КАМЕРУН (Борбордук Африкадагы мамлекет): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
 
(Айырма жок)

05:33, 29 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы

КАМЕРУ́Н , К а м е р у н Р е с п у б л и к а с ы – Борбордук Африкадагы мамлекет.

Түндүк-батышынан Нигерия, түндүк-чыгышынан Чад, чыгышынан Борбордук Африка Республикасы, түштүгүнөн Конго Республикасы, Габон, Экватордук Гвинея өлкөлөрү м-н чекте­шет. Батышынан Бонни булуңу (Атлантика океа­нындагы Гвинея булуңунун бир бөлүгү) м-н чулганат; жээк сызыгынын узундугу 402 км. Аянты 465 миң км2. Калкы 30,9 млн (2025). Борбору – Яунде. Расмий тилдери – француз ж-а англис тилдери. Акча бирдиги – КФА франкы. Административдик- аймактык жактан 10 провинцияга бөлүнөт (к. таб­лицаны).
Камерун – БУУга (1960), Африка союзуна (1963), ЭВФке (1963), Эл аралык реконструкция ж-а өнүгүү банкына (1963), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна (1995), Шериктештикке (1995) мүчө.

Мамлекеттик түзүлүшү. Камерун – унитардык мам­лекет. Камерундун Конституциясы 1972-жылы 2-июнда

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2008)
Провинция Аянты, миң км2 Калкы, миң Адм. борбору
Адамава 63,7 897 Нгаундере
Батыш 13,9 2427,0 Бафусам
Борбордук 68,9 2991,8 Яунде
Жээк 20,2 2454,1 Дуала
Түндүк 65,6 1509,5 Гаруа
Түндүк-Батыш 17,8 2241,3 Баменда
Түштүк 47,1 677,1 Эболова
Түштүк-Батыш 24,5 1518,0 Буэа
Четки түндүк 34,2 3361,5 Маруа
Чыгыш 109,0 936,9 Бертуа

референдумда кабыл алынган. Башкаруу фор­масы – президенттик республика. Мамлекет башчысы – бүткүл эл тарабынан 7 жылдык мөөнөткө шайланган президент. Ал куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы болуп саналат ж-а премьер-министрди, өкмөт мүчөлөрүн, сот­торду, провинция губернаторлорун дайындайт.
Мыйзам чыгаруучу жогорку органы – кош па­латалуу парламент. Төмөнкү палатасы – Улут­тук чогулуш (180 депутаттан турат, 5 жылга шайланат). Жогорку палатасы – сенат (100 се­натордун 30ун президент дайындайт, 70и кы­йыр шайлоо жолу м-н шайланат). Аткаруу бий­лигинин жогорку органы – премьер-министр же­тектеген өкмөт. Өкмөт кабинетинин мүчөлөрү Премьер-министрдин сунушу м-н президент та­рабынан дайындалат. Өкмөт парламенттин ал­дында жоопкерчиликтүү. Камерунда көп партиялуу система орун алган. Негизги партиялары: Камерун элинин демократиялык биримдиги (КЭДБ), социал-де­мократиялык фронт (СДФ), прогресс ж-а демократия үчүн улуттук союз, Камерун демократиялык союзу.

Табияты. Бонни булуңун жээктей жазылыгы 130 кмге жеткен аккумуляциялык ойдуң созу­луп жатат; ал Камерун жанар тоо массиви (бийиктиги 4100 м, өлкөнүн эң бийик жери) м-н бөлүнгөн. Ойдуңдан Камерундун басымдуу бөлүгүн ээле­ген денудациялык цоколдук бөксө тоо тепкич­тенип көтөрүлөт. Түштүк бөлүгүнө (Түштүк Камерун бөксө тоосу) бир аз күдүрлүү рельеф мүнөздүү, орточо бийиктиги 600–900 м. Борбордук бөлүгүндө би­йиктиги 2460 мге жеткен Адамава тоолору (Ча­баль-Мбабо чокусу) жайгашкан; ал тектоникалык жа­ракалар м-н чектешип, жаш лава катмалары ж-а өчкөн жанар тоолордун конустары м-н та-

Бонни булуңу. Арткы планда Камерун жанартоосу.

