КАЛЫК Акыев: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (2 intermediate revisions by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАЛЫК</b> Акыев [1883, На­рын | <b type='title'>КАЛЫК</b> '''Акыев''' [1883, На­рын облусу, Жумгал району, Кулжыгач (азыркы Түгөл-Сай айылы) – 3. 11. 1953, Фрунзе] – төкмө акын, Кыр­гыз ССРинин эл артисти (1939). Калык ырчы катары 18–19 жашын­да таанылган. Буга чейин эле ал айыл арасында элдик ырларды ырдап жүргөн. | ||
Сай айылы) – 3. 11. 1953, | |||
Фрунзе] – төкмө акын, Кыр­гыз | |||
[[File:КАЛЫК15.png | thumb | none]] | [[File:КАЛЫК15.png | thumb | none]] | ||
«Жокчулук» аттуу туңгуч ырында «жалдыратып байларга жалчы кылган, бүтүн жанды кемитип жарты кылган» теңсиз­дик коомду, падыша бийлигинин адилетсизди­гин ачык көрсөткөн. Октябрь | «Жокчулук» аттуу туңгуч ырында «жалдыратып байларга жалчы кылган, бүтүн жанды кемитип жарты кылган» теңсиз­дик коомду, падыша бийлигинин адилетсизди­гин ачык көрсөткөн. Октябрь революциясына чейин­ки кедейлердин турмушу «Жер кепеде өткөн күн», «Саламдашуу», «Чыйбылдын үйүндө» жана башка ырларында айтылат. Калыктын революцияга чейинки ырлары мене­н айтыштарынын көбү убагында кагазга түшүрүлбөй калган. Анын ырчылык өнөрүнүн жетилишине Токтогулдун таалими зор. Адегенде ал <i>Калмырза, Эшмамбет, Жеңижок, Ай­дараалы</i> өңдүү ырчылардан таалим алып, ыр­чылык өнөрүн өөрчүтсө, Токтогул анын талан­тын таптап, чындыкты таамай ырдоого, кара­пайым эл турмушун тартынбай айтууга багыт берген. Калык улуу акын менен бирге көп жүрүп, эл­дин муң-зары, кайгы-кубанычы жөнүндө бирге ыр­дашкан. Экөөнөн «Саламдашуу», «Карымшак­тыкындагы ыр», «Анжыян тарабында», «Кош­тошуу», «Бакачы дыйкан Кебекчи» дегендей бел­гилүү алым-сабак айтыштар калган.<br>Калык «Жакшы күтүп алалы», «Кытайдан кайт­кан туугандарга» (1918–1919) сыяктуу ырларын­да Октябрь революциясынын жеңишин, Совет бий­лигинин орношун билдирген. 1919-жылы ырчы Жети-Суу облусунун туңгуч съездине делегат бо­луп катышып, жаңы заманды даңазалаган «Съезддеги куттуктоо» деген ырын ырдаган. 1926-жылы Калык Фрунзеде жаңы ачылган Кыргыз улуттук театрына артист болуп кирип, 1936-жылы Кыргыз мамлекеттик филармониясына которулуп, өмүрүнүн акырына чейин анда иштеген. Бул жылдары Калык кыргыздын эл шайырлары менен бир­ге жүрүп, республикадагы эмгек кайнаган жерлерде болуп, социалдык жаңылыктарды көрүп, ма­даний жана коомдук турмушка белсене катыш­кан. Мындай жагдайлар Калыктын 1930–1940-жыл­дардагы ырларынын тематикасын мурдагыга караганда алда канча кеңейткен, маанисин дагы тереңдеткен. Улуу Ата Мекендик согуш мезги­линде ондогон патриоттук ырларды жараткан: «Панфилов баатырга», «Улуу жеңиш» (экөө тең 1936), «Өлбөс баатыр» (1940). «Ырлар жана поэ­малар» (1940), «Ырлар жыйнагы» (1943), «Тан­далган ырлар» (1958) аттуу ыр жыйнактары жарыкка чыккан. «Баскан жол» (1964) ме­муардык чыгармасынын илимий жана эстетикалык мааниси зор. Ал Токтогулдун ырларын жыйнап, бастырууга чоң эмгек жумшаган. Калык кыр­гыз элинин эпикалык чыгармаларынын дээрлик бүт баарын айткан. Анын айтуусунда «Жа­ныш-Байыш», «Курманбек» аттуу кенже эпос­тор жарык көрдү (1970). Андан «Карагул ботом», «Карач дөө», «Ак Мөөр», «Өмүр жана Болот», «Бир асыл» аттуу дастандар жазылып алынган. Ысмы туулуп-өскөн айылындагы мектепке, Бишкек шаарындагы К. Акыев атындагы көчөгө эстели­ги тургузулду. Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Бел­гиси» ордендери менен сыйланган. | ||
өнөрүнүн жетилишине Токтогулдун таалими зор. Адегенде ал <i>Калмырза, Эшмамбет, Жеңижок, Ай­дараалы</i> өңдүү ырчылардан таалим алып, ыр­чылык өнөрүн өөрчүтсө, Токтогул анын талан­тын таптап, чындыкты таамай ырдоого, кара­пайым эл турмушун тартынбай айтууга багыт берген. | |||
«Съезддеги куттуктоо» деген ырын ырдаган. 1926- | |||
өмүрүнүн акырына чейин анда иштеген. Бул | |||
жылдары | |||
