­манынын рельефинде шельф, материктик кап-


Кавказдын Кара деңиз жээги.

тал, терең чуңкурдук өзгөчөлөнүп турат. Шельф­тин эң жазы жери (200 кмден ашат) деңиздин түндүк-батыш бөлүгүндө, тереңдиги 110–160 мге жетет; калган бөлүктөрүндө адатта тереңдиги 110 мге чейин, жазылыгы 10–15 кмден 2,5 кмге чейин (Түркиянын жээктеринде). Материктик каптал суу астындагы чуңкурдуктар ж-а каньон­дор м-н өтө тилмеленген. Синоп м-н Самсундун аралыгында (150 кмден ашык аралыкта) суу ас­тындагы кырка тоолордун системасы созулуп жатат. Чуңкурдуктун таманы аккумуляциялык жайпак түздүк, ал борборун карай 2000 м ж-а андан ашык тереңдейт (деңиздин эң терең жери 2211 м). Деңиз чанагынын басымдуу бөлүгү Альп геосинклиналдык бүктөлүү аймагында жай­гашкан. Чуңкурдуктун таманы эки катмардан турат: чөкмө тектүү ж-а базальттуу; чөкмө тектүү катмардын калыңдыгы 10–16 км. Чуңкурдук­тун борбордук бөлүгүндөгү жер кыртышынын ка­лыңдыгы 22–25 км, чет-жакасында «базальт­тын» үстүндөгү гранит катмарыныкы 30–35 км. Кара деңиздин түндүк-батыш шельфтүү бөлүгү Чыгыш Европа платформасынын түштүк четин ж-а эпи­палеозойдук Скиф платформасын камтыйт. Негизги кен байлыктары: нефть ж-а газ (чуңкур­дуктун түндүк-батышында), титан-магнетиттүү кум чачындысы (Тамань, Кавказдын жээктери). Деңизге Дунай, Днестр, Түштүк Буг, Днепр, Рио­ни, Кызыл-Ырмак дарыялары куят. Деңиз кургактык м-н курчалып тургандыктан, климаты конти­ненттик. Түндүк бөлүгү мелүүн алкакта жатат; кышы жумшак, жайы жылуу. Түштүк бөлүгү жер ортолук деңиз тибиндеги субтропиктик климат алкагында жаткандыктан, кышы жылуу, жаан-­чачын арбын жаайт, жайы ысык, кургакчыл. Кышында Кара деңиздин климатына Азия антицик­лонунун бир тармагынын таасиринен түндүк-чы­гыш ж-а чыгыштан соккон муздак шамал, ай­рыкча Кавказ жээктеринин түндүк бөлүгүндө катуу болот. Жогорку басымдын басаңдашы Кара деңиздеги циклондун күчөшүнө ж-а түштүктөн жы­луу агымдын киришине алып келет. Январда­гы орточо температурасы түндүк-батышында –2,6––3°С, Крымдын түштүк жээгинде 3,7°С, түштүк-чыгышын­да ж-а түштүгүндө 6–9°С, батышында –1°Сден 4°Сге чейин. Эң төмөнкү температура Кара деңиздин түндүк бөлүгүндө –25°Сден –30°Сге чейин жетет. Жа­йында Азор антициклону басымдуулук кылып, күн ачык ж-а жылуу болуп, шамал анча бол­бойт. Июлда абанын орточо температурасы 22–25°С, эң жогорку температура 35–37°Сге жетет. Жылдык жаан-чачыны батыш ж-а түндүк-батышында 300–500 мм, чыгыш ж-а түштүк-чыгышында 1500–2500 мм. Жайында өтө катуу куюн (смерч) да болот. Атмосферанын циклондук айлануусу ж-а ма­териктен куйган дарыялар деңиз үстүндөгү суу­нун циклондук айлануусун пайда кылат. Суу бетинин температурасы кышында 6–8°С, Керчь кы­сыгынан түндүк-батышты ж-а түштүктү карай 0,5°Сге чейин төмөндөп, жайында суусунун температу­расы 25°Сден жогору болот. Туздуулугу 18‰ ча­масында, дарыя чаттарында 3–9‰. Кышында Кара деңиздин түндүк-батыш ж-а түндүк-чыгыш бөлүктөрүн­дөгү булуңдарда муз тоңот. Деңиздин терең катмарында (150 мден төмөн) суунун курамын­да күкүрттүү суутек арбын, ал деңиз түбүндө 11–14 мг/лге жетет. Ошого байланыштуу Кара деңиздин терең бөлүктөрүндө тирүү организм (бактерия­лардан башкасы) кездешпейт. Тюлень ж-а дель­фин бар. Балык (хамса, ставрида, скумбрия, пе­ламида, шпрот, осётр ж. б.) кармалат. Ири порт­тору: Одесса, Севастополь (Украина), Ильичёвск, Новороссийск, Туапсе (Россия), Поти, Батуми (Грузия), Констанца (Румыния), Бургас, Варна (Болгария), Трабзон, Самсун, Зонгулдак (Түр­кия). Жээктеринде курорттор көп: Крымдын Түштүк жээги (Украина), Кавказдын Кара деңиз жээги (Абхазия, Грузия), Алтын Кум, Күнөстүү Жээк (Болгария) ж. б.

Ад.: Еремеева Е. Черноморье. Симферополь, 1965; Филиппов Д. М. Циркуляция и структура вод Черного моря. М., 1968; Кузьминская Г. Г. Черное море. 6-е изд. Краснодар, 1977; Физическая география матери­ков и океанов /Под ред. Рябчикова. М., 1988.

Ж. Чуңгулов.