БУЛЧУӉДАР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БУЛЧУӉДАР ''' – жаныбарлар м-н кишинин денесин кыймыл-аракетке келтирүүчү органдар (же алардын мүчөлөрү). Б. кыймылы м-н ар кандай кызмат аткарылат. Алардын негизги касиети – нерв импульстарынын таасири м-н жыйрылууга жөндөмдүүлүгү. Б. жылма ж-а туура-ала булчуӊ ткандарынан турат. Көпчүлүк омурткасыз жаныбарлардын Б-ы ж-а омурткалуу жаныбарлар  
'''БУЛЧУӉДАР ''' – жаныбарлар менен кишинин денесин кыймыл-аракетке келтирүүчү органдар (же алардын мүчөлөрү). Булчуңдар кыймылы менен ар кандай кызмат аткарылат. Алардын негизги касиети – нерв импульстарынын таасири менен жыйрылууга жөндөмдүүлүгү. Булчуңдар жылма жана туура-ала булчуӊ ткандарынан турат. Көпчүлүк омурткасыз жаныбарлардын булчуңдары жана омурткалуу жаныбарлар <br/>
<br/>
[[File:БУЛЧУӉДАР15.png | thumb | none]]
[[File:БУЛЧУӉДАР15.png | thumb | none]]
Кишинин булчуӊ схемасы:  1 – бет булчуӊдары; 2 – моюндун тери алдындагы булчуӊу; 3 – сала сымал булчуӊ; 4 – көкүрөктүн чоӊ булчуӊу; 5 – билек булчуӊу;  6 – курсактын кыйшык булчуӊу; 7 – сан булчуӊу; 8 – сандын төрт баштуу булчуӊунун тарамышы; 9 – манжаны жазуучу узун булчуӊ тарамышы; 9 – манжаны жазуучу узун булчуӊ; 10 – манжаны бүгүүчү узун булчуӊ; 11 – курсактын түз булчуӊу; 12 – ийиндин эки баштуу булчуӊу; 13 – кабырга арасындагы булчуӊ. 
м-н адамдын кан тамырлары, ички органдары (жүрөктөн башка) ж ы л м а булчуңдардан турат. Адамдын, омурткалуу ж-а кээ бир омурткасыз жаныбарлардын тулку бою м-н жүрөгү т у у р а - а л а булчуңдан түзүлөт. Адамдын денесинде 600дөн ашык ар кандай формадагы ж-а түзүлүштөгү  булчуңдар  бар. Алар чоюлууга, кыскарууга, жооноюуга ж-а ичкерүүгө, жыйрылууга жөндөмдүү. Туура-ала булчуң негизинен скелет булчуңдарын түзөт. Ал жумуш аткарганда көп энергия бөлүп чыгарат. Энергиянын 30%и механикалык кызмат аткарууга жумшалып, 70%и жылуулукка айланат. Ошентип булчуӊ системасы денедеги жылуулук чыгаруучу эӊ күчтүү генератор болуп саналат. Булчуңдар өзүнчө тал-тал болгон жипчелерден туруп, бири-бири м-н байламта ткандар аркылуу туташат. Жипчелерди туташтыруучу байламталар ар бир булчуӊдун учунда жайгашып, булчуӊ тарамыштарына айланат. Алардын жардамы м-н сөөктөргө бекийт. Денедеги бардык булчуңдардын жетишерлик өлчөмдө кан тамырлары ж-а нервдери бар. Ошондуктан аларда зат алмашуу жүрүп, иши тартипке салынып турат. Сырткы көрүнүшү боюнча узун, кыска, жазы, жумуру, тегерек, жалпак ж-а түз болот; аткарган ишине карата жумдургуч, ачтыргыч, бүктүргүч, жаздыргыч, денеге жакындатуучу ж-а денеден алыстатуучу болуп бөлүнөт. Сөөккө бекүүчү учтарынын саны боюнча булчуңдар бир ача, үч ача ж-а төрт ача болот. Ар кандай топтогу булчуңдардын кызматы ар түрдүү.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

[[Category: 2-том]]

05:48, 20 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы

БУЛЧУӉДАР – жаныбарлар менен кишинин денесин кыймыл-аракетке келтирүүчү органдар (же алардын мүчөлөрү). Булчуңдар кыймылы менен ар кандай кызмат аткарылат. Алардын негизги касиети – нерв импульстарынын таасири менен жыйрылууга жөндөмдүүлүгү. Булчуңдар жылма жана туура-ала булчуӊ ткандарынан турат. Көпчүлүк омурткасыз жаныбарлардын булчуңдары жана омурткалуу жаныбарлар