КИРГИЗГИЧ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
04:50, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы
КИРГИЗГИЧ (англ. Input device) и н ф о р м а т ик а д а – берилиштерди компьютерге киргизүүчү түзүлүш. Кеңири таралган К-ке баскыч топ (клавиатура) тактасы (keyboard) ж-а «чычкан» (mouse) кирет. Клавиатура аркылуу киргизилген берилиштер убактылуу компьютер эсинде сакталат ж-а монитордо көрсөтүлөт. «Чычкан» экранга чагылдырылган «чычкан» көрсөткүчү же курсор (жылгыч – pointer) деп аталган кичине символду жылдыруу үчүн колдонулат. Жылгыч түрдүү көрүнүштөргө ээ, көп учурда жебе түрүндө көрүнөт. Мис., кол жазманы К. – баскыч топ тактасы аркылуу эмес кол м-н жазылган текстти киргизүүчү түзүлүш. Планшеттен сырткары жазуу үчүн үч өлчөмдүү графиктерди түзүү же автоматташтырылган долбоорлоодо колдонулган графиктик планшеттерди пайдалануу каралган. Мындан сырткары кол жазма үчүн «чычканды» колдонуу мүмкүнчүлүгү да бар.