КАНАДА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
|||
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАНА́ДА</b> (англ. – Canada; фр. – Le Canada) – | <b type='title'>КАНА́ДА</b> (англ. – Canada; фр. – Le Canada) – Түндүк Америкадагы мамлекет. Материктин түндүк бөлүгүн ж-а ага жакын жайгашкан көптөгөн аралдарды – Ванкувер, Шарлотта канышасы (ба­тышында), Канадалык Арктика архипелагы (түн- | ||
аралдарды – Ванкувер, Шарлотта канышасы (ба­тышында), Канадалык Арктика архипелагы (түн- | |||
[[File:КАНАДА60.png | thumb | none]] | [[File:КАНАДА60.png | thumb | none]] | ||
дүгүндө), Ньюфаундленд, Антикости, Эдуард канзадасын ( | дүгүндө), Ньюфаундленд, Антикости, Эдуард канзадасын (түштүк-чыгышында) камтыйт. Түштүк- батышынан Тынч океан, түндүгүнөн Түндүк Муз океан ж-а анын Бофорт деңизи, чыгышынан Атлантика океаны ж-а анын деңиздери – Баф­фин, Лабрадор, ошондой эле Гудзон булуңу м-н чулга­нат. Жээк сызыгынын узундугу 243 миң <i>км</i> (аралдар­дын жээктерин кошо; дүйнөдөгү эң узун жээк). Түштүгүндө ж-а түндүк-батышында кургактык ар­кылуу АКШ м-н чектешет (чек арасынын узундугу 8,9 миң <i>км</i>, анын ичинде Аляска м-н 2,5 миң <i>км</i>). Аянты 9984,7 миң <i>км</i><sup>2 </sup>(анын ичинде ички суулары­ныкы 891,2 миң <i>км</i><sup>2</sup>); аянты боюнча дүйнөдө Рос­сиядан кийинки 2-орунда. Калкы 33,1 млн (2008). Борбору – Оттава ш. Расмий тилдери – англис ж-а француз тилдери. Акча бирдиги – канада доллары. Канада – 10 провинциядан ж-а фе­дерацияга баш ийген 3 аймактан турган феде­рация (к. таблицаны). | ||
Атлантика океаны ж-а анын деңиздери – Баф­фин, Лабрадор, | |||
Аянты 9984,7 миң <i>км</i><sup>2 </sup>( | |||
(2008). Борбору – Оттава ш. Расмий тилдери – | |||
англис ж-а француз тилдери. Акча бирдиги – канада доллары. | |||
<table> | <table> | ||
| 98 сап: | 92 сап: | ||
|} | |} | ||
Канада – БУУга (1945), ЭВФке (1945), Эл аралык реконструкция ж-а өнүгүү банкына (1945), НАТОго (1949), ЕККУга (1973), Азия – Тынч океан экономикалык кызматташтыгына (1989), Амери­ка өлкөлөрүнүн уюмуна (1990), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна (1995) мүчө. | |||
НАТОго (1949), ЕККУга (1973), Азия – Тынч | |||
океан | |||
'''Мамлекеттик түзүлүшү.''' Канада – федерациялык мамлекет. Негизги документи Британдык Түндүк Америка жөнүндө акт (1867, 1871, 1886, 1907, 1915), Конституциялык акт (1982) ж-а Вестминстер статуту (1931) эсептелет. Башкаруу формасы –конституциялык монархия. Мамлекеттин рас­мий башчысы – британдык монарх (1952-жыл­дан Елизавета II Канада королевасы титулуна да ээ). Анын милдетин Англия королу Канада пре­мьер-министринин кеңеши м-н дайындаган ге­нерал-губернатор аткарат. Мыйзам чыгаруу бий­лиги монархка ж-а эки палаталуу парламентке таандык. Төмөнкү палата – Общиналар пала­тасы. Общиналар палатасынын