КАНАДЗАВА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАНАДЗА́ВА</b> – Япониядагы шаар. Хонсю | <b type='title'>КАНАДЗА́ВА</b> – Япониядагы шаар. Хонсю аралынын батышында жайгашкан. Исикава префектура­сынын административдик борбору. Калкы 457,4 миң (2008). Темир жол станциясы. Деңиз порту (Кореянын Пу­сан порту менен үзгүлтүксүз байланышып турат). Маэда сепили (XVI кылым), Нагамати самурайлар кварталы, гейшалар үйү (Эдо мезгили), буддис­ттердин жана синтоисттердин храмдары сактал­ган. Машина куруу, текстиль, полиграфия, тамак-­аш өнөр жай ишканалары иштейт. Салттуу кол өнөрчүлүк (оюнчуктар жасалат, жибекке кол менен сайма саюу, сусаль алтынынан буюм жа­соо), фарфор-фаянс (жогорку сапаттагы «Кута­нии») жана лак буюмдар («Вадзима») өндүрүшү өнүккөн. Университеттер, технология институт, коллеж, дизайн мектеби, музейлер (анын ичинде мемориалдык), жазуу­чулар Идзуми Кёка жана Муро Сайсэйдин үй-му­зейлери бар. Жыл сайын ар кандай фестивал­дар өткөрүлүп турат. Канадзавадан түштүк-чыгышта Юваку ысык булагы жайгашкан. | ||
батышында жайгашкан. Исикава префектура­сынын | |||
өнөрчүлүк (оюнчуктар жасалат, жибекке кол | |||
өнүккөн. | |||
[[Категория:4-том, 51-100 бб]] | [[Категория:4-том, 51-100 бб]] | ||
07:34, 3 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАНАДЗА́ВА – Япониядагы шаар. Хонсю аралынын батышында жайгашкан. Исикава префектурасынын административдик борбору. Калкы 457,4 миң (2008). Темир жол станциясы. Деңиз порту (Кореянын Пусан порту менен үзгүлтүксүз байланышып турат). Маэда сепили (XVI кылым), Нагамати самурайлар кварталы, гейшалар үйү (Эдо мезгили), буддисттердин жана синтоисттердин храмдары сакталган. Машина куруу, текстиль, полиграфия, тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт. Салттуу кол өнөрчүлүк (оюнчуктар жасалат, жибекке кол менен сайма саюу, сусаль алтынынан буюм жасоо), фарфор-фаянс (жогорку сапаттагы «Кутании») жана лак буюмдар («Вадзима») өндүрүшү өнүккөн. Университеттер, технология институт, коллеж, дизайн мектеби, музейлер (анын ичинде мемориалдык), жазуучулар Идзуми Кёка жана Муро Сайсэйдин үй-музейлери бар. Жыл сайын ар кандай фестивалдар өткөрүлүп турат. Канадзавадан түштүк-чыгышта Юваку ысык булагы жайгашкан.