ДАРЫЯ АЛАБЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol_3>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ДАРЫЯ АЛАБЫ''' – дарыя ж-а анын куймала­рынын суулары жыйналган жер бетинин бөлүгү. Дарыя суусун жыйноочу кургактыктын бети алаптын суу топтоочу аянты деп аталат. Д. а. жер үстүндөгү ж-а жер астындагы суу топтоочу аянттардан турат. Жер астындагы алаптын аянтын аныктоо кыйын болгондуктан, Д. а-нын
'''ДАРЫЯ АЛАБЫ''' – дарыя жана анын куймала­рынын суулары жыйналган жер бетинин бөлүгү. Дарыя суусун жыйноочу кургактыктын бети алаптын суу топтоочу аянты деп аталат. Дарыя алабы жер үстүндөгү жана жер астындагы суу топтоочу аянттардан турат. Жер астындагы алаптын аянтын аныктоо кыйын болгондуктан, дарыя алабынын өлчөмү катары жер үстүндөгү аянт гана алы­нат. Танапташ жаткан дарыя алабынын чеги атмосфера­лык жаан-чачынды алардын өрөөндөрүнүн капталдарына карай каршы эки багытка бөлгөн суу бөлгүч кырлар аркылуу өтөт. Дарыя алабынын фор­масы жана аянты суу жыйналуучу жердин географиялык абалы менен рельефине, геологиялык түзүлүшүнө карата ар түрдүү болот.
өлчөмү катары жер үстүндөгү аянт гана алы­нат. Танапташ жаткан Д. а-нын чеги атм-ра­лык жаан-чачынды алардын өрөөндөрүнүн капталдарына карай каршы эки багытка бөлгөн суу бөлгүч кырлар аркылуу өтөт. Д. а-нын фор­масы ж-а аянты суу жыйналуучу жердин геогр. абалы м-н рельефине, геол. түзүлүшүнө карата ар түрдүү болот.
''С. Аламанов.'' [[Category: 3-том, 5-85 бб]]


''С. Аламанов.''
[[Category: 3-том, 5-85 бб]]

08:19, 6 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы

ДАРЫЯ АЛАБЫ – дарыя жана анын куймала­рынын суулары жыйналган жер бетинин бөлүгү. Дарыя суусун жыйноочу кургактыктын бети алаптын суу топтоочу аянты деп аталат. Дарыя алабы жер үстүндөгү жана жер астындагы суу топтоочу аянттардан турат. Жер астындагы алаптын аянтын аныктоо кыйын болгондуктан, дарыя алабынын өлчөмү катары жер үстүндөгү аянт гана алы­нат. Танапташ жаткан дарыя алабынын чеги атмосфера­лык жаан-чачынды алардын өрөөндөрүнүн капталдарына карай каршы эки багытка бөлгөн суу бөлгүч кырлар аркылуу өтөт. Дарыя алабынын фор­масы жана аянты суу жыйналуучу жердин географиялык абалы менен рельефине, геологиялык түзүлүшүнө карата ар түрдүү болот.

С. Аламанов.