депутаттары жалпы шайлоодо 5 жылдык мөөнөткө шайла­нат. Жогорку палата – Сенат. Сенаторлорду пре­мьер-министрдин кеңеши боюнча генерал-губерна­тор региондордон дайындайт. Аткаруу бийлиги монархка таандык болгону м-н өкмөт – министр­лер кабинети иш жүзүнө ашырат. Министрлер кабинетин премьер-министр башкарат. Ал Общиналар палатасындагы көпчүлүк орунду ээлеген партиянын лидерин дайындайт. Өкмөт Общиналар палатасынын алдында жооптуу. Провинцияларды башкаруу лейтенант-губерна­торлор тарабынан ишке ашырылат. Аларды про­винциялык өкмөттүн сунушу б-ча генерал-гу­бернатор дайындайт. Провинцияларда бир па­латалуу мыйзам чыгаруу жыйыны иштейт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына граф­тык ж-а округдук кеңештер, муниципалитеттер кирет. Канадада негизинен көп партиялуу система орун алган. Саясий партиялары – Либералдар партиясы, Консерваторлор партиясы, Квебек партиясы, Жаңы демократиялык партия. | |||
мамлекет. Негизги документи Британдык | |||
Конституциялык акт (1982) ж-а Вестминстер статуту (1931) эсептелет. Башкаруу формасы | |||
таандык. Төмөнкү палата – Общиналар пала­тасы. Общиналар палатасынын депутаттары жалпы шайлоодо 5 жылдык мөөнөткө шайла­нат. Жогорку палата – Сенат. Сенаторлорду пре­мьер-министрдин кеңеши | |||
'''Табияты.''' Жээктери түндүк ж-а түндүк-чыгышын­да түздүктүү ж-а бир аз тилмеленген (айрыкча Гудзон булуңунун жээктери), чыгышында тик, негизинен фьорддуу (Баффин Жери аралы, Лабра­дор жарым аралы, Ньюфаундленд аралы), батышында тоо­луу, булуңдар – фьорддор м-н терең тилмелен­ген. Канаданын аймагынын басымдуу бөлүгү түздүк­түү рельефи м-н өзгөчөлөнөт; батышында жа­зылыгы 1000 <i>км</i>ге жеткен Канада Кордильерасы тоо­луу тилкеси (Түндүк Америка Кордильерасынын бир бөлүгү) созулуп жатат. Бардык жеринде антропогендик муз каптоонун издери кеңири таралган. Азыркы көп жылдык тоң тоо текте­ри өлкөнүн жарымына жакын аймагын ээлейт. Түндүгүндөгү көп жылдык тоң текши каптаган зонадагы анын калыңдыгы 400 <i>м</i>ге жетет.<br>Өлкөнүн түндүк четинде жайгашкан <i>Канадалык Арктика архипелагынын</i> көптөгөн аралдары кысыктардын татаал системасы м-н бөлүнүп, негизинен дөбө-түздүктүү рельеф (Банкс, Вик­тория ж. б. аралдарга) мүнөздүү. Архипелагдын чыгыш бөлүгүнүн аралдары негизинен тоолуу (бийиктиги Элсмир аралында 2926 <i>м</i>ге жетет) ж-а мөң­гүлүү (Элсмир, Баффин Жери, Девон, Аксель- Хейберг ж. б.). Материктин зор бөлүгүн, Лабра­дор жарым аралын кошо <i>Лаврентий дөңсөөсү</i> ээлейт; ага дөбөлүү рельеф (орточо бийиктиги 200–500 <i>м</i>), ара­сында бийиктиги 900–1000 <i>м</i>ге жеткен калдык дөңсөөлөр кездешет. Мөңгүнүн аракетинен пай­да болгон рельефтин формалары (кой маңдай таштар, друмлиндер ж. б.), ошондой эле көлдөр ж-а саздар кеңири таралган. Лаврентий дөңсөөсү­нүн батыш ж-а чыгыш чет-жакаларында ири көлдөр – <i>Чоң Аюулуу көл, Чоң Эрксиз көл, Ата­баска көлү, Виннипег, Жогорку көл, Гурон</i> ж. б. жайгашкан; алар негизинен мөңгү-тектоникалык ж-а мөңгүнүн аракетинен пайда болгон көлдөр. Гуд­зон булуңунун түштүк-батыш жээгинде жазылы­гы 500 <i>км</i>ге жеткен өтө саздуу, тегиз түздүк жайгашкан. Канада Кордильерасынын чыгыш этеги м-н Лаврентий дөңсөөсүнүн аралыгында Канаданын Ички түздүктөрүнүн тилкеси <i>(Улуу түз-</i> | |||
. Жээктери | |||
Өлкөнүн | |||
чыгыш бөлүгүнүн аралдары негизинен тоолуу | |||
( | |||
дөбөлүү рельеф ( | |||
дөңсөөлөр кездешет. Мөңгүнүн аракетинен пай­да болгон рельефтин формалары (кой маңдай таштар, друмлиндер ж. б.), | |||
көлдөр – <i>Чоң Аюулуу көл, Чоң Эрксиз көл, Ата­баска көлү, Виннипег, Жогорку көл, Гурон</i> ж. б. жайгашкан; алар негизинен мөңгү- | |||
[[File:КАНАДА61.png | thumb | Ыйык Лаврентий.]] | [[File:КАНАДА61.png | thumb | Ыйык Лаврентий.]] | ||
<i>дүктөрдүн</i> | <i>дүктөрдүн</i> түндүк бөлүгү) созулуп, батыштан чы­гышты карай 1000 <i>м</i>ден 200 <i>м</i>ге чейин жапыз­дайт. Катмарлуу түздүктөр, куэста жалдары, дөбө-дөңсөөлөр кеңири таралган; Канада Кордилье­расынын этек тоолоруна эрозиялык тилме­ленүүгө өтө дуушарланган бийик түздүктөр, ай­рым жерлерине <i>бедленддер</i> мүнөздүү. Өлкөнүн түштүк-чыгышын ээлеген Түндүк Аппалачи тоолору­нун (бийиктиги 1268 <i>м</i>ге чейин, Нотр-Дам чокусу) ж-а Ньюфаундленд аралынын рельефинде денуда­циялык түздүктөр, дөңсөөлөр ж-а бөксө тоолор (бийиктиги 500–800 <i>м</i>) басымдуулук кылат. Эң түштүгүндө Онтарио жарым аралынын куэста түзүлүштөгү түздүктөрү жайгашкан. Канада Кордильерасы тоолуу алкагына эрозиялык терең тилмеленүү, реликт ж-а азыркы тоо-мөңгү рельефинин формалары мүнөздүү. Канада Кордильерасынын орографиясына негизинен узатасынан созулган 3 зона мүнөздүү: батыш зонасы – <i>Ыйык Илья тоолору</i> (бийиктиги 5951 <i>м</i>ге чейин, Логан чокусу – Канаданын эң бийик жери), <i>Жээк кырка тоолору</i> (3994 <i>м</i>, Уоддинг­тон чокусу); Канада Кордильерасынын ички пла­толорун – денудациялык Юкон, лавалуу Фрей­зер ж-а Нечако платолорун камтыйт; чыгыш зонасын – Маккензи ж-а Аскалуу тоолору түзөт (3954 <i>м</i>, Робсон тоосу).<br>Канаданын басымдуу бөлүгүнүн аймагын байыр­кы <i>Түндүк Америка платформасынын</i> түндүк бөлүгү ээлейт. Платформанын кембрийге чейин­ки кристаллдык фундаменти анын борбордук ж-а чыгыш бөлүктөрүндө жер бетине чыгып, <i>Кана­да калканын</i> түзөт. Ал чыгышынан каледон (Түндүк Аппалачи), түндүгүнөн Иннуит бүктөлүү структуралары (Канадалык Арктика архипела­гынын түндүк аралдары) м-н чектешет. Өлкөнүн батышындагы Канада Кордильерасы мезозой-кайно­зой тектоникалык структурасына таандык. Канада түрдүү кен байлыктарга бай: цинк (жалпы запасы боюнча дүйнөдө Австралиядан кийинки 2-орунда), вольфрам (Кытайдан кийинки 2-орунда), уран (Австралия, Казакстандан кийинки 3-орунда), коргошун (Австралия, АКШ, Казакстандан ки­йинки 4-орунда), нефть (Сауд Арабиясынан ки­йинки 2-орунда), газ, никель, жез, темир, ал­тын, калий тузу, молибден, алмаз ж. б. | ||