таалданган; анын түндүгүндө жапыз (орточо би­йиктиги 800–1000 м) Мандара тоолору жатат. Ада­мава ж-а Мандара тоолорунун аралыгында кат­марланган көтөрүңкү түздүк жайгашкан; ал ар­кылуу Бенуэ дарыясы агат. Өлкөнүн четки түндүгүн Чад ойдуңунун көл-аллювийлүү жайпак түздүгү ээлейт. Анын бийиктиги 300 мдей, жамгырлуу се­зондо суу каптап калат. Камерундун басымдуу бөлүгү

Африка платформасынын калканында жайгаш­кан. Кен байлыктары: нефть ж-а күйүүчү таби­гый газ (негизинен шельфтен казылып алынат), боксит, алтын, латериттик кобальт-никель-мар­ганецтүү кенташ, темир, уран, титан ж. б. Камерундун аймагы экватордук ж-а субэкватордук климаттык алкактарда жайгашкан. Түштүгүнө дайыма нымдуу экватордук климат мүнөздүү; эң жылуу айынын (февраль же март) орточо температу

Нымдуу экватор токою.

расы 24–28°С, эң суугунуку (июль же август) 22– 24°С. Жылдык жаан-чачындын өлчөмү ички ай­мактарында 1500–2000 мм, жээктеринде 3000 мм; Камерун массивинин батыш ж-а түштүк-батыш капталдарында 9655 ммге чейин (Дебунжа), Африканын эң нымдуу жери. Жээгинде (Дуала шаарында) эң аз жаан-чачын декабрь–февралда, эң көп жаан-чачын (айына 800 ммге чейин) август­та жаайт. Түштүк бөлүгүнүн ички аймактарына (Яунде шаары) жаан-чачындын эки жолку макси­муму (март–июнь ж-а сентябрь–ноябрь) мүнөз­дүү. Өлкөнүн түндүк ж-а борбордук бөлүктөрүнүн кли­маты субэкватордук, жайы жаанчыл, кышы кур­гакчыл. Кургакчыл мезгилинин узактыгы түш­түктөн түндүктү карай 4төн 7 айга чейин өсөт.
Айлык орточо температурасы борбордук бөлүгүндө 20–21°Сден (декабрь–январь) 22–24°Сге (апрель–май), түздүктөрүндө ирети м-н 26°Сден 32–36°Сге че­йин. Жаан-чачындын өлчөмү Чад көлүнүн теге­регинде 500 ммден аз, кээде кургакчылык да болот.
Дарыялары жыш ж-а суусу мол. Өлкөнүн ба­сымдуу бөлүгү Атлантика океанынын, түндүк чети ж-а түндүк-чыгышы ички суу алаптарына кирет. Бонни булуңуна Камерундун түштүк-батыш ж-а борбордук бөлүктөрү аркылуу Санага, Ньонг, Нтем, Вури ж. б. дарыялар агат. Түштүк-чыгыш бөлүгүнүн суулары Санга дарыясынын түзүмүнө (Конгонун ала­бы) кирет. Адамава тоолорунан башталган Бе­нуэ дарыясы Конгонун негизги куймасы болуп сана­лат. Логон, Шари, Дорма дарыялары Чад көлүнө куят. ГЭСтер, суу сактагычтар бар.
Түштүк бөлүгүнө кызыл-сары ферралит, борбордук бөлүгүнө кызыл ферралит ж-а феррозем топу­рактары мүнөздүү. Чад көлүнүн ойдуңунда гид­роморфтуу ж-а шор топурактар басымдуу. Өлкө­нүн аймагынын 1/2 бөлүгүн токой ж-а сейрек то­кой ээлейт. Түштүк Камерун бөксө тоосунда ным­дуу, дайыма жашыл экватор токою таралган; анда акажу, азобе – темир дарак, эбен дарагы ж. б. баалуу дарактар арбын. Камерун масси­винин капталдарына дайыма жашыл токой, 3000 м бийиктен жогору тоо шалбаасы мүнөздүү.
Өлкөнүн борбордук бөлүгүн жалбырагын күбүүчү дайы­ма жашыл токой, сейрек токой ж-а саванна ээлейт. Бенуэ түздүгүндө накта саванна, Чад кө­лүнүн ойдуңунда чөлдөшкөн саванна басымдуу. Жээктей мангр токою өсөт. Өлкөнүн экологиялык негиз­ги проблемаларынын бири – токойдун тез кы­йылып жатышы; себеби андан коммерциялык жыгач даярдоо (жашыруун дагы), ошондой эле токой­ду кыйып, айыл чарба өсүмдүктөрүн (какао, май паль­масы, банан ж. б.) өстүрүү үчүн жер бошотуу.
Флорасынын курамында түтүктүү өсүмдүктөр­дүн 9000ден ашык түрү бар; Камерун жанар тоо массивинин дайыма жашыл тоо токою ж-а өлкөнүн түштүгүндөгү дайыма жашыл нымдуу экватор токою эндемизми м-н өзгөчөлөнөт. Сүт эмүүчүлөрдүн 300дөн ашык (анын 42 түрү жого­луу алдында), куштардын 1000дей (18 түрү жо­голуу алдында), сойлоочулардын 200дөй түрү белгилүү. Токойлору айрыкча приматтары (го­рилла, шимпанзе, Преусс колобусу ж. б.) м-н өзгөчөлөнөт; ошондой эле африка пили, бегемот, то­кой антилопалары ж. б. мекендейт. Саванна­ларда туяктуулар (африка жанышы, кара ке­рик, жираф, антилопалардын түрлөрү) көп; жырткычтардан арстан, кабылан кездешет; ор­нитофаунасына чоң куштар (африка страусу, ма­рабу, тоодактар) мүнөздүү. Коргоого алынган та­бигый аймак өлкөнүн аянтынын 15%ин ээлейт; бирок алар расмий статус алганы м-н алардагы

