КАНИМЕТОВ Жангороз: нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Temirkan moved page КАНИМЕТОВ to КАНИМЕТОВ Жангороз) |
(Айырма жок)
| |
09:16, 5 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАНИМЕТОВ Жангороз (30. 3. 1950-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Түп району, Токтоян айылы) – педагог, мамлекеттик ишмер, педагогика илимдеринин доктору (2010). КРдин II класстагы мамлекеттик кеңешчиси (2000). Кыргыз ССРинин билим берүүсүнүн отличниги (1979). СССР билим берүүсүнүн отличниги (1987), КРдин эмгек сиңирген мугалими (1995). КР Жогорку Кеңешинин үч жолку депутаты (1995–2000–05; 2007–10). КРдин «Мугалимдин статусу жөнүндө» мыйзамынын (2000), «Билим берүү жөнүндө» мыйзамынын (2003), «Жалпы орто билим берүү жөнүндө» мыйзамынын (2009) автору. Москвадагы эл аралык педагогикалык билим берүү академиясынын академиги (МАНПО, 2009). Каракол (мурдагы Пржевальск) мамлекеттик педагогикалык институтун (1971), Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин (1999) бүтүргөн. Түп районундагы Сан-Таш айылынын Каркыра орто мектебинин (1971–79), Арал орто мектебинин (1979–84), Кайкин атындагы орто мектебинин директору (1984–87), Ак-Суу районунда элге билим берүү башкармалыгынын башчысы (1987– 88), Кыргыз ССРинин элге билим берүү министрлигинде бөлүм башчы (1988–91), Ысык-Көл облустук билим берүү башкармалыгынын башчысы (1991–97), Кыргызстандын билим берүү кызматкерлеринин конгрессинин президенти (2004-жылдан), КР билим берүү ж-а илим министринин орун басары (2007), «Ысык-Көл» коомдук фондунун төрагасы (2001–10), КР Жогорку Кеңешинин парламенттик кыргыз-түрк кызматташтык тобунун жетекчиси (2007–10) болгон. Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин профессору (2010-жылдан), КРдин «Даңк» медалы м-н сыйланган (1999).
Эмг.: О молодёжи и молодёжной политике КР. Б., 1999; Основные направления демократизации образования в КР. Б., 2004; Государственно-общественное управление образования в КР. Б., 2005.