( | |||
түштүгүндө Онтарио | |||
батыш зонасы – <i>Ыйык Илья тоолору</i> ( | |||
5951 <i>м</i>ге чейин, Логан чокусу – | |||
жери), <i>Жээк кырка тоолору</i> (3994 <i>м</i>, Уоддинг­тон чокусу); | |||
(3954 <i>м</i>, Робсон тоосу).<br> | |||
чыгыш бөлүктөрүндө жер бетине чыгып, <i>Кана­да калканын</i> түзөт. Ал чыгышынан каледон ( | |||
Канаданын аймагынын басымдуу бөлүгү субаркти­ка ж-а мелүүн климаттык алкактарда, түндүк чети[[Категория:4-том, 1-50 бб]] | |||
07:16, 30 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы
КАНА́ДА (англ. – Canada; фр. – Le Canada) – Түндүк Америкадагы мамлекет. Материктин түндүк бөлүгүн ж-а ага жакын жайгашкан көптөгөн аралдарды – Ванкувер, Шарлотта канышасы (батышында), Канадалык Арктика архипелагы (түн-

дүгүндө), Ньюфаундленд, Антикости, Эдуард канзадасын (түштүк-чыгышында) камтыйт. Түштүк- батышынан Тынч океан, түндүгүнөн Түндүк Муз океан ж-а анын Бофорт деңизи, чыгышынан Атлантика океаны ж-а анын деңиздери – Баффин, Лабрадор, ошондой эле Гудзон булуңу м-н чулганат. Жээк сызыгынын узундугу 243 миң км (аралдардын жээктерин кошо; дүйнөдөгү эң узун жээк). Түштүгүндө ж-а түндүк-батышында кургактык аркылуу АКШ м-н чектешет (чек арасынын узундугу 8,9 миң км, анын ичинде Аляска м-н 2,5 миң км). Аянты 9984,7 миң км2 (анын ичинде ички сууларыныкы 891,2 миң км2); аянты боюнча дүйнөдө Россиядан кийинки 2-орунда. Калкы 33,1 млн (2008). Борбору – Оттава ш. Расмий тилдери – англис ж-а француз тилдери. Акча бирдиги – канада доллары. Канада – 10 провинциядан ж-а федерацияга баш ийген 3 аймактан турган федерация (к. таблицаны).
| Адм. бирдиктери | Аянты, миң км2 | Калкы, миң адам | Адм. борбору |
| П р о в и н ц и я л а р ы | |||
| Альберта | 642,3 | 3416,0 | Эдмонтон |
| Британ Колумбиясы | 925,2 | 4190,0 | Виктория |
| Жаңы Шотландия | 53,3 | 7657,4 | Галифакс |
| Квебек | 1365,1 | 914,4 | Квебек |
| Манитоба | 553,6 | 1158,2 | Виннипег |
| Нью-Брансуик | 71,4 | 729,2 | Фредериктон |
| Ньюфаундленд ж-а | |||
| Лабрадор | 373,9 | 502,0 | Сент-Жонс |
| Онтарио | 917,7 | 12442,8 | Торонто |
| Саскачеван | 591,7 | 962,7 | Режайна |
| Эдуард канзада аралы | 5,7 | 135,9 | Шарлоттаун |
| А й м а к т а р ы | |||
| Нунавут | 1936,1 | 30,6 | Икалуит |
| Түндүк-Батыш аймак | 1183,1 | 43,1 | Йеллоунайф |
| Юкон | 474,4 | 31,0 | Уайтхорс |
Канада – БУУга (1945), ЭВФке (1945), Эл аралык реконструкция ж-а өнүгүү банкына (1945), НАТОго (1949), ЕККУга (1973), Азия – Тынч океан экономикалык кызматташтыгына (1989), Америка өлкөлөрүнүн уюмуна (1990), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна (1995) мүчө.
