ГИДРОГЕОЛОГИЯ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (3 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГИДРОГЕОЛО́ГИЯ ''' (''гидро...'' | '''ГИДРОГЕОЛО́ГИЯ ''' (''гидро...'' жана ''геология'') – жер астындагы суулардын курамын, касиетин, пайда болушун, агышын жана жайгашуу закон ченемин, ошондой эле тоо тектер менен өз ара аракетин изилдөөчү илим. Гидрогеология гидрология (анын ичинен инженердик геология), метеорология, геохимия, геофизика ж. б. Жер жөнүндөгү илимдер менен тыгыз байланышта, математика, химия жана физиканын маалыматтарына таянып, алардын изилдөө ыкмаларын кеӊири колдонот. Гидрогеология комплекстүү илим катары, төмөнкү тармактарга бөлүнөт: ж а л п ы гидрогеология – жер астындагы суунун пайда болушун, физикалык жана химиялык касиеттерин, тоо тектер менен өз ара аракетин изилдейт; ж е р а с т ы н д а г ы с у у н у н д и н а м и к а с ы – жер астындагы суунун табигый жана жасалма факторлордун таасирине байланыштуу болгон кыймылын изилдейт; суунун запасын жана суу чыгарып жаткан бургулоо көзөнөктөрүнүн өндүрүмдүүлүгүн аныктоо ыкмаларын иштеп чыгат; ж е р а с т ы н д а г ы с у у н у н р е ж и м и н ж а н а б а л а н с ы н изилдөөчү багыт – ар түрдүү табигый факторлордун (жер үстүндөгү суулардын режими, жаан-чачындын өлчөмү жана кыртышка сарыгышы, буулануу, аба жана кыртыштын нымдуулугу, температурасы) таасиринен жер астындагы суулардын өзгөрүүсүн иликтейт; г и д р о г е о х и м и я жер астындагы суунун химиялык курамынын калыптанышын жана андагы химиялык элементтердин миграциясынын закон ченемин изилдейт; м и н е р а л д у у, ө н ө р - ж а й л ы к ж а н а а р а ш а н с у у л а р ы жөнүндө илим – минералдуу суунун пайда болушун жана химиялык курамын, генезистик типтерге бөлүнүшүн, булактарын жана ресурсун изилдеп, анын практикада колдонуу проблемаларын (негизинен дарылануу үчүн) чечет. Курамында ар түрдүү элементтер (иод, бром, бор, стронций, литий, радий ж. б.) көп өлчөмдө болгон суу өнөр жайлык деп аталып, аталган элементтерди бөлүп алуу үчүн изилденет. Ысык сууларды үй жылытуу ж. б. максаттар үчүн издөө жана чалгындоо иштери жүргүзүлөт; м е л и о р а ц и я л ы к гидрогеология суу байлыктарын айыл чарбасында туура пайдалануу, сугат жана кургатылуучу жерлердин гидрогеологиялык шарттарын жакшыртуу ыкмаларын иштеп чыгат. К е н б а й л ы к т а р д ы н гидрогеологиясы кендерди казып алуу маселелерин чечүү үчүн жер астындагы сууну толук изилдейт; р е г и о н д у к гидрогеология жер астындагы суунун геологиялык структура менен байланышын жана ар түрдүү табигый шарттарда таралуу закон ченемин изилдейт. Гидрогеология геология илими менен бирге байыркы замандан бери өнүгүп келген. Жер астындагы сууну кудук казып пайдаланууну, кяриздерди куруу ишин байыркы гректер, Кавказ жана Орто Азия элдери колдонгон. Жер астындагы суулардын айрымдары дартка шыпаа болорун Фараби менен Ибн Сина белгилеген. Гидрогеология илими 19-кылымдын 2-жарымынан өзүнчө илимий тармак катары калыптанып, анын өнүгүшү М. В. Ломоносов, В. М. Севергин, С. Н. Никитин, ''И. В. Мушкетов,'' Э. Зюсс, А. Н. Лейн, X. Хефер ж. б. илимпоздордун ысымдары менен байланыштуу. Кыргызстанда гидрогеология илиминин өнүгүшүнө салым кошкон илимпоздор: ''П. Г. Григоренко,'' И. А. Талипов, Б. И. Иманкулов, К. Кожобаев ж. б. | ||
<br/>Ад.: ''Ланге О. К.'' Гидрогеология. М., 1969. | |||
