КАППАДОКИЯ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАППАДО́КИЯ</b> ( | <b type='title'>КАППАДО́КИЯ</b> (грекче kappadokia) – Кичи Азия­нын батышында (азыркы Түркия аймагында) жайгашкан байыркы аймак. Каппадокиянын алгачкы жа­шоочулары өздөрүн хатталар деп атаган. Биздин заманга чейинки 3-миң жылдыктын орто ченинде түндүк-батыш та­раптан Каппадокияга индиевропалык уруулар басып кире баш­таган. Биздин заманга чейинки XX–XIX кылымдарда Каппадокияда ассириялык соо­да колониялары болгон. XIX кылымдын 80-жылда­рында Каппадокиянын аймагынан капподиниялык так­талар деп аталган байыркы сириялык Канес ко­лониясынын архивинен материалдар табылган (Түркиянын Күлтепе деген жеринде). Биздин заманга чейинки 2-миң жылдыкта Каппадокия аймагы Хетт падышалыгы­нын өзөгү болгон. Биздин заманга чейинки 6-кылымдын башында Каппадокияны Мидия басып алып, ал эми VI кылымдын 2-жарымынан Ахемениддер падышалыгынын бир бөлүгү болуп калат. Биздин заманга чейинки IV кылымда Каппадокия Александр Македонскийдин мамлекетине карап, кийин Се- | ||
(Түркиянын Күлтепе деген жеринде). | |||
миң жылдыкта | |||
[[File:КАППАДОКИЯ39.png | thumb | Каппадокия эстеликтеринин жалпы көрүнүшү.]] | [[File:КАППАДОКИЯ39.png | thumb | Каппадокия эстеликтеринин жалпы көрүнүшү.]] | ||
левкиддерге баш иет. | левкиддерге баш иет. Биздин заманга чейинки III–I кылымдардын орто­сунда Каппадокияда өз алдынча падышалык болуп, бор­бору Кайсери болгон (аты бүгүн да сакталып калган). Биздин заманга чейинки I кылымда (биздин замандын XVII кылымынан) Римге баш ийип, Византия империясынын курамына кирет. 1074-жылы бул аймакты түрк-сельжуктар басып алат. XIV кылымдын аягында Осмон империя­сынын бийлигине өткөн. Учурда Түркиянын Невшехир илиндеги (вилайетинде) Гёреме кыштагы­нын жанынан өткөн узун өрөөндү бойлой көп сандаган үңкүр жайлар, христиан монастыр­лары (чиркөөлөр, капеллалар, крипттер, усы­пальницалар, тамак ичүүчү бөлмөлөрү, келья­лар) тарыхый эстелик катары музейлерге ай­ланып, туристтердин кызыгып көрө турган жайларынын бири. Гёреме улуттук паркы жана аскалуу эстеликтер <i>Бүткүл дүйнөлүк мурастын</i> тизмесине кирген. | ||
<p align='right'><i type='author'>Ч. Жумагулов.</i></p> | <p align='right'><i type='author'>Ч. Жумагулов.</i></p> | ||
[[Категория:4-том, 51-100 бб]] | [[Категория:4-том, 51-100 бб]] | ||
09:01, 7 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАППАДО́КИЯ (грекче kappadokia) – Кичи Азиянын батышында (азыркы Түркия аймагында) жайгашкан байыркы аймак. Каппадокиянын алгачкы жашоочулары өздөрүн хатталар деп атаган. Биздин заманга чейинки 3-миң жылдыктын орто ченинде түндүк-батыш тараптан Каппадокияга индиевропалык уруулар басып кире баштаган. Биздин заманга чейинки XX–XIX кылымдарда Каппадокияда ассириялык соода колониялары болгон. XIX кылымдын 80-жылдарында Каппадокиянын аймагынан капподиниялык такталар деп аталган байыркы сириялык Канес колониясынын архивинен материалдар табылган (Түркиянын Күлтепе деген жеринде). Биздин заманга чейинки 2-миң жылдыкта Каппадокия аймагы Хетт падышалыгынын өзөгү болгон. Биздин заманга чейинки 6-кылымдын башында Каппадокияны Мидия басып алып, ал эми VI кылымдын 2-жарымынан Ахемениддер падышалыгынын бир бөлүгү болуп калат. Биздин заманга чейинки IV кылымда Каппадокия Александр Македонскийдин мамлекетине карап, кийин Се-

левкиддерге баш иет. Биздин заманга чейинки III–I кылымдардын ортосунда Каппадокияда өз алдынча падышалык болуп, борбору Кайсери болгон (аты бүгүн да сакталып калган). Биздин заманга чейинки I кылымда (биздин замандын XVII кылымынан) Римге баш ийип, Византия империясынын курамына кирет. 1074-жылы бул аймакты түрк-сельжуктар басып алат. XIV кылымдын аягында Осмон империясынын бийлигине өткөн. Учурда Түркиянын Невшехир илиндеги (вилайетинде) Гёреме кыштагынын жанынан өткөн узун өрөөндү бойлой көп сандаган үңкүр жайлар, христиан монастырлары (чиркөөлөр, капеллалар, крипттер, усыпальницалар, тамак ичүүчү бөлмөлөрү, кельялар) тарыхый эстелик катары музейлерге айланып, туристтердин кызыгып көрө турган жайларынын бири. Гёреме улуттук паркы жана аскалуу эстеликтер Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген.
Ч. Жумагулов.