Мамлекеттик түзүлүшү. Канада – федерациялык мамлекет. Негизги документи Британдык Түндүк Америка жөнүндө акт (1867, 1871, 1886, 1907, 1915), Конституциялык акт (1982) ж-а Вестминстер статуту (1931) эсептелет. Башкаруу формасы –конституциялык монархия. Мамлекеттин расмий башчысы – британдык монарх (1952-жылдан Елизавета II Канада королевасы титулуна да ээ). Анын милдетин Англия королу Канада премьер-министринин кеңеши м-н дайындаган генерал-губернатор аткарат. Мыйзам чыгаруу бийлиги монархка ж-а эки палаталуу парламентке таандык. Төмөнкү палата – Общиналар палатасы. Общиналар палатасынын депутаттары жалпы шайлоодо 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Жогорку палата – Сенат. Сенаторлорду премьер-министрдин кеңеши боюнча генерал-губернатор региондордон дайындайт. Аткаруу бийлиги монархка таандык болгону м-н өкмөт – министрлер кабинети иш жүзүнө ашырат. Министрлер кабинетин премьер-министр башкарат. Ал Общиналар палатасындагы көпчүлүк орунду ээлеген партиянын лидерин дайындайт. Өкмөт Общиналар палатасынын алдында жооптуу. Провинцияларды башкаруу лейтенант-губернаторлор тарабынан ишке ашырылат. Аларды провинциялык өкмөттүн сунушу б-ча генерал-губернатор дайындайт. Провинцияларда бир палаталуу мыйзам чыгаруу жыйыны иштейт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына графтык ж-а округдук кеңештер, муниципалитеттер кирет. Канадада негизинен көп партиялуу система орун алган. Саясий партиялары – Либералдар партиясы, Консерваторлор партиясы, Квебек партиясы, Жаңы демократиялык партия.
Табияты. Жээктери түндүк ж-а түндүк-чыгышында түздүктүү ж-а бир аз тилмеленген (айрыкча Гудзон булуңунун жээктери), чыгышында тик, негизинен фьорддуу (Баффин Жери аралы, Лабрадор жарым аралы, Ньюфаундленд аралы), батышында тоолуу, булуңдар – фьорддор м-н терең тилмеленген. Канаданын аймагынын басымдуу бөлүгү түздүктүү рельефи м-н өзгөчөлөнөт; батышында жазылыгы 1000 кмге жеткен Канада Кордильерасы тоолуу тилкеси (Түндүк Америка Кордильерасынын бир бөлүгү) созулуп жатат. Бардык жеринде антропогендик муз каптоонун издери кеңири таралган. Азыркы көп жылдык тоң тоо тектери өлкөнүн жарымына жакын аймагын ээлейт. Түндүгүндөгү көп жылдык тоң текши каптаган зонадагы анын калыңдыгы 400 мге жетет.
