БЫЛИНАЛАР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''БЫЛИНАЛАР ''' – орус элинин эпостук ыр-дастандары. Орус фольклорунун башка жанрларына караганда Былиналар негизинен XI–XVI кылымдарда жашаган тарыхый адамдар менен окуяларды чагылдырган. Орус фольклористтери мазмуну жагынан баатырдык Былиналар жана тарыхый-турмуштук Былиналар деп эки топко бөлүшөт. Былиналарда сюжеттин негизинде реалдуу турмуш сүрөттөлөт, ошондой эле тарыхый чындык, ар кандай эпикалык чыгармаларга мүнөздүү болгон фантастика, ойдон чыгаруу менен коштолуп турат. Ошондуктан орус Былиналары жөнүндө эки түрдүү көз караш бар: 1. Сюжеттик мазмунуна көп катмарлуу тарыхый окуяларды, ар түрдүү тарыхый мезгилди сиӊирип, камтып сүрөттөйт (В. Я. Пропп). 2. Конкреттүү тарыхый окуяны, конкреттүү адамдардын тагдырын чагылдырат (Б. А. Рыбаков). Бул көз караштар Былиналардын реалдуу жана тарыхый негиздерин жокко чыгарбастан, бири-бирин толуктайт жана тереӊдетет. Былиналар Киев жана Новгород Былиналары деген эки топко бөлүнөт. Киев циклине баатырлардын моӊгол-татарлар менен болгон согушун көрсөткөн баатырдык ырлары топтолгон (мисалы, Илья Муромец, Добрыня Никитич, Алёша Попович жана башкалар). Новгород циклине новеллалык, каада-салт, махабат ырлары кирет (мисалы, «Василий Буслаев», «Садко» жана башкалар). Былиналарды изилдөөнү В. Г. ''Белинский'' баштаган. Н. И. ''Добролюбов'' жана башкалар улантышкан. М. ''Горький'' Былиналарды жогору баалаган.
'''БЫЛИНАЛАР ''' – орус элинин эпостук ыр-дастандары. Орус фольклорунун башка жанрларына караганда Былиналар негизинен XI–XVI кылымдарда жашаган тарыхый адамдар менен окуяларды чагылдырган. Орус фольклористтери мазмуну жагынан баатырдык былиналар жана тарыхый-турмуштук былиналар деп эки топко бөлүшөт. Былиналарда сюжеттин негизинде реалдуу турмуш сүрөттөлөт, ошондой эле тарыхый чындык, ар кандай эпикалык чыгармаларга мүнөздүү болгон фантастика, ойдон чыгаруу менен коштолуп турат. Ошондуктан орус былиналары жөнүндө эки түрдүү көз караш бар: 1. Сюжеттик мазмунуна көп катмарлуу тарыхый окуяларды, ар түрдүү тарыхый мезгилди сиӊирип, камтып сүрөттөйт (В. Я. Пропп). 2. Конкреттүү тарыхый окуяны, конкреттүү адамдардын тагдырын чагылдырат (Б. А. Рыбаков). Бул көз караштар былиналардын реалдуу жана тарыхый негиздерин жокко чыгарбастан, бири-бирин толуктайт жана тереӊдетет. Былиналар Киев жана Новгород былиналары деген эки топко бөлүнөт. Киев циклине баатырлардын моӊгол-татарлар менен болгон согушун көрсөткөн баатырдык ырлары топтолгон (мисалы, Илья Муромец, Добрыня Никитич, Алёша Попович жана башкалар). Новгород циклине новеллалык, каада-салт, махабат ырлары кирет (мисалы, «Василий Буслаев», «Садко» жана башкалар).XVIII кылымдын 2-жарымында биринчи жолу былина обону менен жыйнак болуп түзүлгөн. Түндүктө айрым айтуучулар тарабынан жеке аткарылат. Ал эми кээ бир жерлерде эки-үч айтуучулар болот. Дондук, Уралдык, Терскилик казактар жана Воронеж облусунда ырчылар хор менен аткарышат. Түндүктүк айтуучулар адатта былиналардын бир нече тектерин 2-3 обондо айтышат. Түштүктөгүлөрдүн ар бир тексти өзгөчө обон, көбүнчө лирикалык созулмалуу ырлардай, 2–3 үндүү хор менен аткарышат. Былина обондору классик композиторлордун операларына (мисалы, «Борис Годунов», «Садко» жана башкаларда) пайдаланылган.
 
Былиналарды изилдөөнү В. Г. ''Белинский'' баштаган. Н. И. ''Добролюбов'' жана башкалар улантышкан. М. ''Горький'' былиналарды жогору баалаган.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

11:32, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы

БЫЛИНАЛАР – орус элинин эпостук ыр-дастандары. Орус фольклорунун башка жанрларына караганда Былиналар негизинен XI–XVI кылымдарда жашаган тарыхый адамдар менен окуяларды чагылдырган. Орус фольклористтери мазмуну жагынан баатырдык былиналар жана тарыхый-турмуштук былиналар деп эки топко бөлүшөт. Былиналарда сюжеттин негизинде реалдуу турмуш сүрөттөлөт, ошондой эле тарыхый чындык, ар кандай эпикалык чыгармаларга мүнөздүү болгон фантастика, ойдон чыгаруу менен коштолуп турат. Ошондуктан орус былиналары жөнүндө эки түрдүү көз караш бар: 1. Сюжеттик мазмунуна көп катмарлуу тарыхый окуяларды, ар түрдүү тарыхый мезгилди сиӊирип, камтып сүрөттөйт (В. Я. Пропп). 2. Конкреттүү тарыхый окуяны, конкреттүү адамдардын тагдырын чагылдырат (Б. А. Рыбаков). Бул көз караштар былиналардын реалдуу жана тарыхый негиздерин жокко чыгарбастан, бири-бирин толуктайт жана тереӊдетет. Былиналар Киев жана Новгород былиналары деген эки топко бөлүнөт. Киев циклине баатырлардын моӊгол-татарлар менен болгон согушун көрсөткөн баатырдык ырлары топтолгон (мисалы, Илья Муромец, Добрыня Никитич, Алёша Попович жана башкалар). Новгород циклине новеллалык, каада-салт, махабат ырлары кирет (мисалы, «Василий Буслаев», «Садко» жана башкалар).XVIII кылымдын 2-жарымында биринчи жолу былина обону менен жыйнак болуп түзүлгөн. Түндүктө айрым айтуучулар тарабынан жеке аткарылат. Ал эми кээ бир жерлерде эки-үч айтуучулар болот. Дондук, Уралдык, Терскилик казактар жана Воронеж облусунда ырчылар хор менен аткарышат. Түндүктүк айтуучулар адатта былиналардын бир нече тектерин 2-3 обондо айтышат. Түштүктөгүлөрдүн ар бир тексти өзгөчө обон, көбүнчө лирикалык созулмалуу ырлардай, 2–3 үндүү хор менен аткарышат. Былина обондору классик композиторлордун операларына (мисалы, «Борис Годунов», «Садко» жана башкаларда) пайдаланылган.

Былиналарды изилдөөнү В. Г. Белинский баштаган. Н. И. Добролюбов жана башкалар улантышкан. М. Горький былиналарды жогору баалаган.