Саванна. Бенуэ түздүгү.

өсүмдүктөр ж-а жаныбарлар дүйнөсү көп учур­да жоголуу коркунучуна кабылат. Коргоого алынган эң ири аймактар: Бенуэ, Буба-Нжида, Ваза, Кампо, Фаро, Коруп улуттук парктары, Бафиа, Жа, Дуала-Эдея резерваттары. Жа фау­налык резерваты Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген.

Калкы. Камерундун калкынын көбү (74,7%и) ни­гер-конго тилдеринде сүйлөгөндөр: бантоид тил­дериндегилер – 63,2% (анын ичинде банту, бамилеке, яунде, булу, баса, бамум, видекум ж. б.); ада­мава-убанги тилиндегилер – 4,1% (түндүгүндө), банги тобу – 2%ке чейин (түштүгүндө), фульбе­лер – 7,4% (негизинен түндүгүндө). Түндүгүндө ошондой эле чад тилдеринде (10,9%), нил-сахара тилде­ринде сүйлөгөн элдер (0,7%) жашайт. Камерун креол­дору 11,5%ти түзөт; ошондой эле француз (0,2%) ж. б. да бар. Калкынын табигый өсүүсү 2% (2008). Төрөлүү (1000 тургунга 35 бала) өлүм-житимден (1000 тургунга 12,4 адам) дээрлик 2 эсеге ашык.
Калктын курактык түзүмү: 15 жашка чейин­ки балдар – 41,1%, 15–64 жаштагылар – 55,7%, 6

5 жаштан өткөндөр –

3,2%. Адам өмүрүнүн кү­түлгөн орточо узактыгы 53 жаш (эркектердики 52, аялдардыкы 54 жаш). Кал­кынын орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 41 адам. Шаар калкы – 40%тен ашык.
Ири шаарлары: Дуала (калкы 1978,7 миң), Яунде (1676,6 миң), Гаруа (519 миң), Баменда (485,8 миң), Маруа (394,6 миң), Бафу­сам (347,5 миң), Нгаундере (282,5 миң), Бертуа (265,3 миң). Калкынын 40–63%и христиандар, анын 23–35%и католиктер, 17–28%и түрдүү протестант (англикандар, баптисттер, пресвитиандар), 0,2–0,5%и православныйлар ; 20–35%и мусулман-сүннөттөр; 22–40%и жергиликтүү диндерди тутунгандар.

