ГЕОЭКОЛОГИЯЛЫК КАРТА ТҮЗҮҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
(2 intermediate revisions by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ГЕОЭКОЛОГИЯЛЫК КА́РТА ТҮЗҮҮ – ''' аймактын геоэкологиялык шартын изилдеп ж-а анын картографиялык моделин түзүү б-ча талаа, лабор. ж-а камералык иштердин жыйындысы. Геоэкол. шартка адамзаттын ден соолугуна таасир тийгизүүчү табигый чөйрөнүн мүнөзү ж-а касиеттери, чарбалык системанын иштөөсү, биоценоздордун абалы ж-а алардын техногендик таасирге туруктуулугу кирет. Г. к. т. табигый чөйрөнү коргоо ж-а аны сарамжалдуу пайдалануу б-ча иш-чараларды негиздейт. Г. к. т. үчүн төмөнкү маселелерди чечүү зарыл: 1) табигый чөйрөнүн касиеттерин изилдөө, алардын мейкиндик б-ча өзгөрүү закон ченемин аныктоо, жалпы мүнөздөмөсүн алуу, табигый абалын типтештирүү; 2) геосистемалардын табигый ж-а техногендик таасирлерге реакциясын, алардын таасиринен геол., геофиз., геохим. процесстердин өнүгүү закон ченемдүүлүгүн изилдөө, экол. ж-а инж. тобокелдикке баа берүү; 3) техногендик таасирдин булактарын аныктоо ж-а аларга экол. мүнөздөмө берүү м-н табигат чөйрөсүнүн өзгөрүү мүнөзүн ж-а масштабын аныктоо; 4) учурдагы табигый чөйрөнүн абалына баа берүү, техногендик таасирден анын өзгөрүү деӊгээлин, экол. кырдаалды ж-а экол. абалдын өнүгүү тенденциясын аныктоо.  
'''ГЕОЭКОЛОГИЯЛЫК КА&#769;РТА ТҮЗҮҮ – ''' аймактын геоэкологиялык шартын изилдеп жана анын картографиялык моделин түзүү боюнча талаа, лабораториялык жана камералык иштердин жыйындысы. Геоэкологиялык шартка адамзаттын ден соолугуна таасир тийгизүүчү табигый чөйрөнүн мүнөзү жана касиеттери, чарбалык системанын иштөөсү, биоценоздордун абалы жана алардын техногендик таасирге туруктуулугу кирет. Геоэкологиялык карта түзүү табигый чөйрөнү коргоо жана аны сарамжалдуу пайдалануу боюнча иш-чараларды негиздейт. Геоэкологиялык карта түзүү үчүн төмөнкү маселелерди чечүү зарыл: 1) табигый чөйрөнүн касиеттерин изилдөө, алардын мейкиндик боюнча өзгөрүү закон ченемин аныктоо, жалпы мүнөздөмөсүн алуу, табигый абалын типтештирүү; 2) геосистемалардын табигый жана техногендик таасирлерге реакциясын, алардын таасиринен геологиялык, геофизикалык, геохимиялык процесстердин өнүгүү закон ченемдүүлүгүн изилдөө, экологиялык жана инженердик тобокелдикке баа берүү; 3) техногендик таасирдин булактарын аныктоо жана аларга экологиялык мүнөздөмө берүү менен табигат чөйрөсүнүн өзгөрүү мүнөзүн жана масштабын аныктоо; 4) учурдагы табигый чөйрөнүн абалына баа берүү, техногендик таасирден анын өзгөрүү деӊгээлин, экологиялык кырдаалды жана экологиялык абалдын өнүгүү тенденциясын аныктоо. <br/>''Р. Осмонбекова.''
<br/>''Р. Осмонбекова.''
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

07:54, 16 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы

ГЕОЭКОЛОГИЯЛЫК КА́РТА ТҮЗҮҮ – аймактын геоэкологиялык шартын изилдеп жана анын картографиялык моделин түзүү боюнча талаа, лабораториялык жана камералык иштердин жыйындысы. Геоэкологиялык шартка адамзаттын ден соолугуна таасир тийгизүүчү табигый чөйрөнүн мүнөзү жана касиеттери, чарбалык системанын иштөөсү, биоценоздордун абалы жана алардын техногендик таасирге туруктуулугу кирет. Геоэкологиялык карта түзүү табигый чөйрөнү коргоо жана аны сарамжалдуу пайдалануу боюнча иш-чараларды негиздейт. Геоэкологиялык карта түзүү үчүн төмөнкү маселелерди чечүү зарыл: 1) табигый чөйрөнүн касиеттерин изилдөө, алардын мейкиндик боюнча өзгөрүү закон ченемин аныктоо, жалпы мүнөздөмөсүн алуу, табигый абалын типтештирүү; 2) геосистемалардын табигый жана техногендик таасирлерге реакциясын, алардын таасиринен геологиялык, геофизикалык, геохимиялык процесстердин өнүгүү закон ченемдүүлүгүн изилдөө, экологиялык жана инженердик тобокелдикке баа берүү; 3) техногендик таасирдин булактарын аныктоо жана аларга экологиялык мүнөздөмө берүү менен табигат чөйрөсүнүн өзгөрүү мүнөзүн жана масштабын аныктоо; 4) учурдагы табигый чөйрөнүн абалына баа берүү, техногендик таасирден анын өзгөрүү деӊгээлин, экологиялык кырдаалды жана экологиялык абалдын өнүгүү тенденциясын аныктоо.
Р. Осмонбекова.