ГИДРОТЕРМ КЕНДЕРИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГИДРОТЕ́РМ КЕНДЕРИ ''' (''гидро''… | '''ГИДРОТЕ́РМ КЕНДЕРИ ''' (''гидро''… жана грекче thtrme – жылуулук) – жер астындагы минералдашкан ысык суу эриндилеринин чөкмөлөрүнөн пайда болгон кен байлыктар. Жер астындагы ысык ''магма'' сууп, тоо тектерге айлануу мезгилинде алардан гидротерм эриндилери адегенде буу түрүндө бөлүнүп чыгат. Буу жер бетине карай көтөрүлгөндө акырындык менен сууп, суюк эриндиге айланат. Гидротерм эриндилери жер астындагы тоо тектер менен минералдардын курамындагы суу молекулаларынын бошонушунан жана тектоникалык жаракалар аркылуу жер бетинен сарыгып агып түшкөн суулардын тереӊдикте ысыганынан да пайда болот. Эриндилердеги кен пайда кылуучу минералдык заттар магмадан жана ысык суу өткөн тоо тектерден бөлүнүп чыгат. Гидротерм кендери ар кандай (жер бетинен 10 ''км''ге чейин) тереӊдикте, 700–600°Сден улам төмөндөп, 50–25°Сге чейинки температурада жаралат. Бирок практикалык маанилүү гидротерм кендеринин пайда болуусу жүздөгөн ''м''ден 5 ''км''ге чейинки, 400–100°С аралыгында жүрөт. Гидротерм эриндилери ''тектоникалык жаракалар'', майда жарыктар, көӊдөйчөлөр жана жогору көтөрүлгөндө кенташ түзүүчү минералдык заттар бош жерлерге чөгүп, кенташтуу аймактарды пайда кылат. Алар бош жылчыктарды толтуруп калса, кенташ тарамдары пайда болот; эринди жарыкчалуу тоо тектерден өтсө, алардын курамындагы компоненттер менен химиялык реакциялар жүрүп, тоо тектерди өзгөртүп, минералдар тоо тектердин арасына чөгүп, метасоматоздук кенташ кабаттары түзүлөт. Пайда болгон кенташ тулкуларынын формасы ар түрдүү, көбүнчө тарамдар, штокверк, кабат сыяктуу же формасыз болот. Алардын узундугу бир нече ''км'', эни ондогон, жүздөгөн ''м''ге, калыӊдыгы бир нече ''см''ден ондогон ''м''ге чейин жетет. <br/>Гидротерм кендеринин курамы минералдарга бай болушу менен айырмаланат. Кенташ курамы боюнча гидротерм кендери негизинен сульфиддүү, окистүү, карбонаттуу, силикаттуу болуп бир нечеге бөлүнөт. Жердеги көптөгөн кен байлыктарды казып алууда гидротерм кендеринин мааниси өтө зор. Анткени түстүү, асыл, радиоактивдүү жана сейрек металлдар кээ бир асыл жана кооз таштар (турмалин, топаз, берилл) жана асбест, магнезит, флюорит, барит, тоо хрусталы, графит ж. б. негизинен гидротерм кендеринен алынат. Кыргызстанда гидротерм кендеринин бардык түрлөрү кездешет. Мисалы, Ак-Түз жана Ак-Шыйрак кенташ талааларындагы ар кандай кендер. Гидротерм кендерин изилдеп, жиктөөдө (классификациялоодо) чет өлкөлөрдөн америкалык геологдор В. Линдгрен, А. Бэтман, швейцар геологу П. Ниггли, немис геологу П. Шнейдерхён жана орус окумуштуулары М. А. Усов, С. С. Смирнов, Ю. А. Билибин, В. И. ''Смирнов'' ж. б-дын эмгектери зор. | ||
<br/> | |||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
05:53, 23 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы
ГИДРОТЕ́РМ КЕНДЕРИ (гидро… жана грекче thtrme – жылуулук) – жер астындагы минералдашкан ысык суу эриндилеринин чөкмөлөрүнөн пайда болгон кен байлыктар. Жер астындагы ысык магма сууп, тоо тектерге айлануу мезгилинде алардан гидротерм эриндилери адегенде буу түрүндө бөлүнүп чыгат. Буу жер бетине карай көтөрүлгөндө акырындык менен сууп, суюк эриндиге айланат. Гидротерм эриндилери жер астындагы тоо тектер менен минералдардын курамындагы суу молекулаларынын бошонушунан жана тектоникалык жаракалар аркылуу жер бетинен сарыгып агып түшкөн суулардын тереӊдикте ысыганынан да пайда болот. Эриндилердеги кен пайда кылуучу минералдык заттар магмадан жана ысык суу өткөн тоо тектерден бөлүнүп чыгат. Гидротерм кендери ар кандай (жер бетинен 10 кмге чейин) тереӊдикте, 700–600°Сден улам төмөндөп, 50–25°Сге чейинки температурада жаралат. Бирок практикалык маанилүү гидротерм кендеринин пайда болуусу жүздөгөн мден 5 кмге чейинки, 400–100°С аралыгында жүрөт. Гидротерм эриндилери тектоникалык жаракалар, майда жарыктар, көӊдөйчөлөр жана жогору көтөрүлгөндө кенташ түзүүчү минералдык заттар бош жерлерге чөгүп, кенташтуу аймактарды пайда кылат. Алар бош жылчыктарды толтуруп калса, кенташ тарамдары пайда болот; эринди жарыкчалуу тоо тектерден өтсө, алардын курамындагы компоненттер менен химиялык реакциялар жүрүп, тоо тектерди өзгөртүп, минералдар тоо тектердин арасына чөгүп, метасоматоздук кенташ кабаттары түзүлөт. Пайда болгон кенташ тулкуларынын формасы ар түрдүү, көбүнчө тарамдар, штокверк, кабат сыяктуу же формасыз болот. Алардын узундугу бир нече км, эни ондогон, жүздөгөн мге, калыӊдыгы бир нече смден ондогон мге чейин жетет.
Гидротерм кендеринин курамы минералдарга бай болушу менен айырмаланат. Кенташ курамы боюнча гидротерм кендери негизинен сульфиддүү, окистүү, карбонаттуу, силикаттуу болуп бир нечеге бөлүнөт. Жердеги көптөгөн кен байлыктарды казып алууда гидротерм кендеринин мааниси өтө зор. Анткени түстүү, асыл, радиоактивдүү жана сейрек металлдар кээ бир асыл жана кооз таштар (турмалин, топаз, берилл) жана асбест, магнезит, флюорит, барит, тоо хрусталы, графит ж. б. негизинен гидротерм кендеринен алынат. Кыргызстанда гидротерм кендеринин бардык түрлөрү кездешет. Мисалы, Ак-Түз жана Ак-Шыйрак кенташ талааларындагы ар кандай кендер. Гидротерм кендерин изилдеп, жиктөөдө (классификациялоодо) чет өлкөлөрдөн америкалык геологдор В. Линдгрен, А. Бэтман, швейцар геологу П. Ниггли, немис геологу П. Шнейдерхён жана орус окумуштуулары М. А. Усов, С. С. Смирнов, Ю. А. Билибин, В. И. Смирнов ж. б-дын эмгектери зор.