Тарыхы. Маруа, Яунде, Окола, Ягуа аймактары­нан табылган таш доору­нун эстеликтери Камерунда адам эзелтен эле жашаганды­гын айгинелейт. Байыркы калкы – пигмейлер. Неги­зинен дыйканчылык, мал чарбачылык, балык уулоо­чулук, аңчылык м-н кесип­тенишкен. Б. з. ч. 1-миң жылдыктын ортосунан Түндүк Камерун аймагында (Логона м-н Шари дарыяларынын ор­тосундагы аймак) сао маданияты өнүккөн. 16-кылымда бул жерде Макари, Афаде, Гульфей, Кауфе, Ло­гон-Бирни шаар-княздыктары пайда болгон. 17- кылымда Борнуга көз каранды Мандара феодалдык султандыгы түзүлгөн. 18-кылымда негизинен Камерундун түндүк аймактарында ислам дини пайда болгон. 18-кылымдын аягы – 19-кылымдын башында көчмөн фульбелер Мандара султандыгын басып алып, Түндүк ж-а Борбордук Камерунга ламидаттардын бир катар феодалдык мусулман княздыктарын негиздеген. 18-кылымдын башында Борбордук Камерунда пайда болгон Ба­нум (Бамум) уюмунун башчылары Камерундун түштүк аймактарына фульбелердин кирүүсүн токтоткон. 18-кылымда Банумдун түштүк-батышында Бамилеке мамлекети түзүлгөн. 1472-жылы Руя ди Сикейра же­тектеген португалиялык моряктар жээкке түшүшкөн. 16-кылымдын аягында нидерланддар, 18- кылымдын башында британиялык, франциялык, германия­лык соодагерлер ж-а миссионерлер Камерунга келе баштаган. Европалыктардын соода далдалчы­лары дуала уруулары (17-кылымдын башында Атлан­тика жээктерине көчүп келген) болгон. Камерундан Америкага кул, Европага пил сөөгү, пальма майы жөнөтүлүп, ордуна арак, тамеки, тек­стиль, от атма куралдар ж. б. алынып келген. Дуала урууларынын мамлекети европалыктар м-н жүргүзүлгөн сооданын негизинде өнүккөн. 1884-жылы герман өкмөтүнүн эмиссары Г. Нахти­галь Дуаланын уруу башчыларына 30 жылдык протекторат жөнүндөгү келишим таңуулаган. Камерундагы германиялык колониянын чек арасы Улуу Бри­тания (1885, 1886, 1893) ж-а Франция (1885, 1894, 1911) м-н түзүлгөн келишимдер боюнча белгилен­ген. 1916-жылы февралда биринчи дүйнөлүк согуш­тун мезгилинде Камерунду Англия-Франция армия­сы басып алып, мартта өз ара бөлүшүп алган. Версаль тынчтык келишими (1919) боюнча Гер­мания Камерундагы өзүнүн ээликтеринен айрылган. 1922-жылы июлда Улуттар Лигасы Чыгыш Камерунду Францияга, Батышын Улуу Британияга берген. 1924-жылы Батыш Камерун британдык Нигерия колония­сына кошулган. Экинчи дүйнөлүк согуштан ки­йин (1946) Камерундун эки бөлүгүндө мандаттык ре­жим БУУнун опекасындагы аймак статусу м-н алмашылган. 1940-жылдардын экинчи жары­мында Чыгыш ж-а Батыш Камерунда биригүү ж-а көз каранды эместик үчүн кыймыл күч алган. Аны Чыгыш Камерунда 1948-жылы негизделген Камерун элдеринин союзу (КЭС) жетектеп, Франция өкмөтүнүн ага тыюу салганына (1955) карабастан, колониялык бийликке каршы партизандык согуш жүргүзгөн. 1957-жылы француз өкмөтү Чыгыш Камерунга «опекада­гы автономиялуу аймак» статусун ыйгарган. Батыш Камерунда Камерун улуттук федерациясы (1949) ж-а Камерун бириккен улуттук конгресси (1951) көз каран­дысыздык үчүн күрөшүп, 1953-жылы Камерун улуттук кон­гресси партиясына бириккен. 1954-жылы Түштүк Камерун британдык Нигерия курамындагы автономия­луу район статусуна ээ болгон. 1959-жылы БУУнун Генералдык Ассамблеясы Чыгыш Камерунга көз ка­рандысыздык берүү чечимин жарыялаган. 1960-жылы 1-январда Камерун Республикасы түзүлүп, БУУга мүчө болгон. Нигерия 1960-жылы октябрда көз каранды­сыз деп жарыялангандан кийин 1961-жылы февралда Батыш Камерунда өткөрүлгөн плебисциттин натыйжа­сында Түндүк Камерун Нигерия Федерациясына кошу­лууну, Түштүк Камерун Камерун Республикасына биригүүнү каалаган. 1961-жылы 1-октябрда курамына Камерун Республикасы (Чы­гыш Камерун) ж-а Батыш Камерун кирген (мурдагы Түштүк Камерун) Камерун Федерация Республикасы (КФР) түзүлүп, Камерун сою­зунун (КС, 1958-ж. негизделген) лидери Ахмаду Ахижо президент ж-а федералдык өкмөттүн баш­чысы болгон. 1972-жылы 20-майдагы референдум­да КФР Бирдиктүү Камерун Республикасы (БКР) болуп кайра түзүлгөн. 1982-жылы А. Ахижо отставкага кетип, ордуна П. Бийя келген. 1984-жылы 25-январда өлкө Камерун Республикасы деп аталган. 1990-жылы Камерунда көп партия­луу система киргизилген. Өлкөдөгү президент­тик шайлоолордо (1992, 1997, 2004) П. Бийя кайрадан президент болуп шайланган.

