КИПАРИС: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
04:50, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы
КИПАРИ́С – (Cupressus) – кипаристер тукумунун дайыма жашыл бадал же дарактар уруусу. Жалбырагы майда, түрпүдөй, өркүнгө жабышып өсөт, чайырлуу бездери бар, жашыл же көгүш түстө. Тобурчагы тоголок, жыгачтуу, көп кырлуу калкан сымал түрпүлөрү бышканда бир аз ачылат. Уругу жалпак, канатчалуу. К. кооз бак катары аллея жана токойлорго отургузулат. Ай-

рык ча п ирам ида сымал түрчөсү көп
өстүрүлөт. Уругу жана калемчеси, кыйыштыруу менен көбөйөт. К-тин 15–20дай түрү белгилүү. Евразия, Түн. Африка жана Түн. Американын мелүүн, жылуу алкактарында кездешет. КМШ өлкөлөрүндө 11 түрү, Крымда, Кавказдын кара деңиз жээк те ринде , О. Азиянын айрым райондорунда өсөт, дайым жашыл. К. бат өсөт, кургакчылыкка байымдуу. Анын бийикт. 30 мге, жоондугу 60 смге жетип, 200 ж. чейин өсөт (Крымда 100 ж. чейин). Жыгачы жеңил, жумшак, буюм жасоодо пайдаланылат.