КАМПАЛА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАМПА́ЛА</b> – Уганда | <b type='title'>КАМПА́ЛА</b> – Уганда Республикасынын борбору, шаар. Борбордук облусунун административдик борбору. Виктория көлүнүн түндүк жээгине жакын, деңиз деңгээлинен 1300 <i>м</i> бийик­те жайгашкан. Калкы 1,7 млн (2024; өлкөдөгү эң ири шаар). Эл аралык аэропорту бар. 1890-жылы негизделген. 15-кылымда Буньоро королдугунун ку­рамына кирген; 1905-жылга чейин Британия коло­ниялык администрациясынын резиденциясы болгон. 1949-жылдан шаар статусуна ээ. 1962- жылдын апрелинен Уганданын борбору (Энтеб­бе шаарынан кийин). Тамак-аш–татымал, текстиль, металл иштетүү өнөр жай ишканалары иштейт. Университет (1970, улуттук), илимий мекемелер (анын ичинде Уганда коому ж. б.), институттар (айыл чарба ж-а мал чарба про­дукциясын изилдөөчү, Чыгыш Африка регион­дук), калк китепканасы, археологиялык изилдөөлөр­дүн борбору, музей (Африка музыкалык аспаптары­нын кайталангыс коллекциясы сакталган), те­атрлар бар. Архитектура эстеликтеринен Рубага со­бору, Буганда королдорунун күмбөздөрү сак­талган. | ||
металл иштетүү | |||
[[Категория:4-том, 1-50 бб]] | [[Категория:4-том, 1-50 бб]] | ||
07:47, 29 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы
КАМПА́ЛА – Уганда Республикасынын борбору, шаар. Борбордук облусунун административдик борбору. Виктория көлүнүн түндүк жээгине жакын, деңиз деңгээлинен 1300 м бийикте жайгашкан. Калкы 1,7 млн (2024; өлкөдөгү эң ири шаар). Эл аралык аэропорту бар. 1890-жылы негизделген. 15-кылымда Буньоро королдугунун курамына кирген; 1905-жылга чейин Британия колониялык администрациясынын резиденциясы болгон. 1949-жылдан шаар статусуна ээ. 1962- жылдын апрелинен Уганданын борбору (Энтеббе шаарынан кийин). Тамак-аш–татымал, текстиль, металл иштетүү өнөр жай ишканалары иштейт. Университет (1970, улуттук), илимий мекемелер (анын ичинде Уганда коому ж. б.), институттар (айыл чарба ж-а мал чарба продукциясын изилдөөчү, Чыгыш Африка региондук), калк китепканасы, археологиялык изилдөөлөрдүн борбору, музей (Африка музыкалык аспаптарынын кайталангыс коллекциясы сакталган), театрлар бар. Архитектура эстеликтеринен Рубага собору, Буганда королдорунун күмбөздөрү сакталган.