Чарбасы. Камерун Африкадагы экономикалык өнүгүүсү турук­ташып калган өлкөлөрдүн катарына кирет. ИДПнин көлөмү 40 млрд доллар, аны киши ба­шына бөлүштүргөндө 2,3 миң доллардан туура келет (2007). ИДПнин реалдуу өсүүсү 3,2% (2007). Адамзат өнүгүүсүнүн индекси 0,532 (2005; дүй­нөдөгү 177 өлкөнүн ичинен 144-орунда). ИДПнин структурасында айыл, токой ж-а балык чар­баларынын үлүшү 44,3%, тейлөө чөйрөсүнүкү 39,8%, өнөр жайыныкы 15,9%. Кен байлыктары кыйла арбын болгону м-н алар дээрлик пайда­ланылбайт. Эң маанилүүсү нефть (ИДПнин 8% тейи, товардык экспорттун наркынын 30%и); ал негизинен Атлантика океанынын шельфинен сордуруп алынат. Нефть ылгоочу жалгыз заводу – Лимбе шаарында (кубаттуулугу сут­касына 45 баррель). 2004-жылы узундугу 1000 кмдей бол­гон Камерун – Чад нефть кууру иштей баштаган. Түстүү металлургиянын башкы тармагы – алюминий өнөр жайы (негизинен импорттук сырьё м-н иштейт). Түндүк-Батыш провинциясында боксит кени ка­зып алынууда. Алюминий эритүү заводдору неги­зинен Гвинеянын бокситинде иштейт. 2006-жылы 87 миң т уютулган алюминий өндүрүлгөн. Чек­телүү өлчөмдө алтын ж-а алмаз казылып алы­нат. 2005-жылы 4,09 млрд кВт.с электр энергиясы өндүрүлгөн; керектелгени 3,4 млрд кВт.с. Иш­теп жаткан электр станцияларынын жалпы кубаттуулугу 933 МВт, анын 77%и ГЭСке, 23%и ЖЭСке таандык. Ири ГЭСтери Санага дарыясына, ири ЖЭС Гаруа шаарына жакын курулган. Не­гизги индустриялуу зоналар Жээк (Дуала) ж-а Борбордук (Яунде) провинцияларында калыптанган.
Башкы өнөр жай тармактарынын бири – тамак­-аш өнөр жай ишканалары айыл чарба сырьёлорун иште­тет, ошондой эле суусундук, пиво, өсүмдүк (пахта, паль­ма, күнжүт, жер жаңгак, какао) майларын, кант, ун, чай чыгарып, балык ж-а деңиз продук­туларын иштетет. Текстиль өнөр жайы мурдатан эле өнүккөн (импорттук синтездик сырьё ж-а жергиликтүү пахта пайдаланылат). Жип ийрип-токуучу ком­бинат, булгаары ж-а булгаары-бут кийим, таме­ки, химиялык продукцияларды, минералдык жер се­мирткич, самын, кир жуугуч айна чыгаруучу, каучукту алгачкы иштетүү ишканалары бар. Ме­талл иштетүүчү, автомобиль жыйноочу, велоси­пед, моторлуу велосипед, тиричилик электро­никасын, радиоаппаратура ж. б. чыгаруучу иш­каналары иштейт.
Тропиктик баалуу дарактарды (сапеле, азобе, акажу, сипо, дусье, обече, иломбо ж. б.) даяр­дайт. Токойду мыйзамсыз кыюудан өлкө жы­лына 5,4 млн доллар зыян тартат. 2004-жылы 11 млн м3 жыгач даярдалган. Анын 60%ке жакы­ны экспортко, негизинен Европа Союзунун өлкөлөрүнө чыгарылат. Курулуш материалда­рын даярдоочу ишканалары жергиликтүү табигый ку­рулуш сырьёлорун (акиташ теги, чопо, мергель, гипс, кварцтуу кум) пайдаланат. Майда кол