Өлкөнүн түндүк четинде жайгашкан Канадалык Арктика архипелагынын көптөгөн аралдары кысыктардын татаал системасы м-н бөлүнүп, негизинен дөбө-түздүктүү рельеф (Банкс, Виктория ж. б. аралдарга) мүнөздүү. Архипелагдын чыгыш бөлүгүнүн аралдары негизинен тоолуу (бийиктиги Элсмир аралында 2926 мге жетет) ж-а мөңгүлүү (Элсмир, Баффин Жери, Девон, Аксель- Хейберг ж. б.). Материктин зор бөлүгүн, Лабрадор жарым аралын кошо Лаврентий дөңсөөсү ээлейт; ага дөбөлүү рельеф (орточо бийиктиги 200–500 м), арасында бийиктиги 900–1000 мге жеткен калдык дөңсөөлөр кездешет. Мөңгүнүн аракетинен пайда болгон рельефтин формалары (кой маңдай таштар, друмлиндер ж. б.), ошондой эле көлдөр ж-а саздар кеңири таралган. Лаврентий дөңсөөсүнүн батыш ж-а чыгыш чет-жакаларында ири көлдөр – Чоң Аюулуу көл, Чоң Эрксиз көл, Атабаска көлү, Виннипег, Жогорку көл, Гурон ж. б. жайгашкан; алар негизинен мөңгү-тектоникалык ж-а мөңгүнүн аракетинен пайда болгон көлдөр. Гудзон булуңунун түштүк-батыш жээгинде жазылыгы 500 кмге жеткен өтө саздуу, тегиз түздүк жайгашкан. Канада Кордильерасынын чыгыш этеги м-н Лаврентий дөңсөөсүнүн аралыгында Канаданын Ички түздүктөрүнүн тилкеси (Улуу түз-

дүктөрдүн түндүк бөлүгү) созулуп, батыштан чыгышты карай 1000 мден 200 мге чейин жапыздайт. Катмарлуу түздүктөр, куэста жалдары, дөбө-дөңсөөлөр кеңири таралган; Канада Кордильерасынын этек тоолоруна эрозиялык тилмеленүүгө өтө дуушарланган бийик түздүктөр, айрым жерлерине бедленддер мүнөздүү. Өлкөнүн түштүк-чыгышын ээлеген Түндүк Аппалачи тоолорунун (бийиктиги 1268 мге чейин, Нотр-Дам чокусу) ж-а Ньюфаундленд аралынын рельефинде денудациялык түздүктөр, дөңсөөлөр ж-а бөксө тоолор (бийиктиги 500–800 м) басымдуулук кылат. Эң түштүгүндө Онтарио жарым аралынын куэста түзүлүштөгү түздүктөрү жайгашкан. Канада Кордильерасы тоолуу алкагына эрозиялык терең тилмеленүү, реликт ж-а азыркы тоо-мөңгү рельефинин формалары мүнөздүү. Канада Кордильерасынын орографиясына негизинен узатасынан созулган 3 зона мүнөздүү: батыш зонасы – Ыйык Илья тоолору (бийиктиги 5951 мге чейин, Логан чокусу – Канаданын эң бийик жери), Жээк кырка тоолору (3994 м, Уоддингтон чокусу); Канада Кордильерасынын ички платолорун – денудациялык Юкон, лавалуу Фрейзер ж-а Нечако платолорун камтыйт; чыгыш зонасын – Маккензи ж-а Аскалуу тоолору түзөт (3954 м, Робсон тоосу).
Канаданын басымдуу бөлүгүнүн аймагын байыркы Түндүк Америка платформасынын түндүк бөлүгү ээлейт. Платформанын кембрийге чейинки кристаллдык фундаменти анын борбордук ж-а чыгыш бөлүктөрүндө жер бетине чыгып, Канада калканын түзөт. Ал чыгышынан каледон (Түндүк Аппалачи), түндүгүнөн Иннуит бүктөлүү структуралары (Канадалык Арктика архипелагынын түндүк аралдары) м-н чектешет. Өлкөнүн батышындагы Канада Кордильерасы мезозой-кайнозой тектоникалык структурасына таандык. Канада түрдүү кен байлыктарга бай: цинк (жалпы запасы боюнча дүйнөдө Австралиядан кийинки 2-орунда), вольфрам (Кытайдан кийинки 2-орунда), уран (Австралия, Казакстандан кийинки 3-орунда), коргошун (Австралия, АКШ, Казакстандан кийинки 4-орунда), нефть (Сауд Арабиясынан кийинки 2-орунда), газ, никель, жез, темир, алтын, калий тузу, молибден, алмаз ж. б.
Канаданын аймагынын басымдуу бөлүгү субарктика ж-а мелүүн климаттык алкактарда, түндүк чети