КАПКА-ТАШ КЫРКА ТООСУ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАПКА-ТАШ КЫРКА ТООСУ</b> Ички Теңир-Тоо­до, Кичи Нарын ж-а Сары-Күнгөй (Оорук-Там) м-н Кара-Саз, Солтон-Сары ж-а Көк-Торпок тек­ | <b type='title'>КАПКА-ТАШ КЫРКА ТООСУ</b> Ички Теңир-Тоо­до, Кичи Нарын ж-а Сары-Күнгөй (Оорук-Там) м-н Кара-Саз, Солтон-Сары ж-а Көк-Торпок тек­тоникалык өрөөндөрүнүн аралыгында. Нарын районунун аймагында. Узундугу 40 <i>км</i>. Эң жазы жери 10 <i>км</i>. | ||
Орточо бийиктиги 3500 <i>м</i>, эң бийик жери 4146 <i>м</i> (Кара-Кыр чокусу). Кырка тоодо кембрийдин кумдук теги, төмөнкү палеозойдун гранити ба­сымдуу. Батышы бийик, чыгышы жапыз; түн.- чыгышы өтө басаңдап, Кызыл-Мойноктун бе­линде Жылаңач тоосуна өтөт. Тоонун түндүк бети­нин тиктиги 25–40°, түштүгүнүкү 45–60°, капчы­гайлуу. Түндүк капталына токойлуу ж-а шалбаа­луу талаа (2600–3600 <i>м</i> бийикте), батышында альп шалбаасы ж-а субнивалдык чөл басымдуу. Түштүк бети каксоо, кургак талаа өсүмдүктөрү өсөт. Батыш бөлүгү нымдуу болгондуктан, ту­лаңдуу. Жайыт. | |||
чыгышы өтө басаңдап, Кызыл-Мойноктун бе­линде Жылаңач тоосуна өтөт. Тоонун | |||
альп шалбаасы ж-а субнивалдык чөл басымдуу. | |||
өсөт. Батыш бөлүгү нымдуу болгондуктан, ту­лаңдуу. Жайыт. | |||
[[Категория:4-том, 51-100 бб]] | [[Категория:4-том, 51-100 бб]] | ||
07:53, 7 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАПКА-ТАШ КЫРКА ТООСУ Ички Теңир-Тоодо, Кичи Нарын ж-а Сары-Күнгөй (Оорук-Там) м-н Кара-Саз, Солтон-Сары ж-а Көк-Торпок тектоникалык өрөөндөрүнүн аралыгында. Нарын районунун аймагында. Узундугу 40 км. Эң жазы жери 10 км.
Орточо бийиктиги 3500 м, эң бийик жери 4146 м (Кара-Кыр чокусу). Кырка тоодо кембрийдин кумдук теги, төмөнкү палеозойдун гранити басымдуу. Батышы бийик, чыгышы жапыз; түн.- чыгышы өтө басаңдап, Кызыл-Мойноктун белинде Жылаңач тоосуна өтөт. Тоонун түндүк бетинин тиктиги 25–40°, түштүгүнүкү 45–60°, капчыгайлуу. Түндүк капталына токойлуу ж-а шалбаалуу талаа (2600–3600 м бийикте), батышында альп шалбаасы ж-а субнивалдык чөл басымдуу. Түштүк бети каксоо, кургак талаа өсүмдүктөрү өсөт. Батыш бөлүгү нымдуу болгондуктан, тулаңдуу. Жайыт.