Банан жана жүгөрү талаасы.

өнөрчүлүк (жыгачты ж-а пил сөөгүн оймо-чий­мелеп кооздоо, карапа өндүрүшү, саймачылык) өнүккөн.
Айыл чарбасында майда дыйкан чарбалары басымдуу. Айдоо жер өлкөнүн 13% аянтын ээлейт. Негиз­ги экспорттук өсүмдүгү – какао (2005-жылы 180 миң т какао даны даярдалган; дүйнөдө алдыңкы орундардын бирин ээлейт). Какао эгилген жер­дин жалпы аянты 400 миң га. Ошондой эле бал ка­мыш, банан, пахта, кофе, май пальмасынын экспорттук мааниси бар. Негизги азык-түлүк өсүмдүктөрү: плантейн, кассава, таро, жүгөрү, ак жүгөрү, ямс; ошондой эле жашылча, мөмө-жемиш, гевея, чай, жер жаңгак, күнжүт, тамеки ж. б. өстүрүлөт. Мал чарбасы цеце чымынынын чагуу­сунан ж. б. тропиктик оорулардан пайда бол­гон трипаносомоз ылаңынын кеңири таралы­шына байланыштуу анча өнүккөн эмес. Шаар­лардын чет жакаларында чочко ж-а куш чар­балары тез өнүгүүдө. 2004-жылы 5600 миң бодо мал, 4400 миң эчки, 3800 миң кой, 1350 миң чочко, 17 миң жылкы, 31 млн үй кушу болгон. Жы­лына 108 миң т балык кармалат.
Транспорт тармагы начар өнүккөн. Автомо­биль жолунун узундугу 50 миң км, темиир жолунуку 1 миң км; негизги магистралы – Транскамерун темир жолу (885 км) Дуала – Нгаундере шаарларын туташтырат.
Ири деңиз порттору: Дуала-Бонабери, Лимбе, Криби. Деңиз транспорту аркылуу сырткы соо­да жүгүнүн 95%тен ашыгы ташылат. Негизги ички деңиз жолу – Бенуэ дарыясы (жаан катуу жаа­ганда кеме жүрүү чектелет). Өлкөдө 45 аэропорт бар; эл аралык аэропорттору Яунде, Гаруа, Дуа­ла шаарларында жайгашкан. Нефть куурунун узундугу 1107 км, газ куурунуку 70 км. Экспортко нефть ж-а нефть продуктуларын, алюминий, жыгач, какао даны, кофе, пахта чы­гарат; негизги кардарлары: Испания, Италия, Франция, Түштүк Корея, Нидерланд, АКШ, Бель­гия. Транспорт каражаттарын, машина ж-а жаб­дууларды, азык-түлүк, отун, химиялык жер семирт­кич, керектелчү товарларды Франция, Нигерия, Кытай, Бельгия, АКШдан сатып алат.

