КИПЛИНГ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

04:50, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы

КИ́ПЛИНГ Жозеф Редьярд (30. 12. 1865, Бом­бей – 18. 1. 1936, Лондон) – англ. жазуучу, жур­налист. Нобель сыйл. лауреаты (1907). 1882– 89-ж. Индияда жашаган. К-дин атагын «Ка­зарма ырлары» (1892), «Жети деңиз» (1896), «Беш улут» (1903) деген ыр жыйнактары чы­гарган. К. – «Жарык өчтү» (1890), «Ким» (1901) романдарынын, Мауглинин айбандар арасында­гы турмушу ж-дө аңгемелердин («Жаңгел ките­би», 1894; «Жаңгелдин экинчи китеби», 1895) автору. Ал элдик балладаларга жакын ырлар­ды жазган. Айрым чыгармалары кыргыз тили­не которулган.


Чыг.: Рассказы. Стихи. Сказки. М., 1989.