ГИДРОГЕОЛОГИЯЛЫК КАРТА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ГИДРОГЕОЛОГИЯЛЫК КА́РТА ''' – жер астындагы суулардын жайгашуу ж-а таралуусун чагылдырган карта. Г. к. гидрогеологиялык съёмканын маалыматтарына таянып, ''геологиялык карталардын'' негизинде түзүлөт. Картада суулуу кабаттардын геол. түзүлүшү м-н таралышы, булактар, алардын дебити, тереӊдиги м-н хим, курамы, кудуктар, бургуланган көзөнөкчөлөр, көлдөр, саздар, агын суулар ж. б. көрсөтүлөт. Г. к. ири (1:50 000 ж -а андан чоӊ), орто (1:200 000 – 1:100 000), кичине масштабдагы (1:500 000 ж-а андан да кичине) болуп бөлүнөт. Изилдөөнүн максатына жараша – жалпы, негизги суулуу кабаттар; атайын максаттагы Г. к-ларга ажыратылат. Г. к-га аймактын гидрогеол. шарттарын мүнөздөөчү түшүндүрмө текст кошо берилет. Азыркы учурда КМШнын аймагынын 1:2 500 000 масштабдагы жалпы Г. к-сы, гидрохим. карта, жер астындагы минералдуу, жылуу ж-а ысык суулар ж. б-дын карталары түзүлгөн. Көп жерлердин 1:500 000 ж-а 1:200 000 масштабдагы карталары бар. Кырг-ндын көпчүлүк өрөөндөрү үчүн кичи масштабдагы (1:500 000), ал эми Чүй, Ысык-Көл, Талас ж-а Фергана өрөөндөрүнүн ири масштабдагы (1:50 000) Г. к-лары түзүлгөн.  
'''ГИДРОГЕОЛОГИЯЛЫК КА́РТА ''' – жер астындагы суулардын жайгашуу жана таралуусун чагылдырган карта. Гидрогеологиялык карта гидрогеологиялык съёмканын маалыматтарына таянып, ''геологиялык карталардын'' негизинде түзүлөт. Картада суулуу кабаттардын геологиялык түзүлүшү менен таралышы, булактар, алардын дебити, тереӊдиги менен химиялык курамы, кудуктар, бургуланган көзөнөкчөлөр, көлдөр, саздар, агын суулар ж. б. көрсөтүлөт. Гидрогеологиялык карта ири (1:50 000 жана андан чоӊ), орто (1:200 000 – 1:100 000), кичине масштабдагы (1:500 000 жана андан да кичине) болуп бөлүнөт. Изилдөөнүн максатына жараша – жалпы, негизги суулуу кабаттар; атайын максаттагы гидрогеологиялык карталарга ажыратылат. Гидрогеологиялык картага аймактын гидрогеологиялык шарттарын мүнөздөөчү түшүндүрмө текст кошо берилет. Азыркы учурда КМШнын аймагынын 1:2 500 000 масштабдагы жалпы гидрогеологиялык картасы, гидрохимиялык карта, жер астындагы минералдуу, жылуу жана ысык суулар жана башкалардын карталары түзүлгөн. Көп жерлердин 1:500 000 жана 1:200 000 масштабдагы карталары бар. Кыргызстандын көпчүлүк өрөөндөрү үчүн кичи масштабдагы (1:500 000), ал эми Чүй, Ысык-Көл, Талас жана Фергана өрөөндөрүнүн ири масштабдагы (1:50 000) гидрогеологиялык карталары түзүлгөн.  
<br/>''К. А. Кожобаев.''
 
<br />''К. А. Кожобаев.''
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

10:11, 16 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы

ГИДРОГЕОЛОГИЯЛЫК КА́РТА – жер астындагы суулардын жайгашуу жана таралуусун чагылдырган карта. Гидрогеологиялык карта гидрогеологиялык съёмканын маалыматтарына таянып, геологиялык карталардын негизинде түзүлөт. Картада суулуу кабаттардын геологиялык түзүлүшү менен таралышы, булактар, алардын дебити, тереӊдиги менен химиялык курамы, кудуктар, бургуланган көзөнөкчөлөр, көлдөр, саздар, агын суулар ж. б. көрсөтүлөт. Гидрогеологиялык карта ири (1:50 000 жана андан чоӊ), орто (1:200 000 – 1:100 000), кичине масштабдагы (1:500 000 жана андан да кичине) болуп бөлүнөт. Изилдөөнүн максатына жараша – жалпы, негизги суулуу кабаттар; атайын максаттагы гидрогеологиялык карталарга ажыратылат. Гидрогеологиялык картага аймактын гидрогеологиялык шарттарын мүнөздөөчү түшүндүрмө текст кошо берилет. Азыркы учурда КМШнын аймагынын 1:2 500 000 масштабдагы жалпы гидрогеологиялык картасы, гидрохимиялык карта, жер астындагы минералдуу, жылуу жана ысык суулар жана башкалардын карталары түзүлгөн. Көп жерлердин 1:500 000 жана 1:200 000 масштабдагы карталары бар. Кыргызстандын көпчүлүк өрөөндөрү үчүн кичи масштабдагы (1:500 000), ал эми Чүй, Ысык-Көл, Талас жана Фергана өрөөндөрүнүн ири масштабдагы (1:50 000) гидрогеологиялык карталары түзүлгөн.


К. А. Кожобаев.