<br />Ад.: ''Ланге О. К.'' Гидрогеология. М., 1969. | |||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
09:41, 16 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы
ГИДРОГЕОЛО́ГИЯ (гидро... жана геология) – жер астындагы суулардын курамын, касиетин, пайда болушун, агышын жана жайгашуу закон ченемин, ошондой эле тоо тектер менен өз ара аракетин изилдөөчү илим. Гидрогеология гидрология (анын ичинен инженердик геология), метеорология, геохимия, геофизика ж. б. Жер жөнүндөгү илимдер менен тыгыз байланышта, математика, химия жана физиканын маалыматтарына таянып, алардын изилдөө ыкмаларын кеӊири колдонот. Гидрогеология комплекстүү илим катары, төмөнкү тармактарга бөлүнөт: ж а л п ы гидрогеология – жер астындагы суунун пайда болушун, физикалык жана химиялык касиеттерин, тоо тектер менен өз ара аракетин изилдейт; ж е р а с т ы н д а г ы с у у н у н д и н а м и к а с ы – жер астындагы суунун табигый жана жасалма факторлордун таасирине байланыштуу болгон кыймылын изилдейт; суунун запасын жана суу чыгарып жаткан бургулоо көзөнөктөрүнүн өндүрүмдүүлүгүн аныктоо ыкмаларын иштеп чыгат; ж е р а с т ы н д а г ы с у у н у н р е ж и м и н ж а н а б а л а н с ы н изилдөөчү багыт – ар түрдүү табигый факторлордун (жер үстүндөгү суулардын режими, жаан-чачындын өлчөмү жана кыртышка сарыгышы, буулануу, аба жана кыртыштын нымдуулугу, температурасы) таасиринен жер астындагы суулардын өзгөрүүсүн иликтейт; г и д р о г е о х и м и я жер астындагы суунун химиялык курамынын калыптанышын жана андагы химиялык элементтердин миграциясынын закон ченемин изилдейт; м и н е р а л д у у, ө н ө р - ж а й л ы к ж а н а а р а ш а н с у у л а р ы жөнүндө илим – минералдуу суунун пайда болушун жана химиялык курамын, генезистик типтерге бөлүнүшүн, булактарын жана ресурсун изилдеп, анын практикада колдонуу проблемаларын (негизинен дарылануу үчүн) чечет. Курамында ар түрдүү элементтер (иод, бром, бор, стронций, литий, радий ж. б.) көп өлчөмдө болгон суу өнөр жайлык деп аталып, аталган элементтерди бөлүп алуу үчүн изилденет. Ысык сууларды үй жылытуу ж. б. максаттар үчүн издөө жана чалгындоо иштери жүргүзүлөт; м е л и о р а ц и я л ы к гидрогеология суу байлыктарын айыл чарбасында туура пайдалануу, сугат жана кургатылуучу жерлердин гидрогеологиялык шарттарын жакшыртуу ыкмаларын иштеп чыгат. К е н б а й л ы к т а р д ы н гидрогеологиясы кендерди казып алуу маселелерин чечүү үчүн жер астындагы сууну толук изилдейт; р е г и о н д у к гидрогеология жер астындагы суунун геологиялык структура менен байланышын жана ар түрдүү табигый шарттарда таралуу закон ченемин изилдейт. Гидрогеология геология илими менен бирге байыркы замандан бери өнүгүп келген. Жер астындагы сууну кудук казып пайдаланууну, кяриздерди куруу ишин байыркы гректер, Кавказ жана Орто Азия элдери колдонгон. Жер астындагы суулардын айрымдары дартка шыпаа болорун Фараби менен Ибн Сина белгилеген. Гидрогеология илими 19-кылымдын 2-жарымынан өзүнчө илимий тармак катары калыптанып, анын өнүгүшү М. В. Ломоносов, В. М. Севергин, С. Н. Никитин, И. В. Мушкетов, Э. Зюсс, А. Н. Лейн, X. Хефер ж. б. илимпоздордун ысымдары менен байланыштуу. Кыргызстанда гидрогеология илиминин өнүгүшүнө салым кошкон илимпоздор: П. Г. Григоренко, И. А. Талипов, Б. И. Иманкулов, К. Кожобаев ж. б.
Ад.: Ланге О. К. Гидрогеология. М., 1969.