ГИНДУКУШ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''ГИНДУКУ&#769;Ш ''' (иранча Хинду – Индия ж-а кух – тоо) – Азиядагы тоо системасы. Негизинен Афганстан м-н Пакистандын аймагында. Узундугу 800 ''км''дей, туурасы 350 ''км''ге чейин. Эӊ бийик жери 7690 ''м'' (Тиричмир чокусу), борбордук ж-а чыгыш бөлүктөрү башка жерлеринен 4000 ''м''ге бийик. Тоолор альп бүктөлүшүнөн пайда болуп, метаморфизмделген байыркы тоо тектерден (сланец, гранит, акиташ ж. б.), ошондой эле мезозой-кайнозойдун чөкмө катмарларынан турат. Тегерек чокулуу орто бийиктеги кырка тоолор чыгышта бийик бөксө тоолорго ж-а альп тибиндеги рельефтүү, мөӊгүлүү (аянты 6,2 миӊ ''км''<sup>2</sup>) айрым массивдерге өтөт. Негизги кырка тоолору Баба, Пагман. Гиндукуштун батыш уландысы – ''Паропамиз'' тоолору. Климаты континенттик, кургак; жылдык жаан-чачыны 300–800 ''мм'' (түштүк-чыгышында 1000 ''мм''ге чейин). Тикендүү бадал өскөн тоолуу жарым чөл ж-а кургак талаа, түштүк-чыгыш капталдарында жалбырагы күбүлмө, жазы ж-а ийне жалбырактуу токой, бийик бөксө тоолордо – муздак чөл ландшафттары мүнөздүү.
'''ГИНДУКУ&#769;Ш ''' (иранча Хинду – Индия жана кух – тоо) – Азиядагы тоо системасы. Негизинен Афганстан менен Пакистандын аймагында. Узундугу 800 ''км''дей, туурасы 350 ''км''ге чейин. Эӊ бийик жери 7690 ''м'' (Тиричмир чокусу), борбордук ж-а чыгыш бөлүктөрү башка жерлеринен 4000 ''м''ге бийик. Тоолор альп бүктөлүшүнөн пайда болуп, метаморфизмделген байыркы тоо тектерден (сланец, гранит, акиташ ж. б.), ошондой эле мезозой-кайнозойдун чөкмө катмарларынан турат. Тегерек чокулуу орто бийиктеги кырка тоолор чыгышта бийик бөксө тоолорго жана альп тибиндеги рельефтүү, мөӊгүлүү (аянты 6,2 миӊ ''км''<sup>2</sup>) айрым массивдерге өтөт. Негизги кырка тоолору Баба, Пагман. Гиндукуштун батыш уландысы – ''Паропамиз'' тоолору. Климаты континенттик, кургак; жылдык жаан-чачыны 300–800 ''мм'' (түштүк-чыгышында 1000 ''мм''ге чейин). Тикендүү бадал өскөн тоолуу жарым чөл жана кургак талаа, түштүк-чыгыш капталдарында жалбырагы күбүлмө, жазы жана ийне жалбырактуу токой, бийик бөксө тоолордо – муздак чөл ландшафттары мүнөздүү.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

06:29, 23 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы

ГИНДУКУ́Ш (иранча Хинду – Индия жана кух – тоо) – Азиядагы тоо системасы. Негизинен Афганстан менен Пакистандын аймагында. Узундугу 800 кмдей, туурасы 350 кмге чейин. Эӊ бийик жери 7690 м (Тиричмир чокусу), борбордук ж-а чыгыш бөлүктөрү башка жерлеринен 4000 мге бийик. Тоолор альп бүктөлүшүнөн пайда болуп, метаморфизмделген байыркы тоо тектерден (сланец, гранит, акиташ ж. б.), ошондой эле мезозой-кайнозойдун чөкмө катмарларынан турат. Тегерек чокулуу орто бийиктеги кырка тоолор чыгышта бийик бөксө тоолорго жана альп тибиндеги рельефтүү, мөӊгүлүү (аянты 6,2 миӊ км2) айрым массивдерге өтөт. Негизги кырка тоолору Баба, Пагман. Гиндукуштун батыш уландысы – Паропамиз тоолору. Климаты континенттик, кургак; жылдык жаан-чачыны 300–800 мм (түштүк-чыгышында 1000 ммге чейин). Тикендүү бадал өскөн тоолуу жарым чөл жана кургак талаа, түштүк-чыгыш капталдарында жалбырагы күбүлмө, жазы жана ийне жалбырактуу токой, бийик бөксө тоолордо – муздак чөл ландшафттары мүнөздүү.