«Панфилов баатырга», «Улуу жеңиш» (экөө тең 1936), «Өлбөс баатыр» (1940). «Ырлар жана поэ­малар» (1940), «Ырлар жыйнагы» (1943), «Тан­далган ырлар» (1958) аттуу ыр жыйнактары жарыкка чыккан. «Баскан жол» (1964) ме­муардык чыгармасынын | |||
Ад.: <i>Кебекова Б.</i> Кыргыз эл ырчылары. Б., 1994; <i>Обозканов А.</i> Калык Акы уулунун көп кырдуу өнөр­канасы. Б., 2000; Төкмөлүктүн башаты – калыптануу жана синкреттүү табияты. Б., 2006. | |||
Ад.: <i>Кебекова Б.</i> Кыргыз эл ырчылары. Б., 1994; | |||
<i>Обозканов А.</i> Калык Акы уулунун көп кырдуу өнөр­канасы. Б., 2000; Төкмөлүктүн башаты – калыптануу | |||
жана синкреттүү табияты. Б., 2006. | |||
<p align='right'><i type='author'>А. Обозканов.</i></p> | <p align='right'><i type='author'>А. Обозканов.</i></p> | ||
[[Категория:4-том, 1-50 бб]] | [[Категория:4-том, 1-50 бб]] | ||
05:31, 27 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы
КАЛЫК Акыев [1883, Нарын облусу, Жумгал району, Кулжыгач (азыркы Түгөл-Сай айылы) – 3. 11. 1953, Фрунзе] – төкмө акын, Кыргыз ССРинин эл артисти (1939). Калык ырчы катары 18–19 жашында таанылган. Буга чейин эле ал айыл арасында элдик ырларды ырдап жүргөн.

«Жокчулук» аттуу туңгуч ырында «жалдыратып байларга жалчы кылган, бүтүн жанды кемитип жарты кылган» теңсиздик коомду, падыша бийлигинин адилетсиздигин ачык көрсөткөн. Октябрь революциясына чейинки кедейлердин турмушу «Жер кепеде өткөн күн», «Саламдашуу», «Чыйбылдын үйүндө» жана башка ырларында айтылат. Калыктын революцияга чейинки ырлары менен айтыштарынын көбү убагында кагазга түшүрүлбөй калган. Анын ырчылык өнөрүнүн жетилишине Токтогулдун таалими зор. Адегенде ал Калмырза, Эшмамбет, Жеңижок, Айдараалы өңдүү ырчылардан таалим алып, ырчылык өнөрүн өөрчүтсө, Токтогул анын талантын таптап, чындыкты таамай ырдоого, карапайым эл турмушун тартынбай айтууга багыт берген. Калык улуу акын менен бирге көп жүрүп, элдин муң-зары, кайгы-кубанычы жөнүндө бирге ырдашкан. Экөөнөн «Саламдашуу», «Карымшактыкындагы ыр», «Анжыян тарабында», «Коштошуу», «Бакачы дыйкан Кебекчи» дегендей белгилүү алым-сабак айтыштар калган.
Калык «Жакшы күтүп алалы», «Кытайдан кайткан туугандарга» (1918–1919) сыяктуу ырларында Октябрь революциясынын жеңишин, Совет бийлигинин орношун билдирген. 1919-жылы ырчы Жети-Суу облусунун туңгуч съездине делегат болуп катышып, жаңы заманды даңазалаган «Съезддеги куттуктоо» деген ырын ырдаган. 1926-жылы Калык Фрунзеде жаңы ачылган Кыргыз улуттук театрына артист болуп кирип, 1936-жылы Кыргыз мамлекеттик филармониясына которулуп, өмүрүнүн акырына чейин анда иштеген. Бул жылдары Калык кыргыздын эл шайырлары менен бирге жүрүп, республикадагы эмгек кайнаган жерлерде болуп, социалдык жаңылыктарды көрүп, маданий жана коомдук турмушка белсене катышкан. Мындай жагдайлар Калыктын 1930–1940-жылдардагы ырларынын тематикасын мурдагыга караганда алда канча кеңейткен, маанисин дагы тереңдеткен. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде ондогон патриоттук ырларды жараткан: «Панфилов баатырга», «Улуу жеңиш» (экөө тең 1936), «Өлбөс баатыр» (1940). «Ырлар жана поэмалар» (1940), «Ырлар жыйнагы» (1943), «Тандалган ырлар» (1958) аттуу ыр жыйнактары жарыкка чыккан. «Баскан жол» (1964) мемуардык чыгармасынын илимий жана эстетикалык мааниси зор. Ал Токтогулдун ырларын жыйнап, бастырууга чоң эмгек жумшаган. Калык кыргыз элинин эпикалык чыгармаларынын дээрлик бүт баарын айткан. Анын айтуусунда «Жаныш-Байыш», «Курманбек» аттуу кенже эпостор жарык көрдү (1970). Андан «Карагул ботом», «Карач дөө», «Ак Мөөр», «Өмүр жана Болот», «Бир асыл» аттуу дастандар жазылып алынган. Ысмы туулуп-өскөн айылындагы мектепке, Бишкек шаарындагы К. Акыев атындагы көчөгө эстелиги тургузулду. Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган.
Ад.: Кебекова Б. Кыргыз эл ырчылары. Б., 1994; Обозканов А. Калык Акы уулунун көп кырдуу өнөрканасы. Б., 2000; Төкмөлүктүн башаты – калыптануу жана синкреттүү табияты. Б., 2006.
А. Обозканов.