ГИПЕРГЕН КЕНДЕРИ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (3 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГИПЕРГЕ́Н КЕНДЕРИ ''' (''гипер''… | '''ГИПЕРГЕ́Н КЕНДЕРИ ''' (''гипер''… жана …''ген''), с е д и м е н т о г е н к е н д е р и, э к з о г е н к е н д е р и – жер бетинде пайда болгон кендер. Гиперген кендери жер бетинде жана анын кыртышынын чамалуу гана тереӊдигинде, ошондой эле көл, деӊиз, океан түбүндө, саздарда механикалык, биогеохимиялык процесстердин натыйжасында пайда болгон кендер. Мында процесстер адегенде тереӊдикте жүрүп, кийин жер бетине чыгып калган тоо тектер менен кендердин минералдык заттарына таасирин тийгизип, аларды өзгөртүп, ажыроого учуратат. Гиперген кендери калдык, инфильтрация, чачынды (россыпь) жана чөкмө болуп бөлүнөт. К а л д ы к гиперген кендери үбөлөнүү зонасында эриген минералдык кошундулар суу менен агып, эрибеген же начар эриген калдыктар ошол орунда калып калышынан пайда болот. И н ф и л ь т р а ц и я гиперген кендери жер астындагы суулардын курамындагы баалуу заттардын (уран, жез, күкүрт) чөгүүсүнөн, ч а ч ы н д ы гиперген кендери тоо этектеринин, дарыя жана деӊиз жээктеринин борпоӊ чөкмө тоо тектеринде оор жана баалуу металлдар менен минералдардын (алтын, платина, вольфрамит, касситерит, циркон, ильменит, алмаз ж. б.) топтолуусунан пайда болот. Ч ө к м ө гиперген кендери деӊиз жана континенттик суулардын түптөрүндө чөкмөлөрдүн (көмүр, күйүүчү сланецтер, нефть, күйүүчү газ, туз, фосфориттер, темир, марганец, алюминий, уран, жез, ванадий кенташтары; кум-шагыл, чопо, акиташ ж. б.) жыйналуусунан пайда болот. Өнөр жайлык маанидеги кен байлыктардын ирилери гиперген кендери менен байланыштуу. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
07:37, 23 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы
ГИПЕРГЕ́Н КЕНДЕРИ (гипер… жана …ген), с е д и м е н т о г е н к е н д е р и, э к з о г е н к е н д е р и – жер бетинде пайда болгон кендер. Гиперген кендери жер бетинде жана анын кыртышынын чамалуу гана тереӊдигинде, ошондой эле көл, деӊиз, океан түбүндө, саздарда механикалык, биогеохимиялык процесстердин натыйжасында пайда болгон кендер. Мында процесстер адегенде тереӊдикте жүрүп, кийин жер бетине чыгып калган тоо тектер менен кендердин минералдык заттарына таасирин тийгизип, аларды өзгөртүп, ажыроого учуратат. Гиперген кендери калдык, инфильтрация, чачынды (россыпь) жана чөкмө болуп бөлүнөт. К а л д ы к гиперген кендери үбөлөнүү зонасында эриген минералдык кошундулар суу менен агып, эрибеген же начар эриген калдыктар ошол орунда калып калышынан пайда болот. И н ф и л ь т р а ц и я гиперген кендери жер астындагы суулардын курамындагы баалуу заттардын (уран, жез, күкүрт) чөгүүсүнөн, ч а ч ы н д ы гиперген кендери тоо этектеринин, дарыя жана деӊиз жээктеринин борпоӊ чөкмө тоо тектеринде оор жана баалуу металлдар менен минералдардын (алтын, платина, вольфрамит, касситерит, циркон, ильменит, алмаз ж. б.) топтолуусунан пайда болот. Ч ө к м ө гиперген кендери деӊиз жана континенттик суулардын түптөрүндө чөкмөлөрдүн (көмүр, күйүүчү сланецтер, нефть, күйүүчү газ, туз, фосфориттер, темир, марганец, алюминий, уран, жез, ванадий кенташтары; кум-шагыл, чопо, акиташ ж. б.) жыйналуусунан пайда болот. Өнөр жайлык маанидеги кен байлыктардын ирилери гиперген кендери менен байланыштуу.