Маданияты. Камерунда окуу жайларын башкаруу жогорку билим берүү министрлиги, жаштарга техникалык билим берүүнүн мамлекеттик секретариаты, улут­тук билим берүү министрлиги тарабынан ишке ашырылат. Камерунда билим берүүнүн эки системасы түзүлгөн. Өлкөнүн батыш бөлүгүнө британдык, чыгышына француздук система киргизилип, окутуу Камерундун батышында англис тилинде, чыгыш бөлүгүндө француз тилинде жүргүзүлөт. Өлкөдө мамлекеттик жана конфессиялык (католиктик) мектеп­тер, 7 жылдык кесиптик-техникалык лицейлер бар. 15 жаштан жогорку курактагы калктын сабаттуу­лугу 59,2%ды түзөт. 30дан ашык жогорку окуу жайлар (университет, институт жана жогорку мектептер) иштейт. Яунде ка­толик университети жана башкалар, Яундеде улуттук архив (1952), улуттук китепкана (1966) жана башкалар, Яунде, Фум­бан жана Жангда Камерун искусство музейлери, Ба­мендада эл аралык музей жана Акум (1948) ки­тепканасы жана башкалар жайгашкан.
Камерунда 1960-жылдан француз жана англис тилде­ринде өкмөттүк гезит-журналдар чыгат. 1978-жылдан «CamNews» маалымат агенттиги, 1955-жылдан радио уктуруулар, 1986-жылдан те­лекөрсөтүүлөр иштейт. Аны англис, француз, араб жана жергиликтүү тилдерде «Cameroon Radio Television» (CRTV) мамлекеттик компаниясы ишке ашырат.
Камерун элинин фольклору бай. Камерундун адабияты неги­зинен француз жана англис тилдеринде өнүккөн. 1950–1960-жылдары Камерун адабиятында Монго Бетинин, Ф. Ойононун социалдык-турмуштук чыгарма­лары, повесттери жана романдары, көз каран­дысыздык үчүн күрөш мезгилинде элдик ыр салт­тарынан башат алган поэзия (Хаж аль-Мукра­на, Э. Эпанья-Йондо) жаралып, 21-кылымдын башын­да П. Монгонун, Монго Бетинин романдары ке­ңири белгилүү болгон. 1950–1960-жылдардын чегинде китеп басуу иши өнүгө баштаган. 1966-жылы жазуучулар жана акындар ассоциациясы тү­зүлгөн.
Шари жана Логон дарыяларынын жээктеринде – өлкөнүн түндүгүндө Камерун элинин байыркы архитектуралык эсте­ликтери сакталган. Камерунда музгу элинин жалаң чоподон тургузулган көмөргөн идиш сымал тамы башкалардыкынан өзгөчө. XIX кылымда шаарлар (Яун­де жана башкалар) пайда болуп, европалык типтеги имарат­тар курулган.

