КАЛЬЯРИ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (3 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАЛЬЯ́РИ</b> – Италиядагы шаар. Сардиния | <b type='title'>КАЛЬЯ́РИ</b> – Италиядагы шаар. Сардиния аралынын башкы экономикалык жана маданий борбору. Сардиния облусунун жана Кальяри районунун административдик борбору. Сар­диния аралынын түштүгүндө жайгашкан. Калкы 154,1 миң (2008; шаар айланасы менен 380 миң). Жер Ортолук деңизинин Кальяри булуңундагы порт (жылына 4,6 млн тонна жүк ташылат). Аэро­порту бар. Финикиялыктар тарабынан биздин заманга чейинки VII кылымда негизделген. Шаардын эски бөлүгү арал­дын деңиз жак жээгиндеги дөңсөөлөрдө жай­гашып, орто кылымдын сепилдери, дубалдар жана мунаралар менен курчалган. Амфитеатр (биздин заманга чейинки I кылым – биздин замандын I кылымы; бул жерде жайында опера спек­таклдери өткөрүлөт), Ыйыктар Косма жана Да­миан (же Ыйык Сатурнин, V–VII кылымдар, Кальяридеги эң ба­йыркы храм) жана Ыйык Эфизио (V кылым) чир­көөлөрү, Санта-Мария-Ассунта (XIII–XIV кылымдар) собо­ру, палаццо жана башкалар сакталган. Университет, астрономиялык обсер­ватория, мамлекеттик архив, китепканалар, улуттук пинакотека, музейлер, сүрөт галереясы, опера театры бар. Машина куруу, металл иштетүү, электр­техникалык, жыгаччылык, текстиль, тамак-аш жана та­меки өнөр жай ишканалары иштейт. Ботаникалык бак уюштурулган. Шаардын экономикасын тейлөө чөйрөсү түзөт. Жыл сайын күндөлүк керектелүүчү товарлардын эл аралык көргөзмөсү өткөрүлөт. Туризм (яхтинг, дайвинг) өнүккөн. | ||
башкы | |||
чөйрөсү түзөт. Жыл сайын күндөлүк керектелүүчү товарлардын эл аралык көргөзмөсү өткөрүлөт. Туризм (яхтинг, дайвинг) өнүккөн. | |||
[[Категория:4-том, 1-50 бб]] | [[Категория:4-том, 1-50 бб]] | ||
09:49, 27 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы
КАЛЬЯ́РИ – Италиядагы шаар. Сардиния аралынын башкы экономикалык жана маданий борбору. Сардиния облусунун жана Кальяри районунун административдик борбору. Сардиния аралынын түштүгүндө жайгашкан. Калкы 154,1 миң (2008; шаар айланасы менен 380 миң). Жер Ортолук деңизинин Кальяри булуңундагы порт (жылына 4,6 млн тонна жүк ташылат). Аэропорту бар. Финикиялыктар тарабынан биздин заманга чейинки VII кылымда негизделген. Шаардын эски бөлүгү аралдын деңиз жак жээгиндеги дөңсөөлөрдө жайгашып, орто кылымдын сепилдери, дубалдар жана мунаралар менен курчалган. Амфитеатр (биздин заманга чейинки I кылым – биздин замандын I кылымы; бул жерде жайында опера спектаклдери өткөрүлөт), Ыйыктар Косма жана Дамиан (же Ыйык Сатурнин, V–VII кылымдар, Кальяридеги эң байыркы храм) жана Ыйык Эфизио (V кылым) чиркөөлөрү, Санта-Мария-Ассунта (XIII–XIV кылымдар) собору, палаццо жана башкалар сакталган. Университет, астрономиялык обсерватория, мамлекеттик архив, китепканалар, улуттук пинакотека, музейлер, сүрөт галереясы, опера театры бар. Машина куруу, металл иштетүү, электртехникалык, жыгаччылык, текстиль, тамак-аш жана тамеки өнөр жай ишканалары иштейт. Ботаникалык бак уюштурулган. Шаардын экономикасын тейлөө чөйрөсү түзөт. Жыл сайын күндөлүк керектелүүчү товарлардын эл аралык көргөзмөсү өткөрүлөт. Туризм (яхтинг, дайвинг) өнүккөн.