ДЕМОГРАФИЯ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДЕМОГРА́ФИЯ''' ( | '''ДЕМОГРА́ФИЯ''' (грекче demos – эл жана ...''графия'') – калктын коомдук-тарыхый шартка жараша өнүгүү мыйзам ченеми жөнүндөгү илим; коомдук илимдерге кирет. Ал негизинен калктын өсүшүн, муун алмашуусунун негизинде элдин жаӊыла­нып турушун изилдейт. Элдин саны өлүм-жи­тим, жаӊы төрөлгөндөр ж. б. натыйжасында өзгөрүп турат: айрым аймактын калкына эл кошулат (''иммиграция''), башка жакка көчүп кетет (''эмиграция''). Андан тышкары: адам үй­лөнөт, ажырашат, балалуу болот, улгаят, би­лими жогорулайт, адистиги, социалдык абалы алмашат. Демография калктын жана анын айрым топто­рунун жаӊыланышынын динамикасын демографиялык процесстерди (калктын табигый кыймыл про­цесстери) талдоо аркылуу айкындайт. Ошондой эле демография калктын курактык-жыныстык, нике жана үй­-бүлөлүк түзүлүштөгү өзгөрүүлөрүн, калк саны­нын жалпы мыйзам ченемдүү өзгөрүүлөрүн да изилдейт. Демография илиминин негиздөөчүсү англиялык илимпоз Жон Граунт (1620–74) болгон. Россия­да биринчи демографиялык эмгек Д. Бернуллиге таан­дык. Демографиялык изилдөөлөр анда жүрүп турган процесстердин тенденциялары менен факторлорун белгилүү аймакта жана түрдүү мезгилде изилдөөгө багытталган. Демография төрөлгөндөр менен өлгөндөрдүн санынын өзгөчөлүктөрүн изилдеп, прогноз түзөт. Калктын саны менен түзүлүшү жөнүндө болжолдуу жана чыныгы материалдар демографиялык саясаттын өзө­гүн түзөт. Демографияда калк жөнүндө маалыматты топтоп, аны тандап жана өзгөчө бөлүмдү (демографиялык ста­тистика) түзгөн статистикалык ыкмалар негиз­ги орунга ээ. Демографиялык процесстердин байланышы жөнүндө сандык мүнөздөмөлөр математикалык түрдүү ык­малар менен жүзөгө ашат. Ошондой эле графиктик ык­малар кеӊири колдонулат. Ал эми демографиялык про­цесстер менен айрым аймактардын түзүлүштөрүн салыштыруу картографиялык изилдөө ыкмасы аркылуу ишке ашырылат. Андан тышкары демография калкты иликтеген илимдердин изилдөөлөрүнүн жыйын­тыгы менен ыкмаларын да колдонот. Мисалы, демографиялык процесстердин социалдык мүнөздөгү аспектилери демографиянын социология, антропология жана медицина, гео­графия менен тыгыз байланышта экендигин ай­гинелейт. Калктын отурукташуусу, миграция­сы ж. б. демографиялык процесстер демографияны калк география­сы, этностук өзгөчөлүктөрү, этнография, аймак­тарда калкты отурукташтырууга багытталган изилдөөлөр – геодемография (калк география­сы менен демографиянын айкалышынан пайда болуп, гео­демографиялык абалды илимий изилдөөгө арналган жаӊы илимий багыт) менен байланыштырат. | ||
өнүгүү мыйзам ченеми | |||
өзгөрүп турат: айрым аймактын калкына эл | |||
кошулат (''иммиграция''), башка жакка көчүп кетет (''эмиграция''). Андан тышкары: адам үй­лөнөт, ажырашат, балалуу болот, улгаят, би­лими жогорулайт, адистиги, социалдык абалы алмашат. | |||
''Т. Ниязов.'' | |||
[[Category: 3-том, 5-85 бб]] | |||
10:08, 6 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы
ДЕМОГРА́ФИЯ (грекче demos – эл жана ...графия) – калктын коомдук-тарыхый шартка жараша өнүгүү мыйзам ченеми жөнүндөгү илим; коомдук илимдерге кирет. Ал негизинен калктын өсүшүн, муун алмашуусунун негизинде элдин жаӊыланып турушун изилдейт. Элдин саны өлүм-житим, жаӊы төрөлгөндөр ж. б. натыйжасында өзгөрүп турат: айрым аймактын калкына эл кошулат (иммиграция), башка жакка көчүп кетет (эмиграция). Андан тышкары: адам үйлөнөт, ажырашат, балалуу болот, улгаят, билими жогорулайт, адистиги, социалдык абалы алмашат. Демография калктын жана анын айрым топторунун жаӊыланышынын динамикасын демографиялык процесстерди (калктын табигый кыймыл процесстери) талдоо аркылуу айкындайт. Ошондой эле демография калктын курактык-жыныстык, нике жана үй-бүлөлүк түзүлүштөгү өзгөрүүлөрүн, калк санынын жалпы мыйзам ченемдүү өзгөрүүлөрүн да изилдейт. Демография илиминин негиздөөчүсү англиялык илимпоз Жон Граунт (1620–74) болгон. Россияда биринчи демографиялык эмгек Д. Бернуллиге таандык. Демографиялык изилдөөлөр анда жүрүп турган процесстердин тенденциялары менен факторлорун белгилүү аймакта жана түрдүү мезгилде изилдөөгө багытталган. Демография төрөлгөндөр менен өлгөндөрдүн санынын өзгөчөлүктөрүн изилдеп, прогноз түзөт. Калктын саны менен түзүлүшү жөнүндө болжолдуу жана чыныгы материалдар демографиялык саясаттын өзөгүн түзөт. Демографияда калк жөнүндө маалыматты топтоп, аны тандап жана өзгөчө бөлүмдү (демографиялык статистика) түзгөн статистикалык ыкмалар негизги орунга ээ. Демографиялык процесстердин байланышы жөнүндө сандык мүнөздөмөлөр математикалык түрдүү ыкмалар менен жүзөгө ашат. Ошондой эле графиктик ыкмалар кеӊири колдонулат. Ал эми демографиялык процесстер менен айрым аймактардын түзүлүштөрүн салыштыруу картографиялык изилдөө ыкмасы аркылуу ишке ашырылат. Андан тышкары демография калкты иликтеген илимдердин изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы менен ыкмаларын да колдонот. Мисалы, демографиялык процесстердин социалдык мүнөздөгү аспектилери демографиянын социология, антропология жана медицина, география менен тыгыз байланышта экендигин айгинелейт. Калктын отурукташуусу, миграциясы ж. б. демографиялык процесстер демографияны калк географиясы, этностук өзгөчөлүктөрү, этнография, аймактарда калкты отурукташтырууга багытталган изилдөөлөр – геодемография (калк географиясы менен демографиянын айкалышынан пайда болуп, геодемографиялык абалды илимий изилдөөгө арналган жаӊы илимий багыт) менен байланыштырат.
Т. Ниязов.