Жыгачка оюу түшүрүү, карапа жа­соо, коло куюу, сайма өнөрү кеңири тараган. Улуттук искусствонун гүлдөшүнө орчундуу салым кошкон живописчилер менен айкелчилер: Абос­соло, Кенфак, Мпандо, кийинчерээк Момбе Мас­санга, Г. Муафо, Исам Канко жана башкалар Камерун элдеринде (фульбе, хаус, пигмей жана башкалар) ба­йыртадан салттуу музыка маданияты болуп, өлкөнүн түндүк-чыгыш райондорунда сакталып калган. Алар флейта, барабан, труба сыяктуу жана башка музыкалык аспаптарды колдонушкан. XIX кылымдын аягынан Дуала, Яунде шаарларында маданият калыптана баштап, батыш тибиндеги бий оркестрлери (аккордеон, гитара, банжо, саксофон, контрабас) жана аскер үйлөмө аспап оркестрлери пайда болгон. XX к­ылымдын ортосунда Камерундун бий жана музыкасына ла­тын америкалык маданияттын таасири тийген. XIX кылымдын аягында Камерун салттуу музыкасын изилдөө (не­мис жана француз музыка таануучулары, каме­рундук музыка таануучу Э. Мохаммаду, авст­риялык окумуштуу Г. Кубик) иштери жүргү­зүлгөн. 1972-жылы Камерун композиторлор жана музыкант­тар уюму негизделип, салттуу музыка фестивал­дары өткөрүлөт. XIX кылымдын аягы – XX кылымдын башында француз миссионерлеринин таасири менен Камерун драматургия­сы өнүгө баштаган: Ф. Тонго Дибунду, К. Кве­ди, А. Ндумбе Мусинги жана башкалардын пьесалары дин майрамдарында көрүүчүлөргө тартууланган. 1955-жылы Яундеде С. Авон жетектеген Камерун жаш артисттеринин ассоциациясы түзүлүп, «Эбута­нын үйлөнүшү», «Жумушсуз» пьесалары коюл­ган. 1961-жылы Дуалада Камерун элдик театры (жетек­чиси Боэ-а-Аманга), 1974-жылы улуттук театр не­гизделген. 1970–2000-жылдардагы Камерун белгилүү драматург­дары: П. Ндеди Пенда, П. Ассенг, П. Монго, Ж. Дохо, В. Эпи Нгоме, режиссёрлору: Э. Кеки Маньо, А. Банг. Учурда Дуалада «Жашыл те­атр», Э. Пендин «Көчмө театры», «Дуал арт» маданий борбору иштейт. 1960-жылга чейин Камерунда чет элдик режиссёрлор (анын ичинде француз режиссёру Ж. Ж. Жене) кино тартыш­кан. Камерун кинематографтарынын этнографиялык мүнөздөгү алгачкы иштери – Т. Сити-Белланын «Ошол жак­та Парижде» (1963), Ж. П. Нгассанын «Бамбили­кенин чоң үйү» (1966) жана башкалар. Маалымат министрли­гинин алдында кино иштери боюнча бөлүм (1966) жана кино өндүрүштүн финансылык фонду (1973) түзүлгөндөн Камерун улуттук кино искусствосу өнүгө баш­таган. Көптөгөн кинематографисттер чет өлкөдөн (Франция жана башкалар) атайын билим алышкан. Бел­гилүү кино режиссёрлору: Ж. П. Диконг-Пипа, Д. Камва, Ж. П. Беколо жана башкалар.

Камерун акчасы.
Музгу турак жайы.

Ад.: Африка. Энциклопедический справочник. Т. 1. М., 1986; Многоликий мир африканского кино. М., 1993; Соколов А. Г. Республика Камерун. Справочник. М., 1996; 1000 футболистов. М., 2007; Камерун // Большая Российская Энциклопедия. Т. 12. М., 2008.

Ө. Бараталиев, Ш. Керимова.