ГЕОЭКОЛОГИЯ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГЕОЭКОЛО́ГИЯ ''' ( | '''ГЕОЭКОЛО́ГИЯ ''' (грекче gе – Жер, oicos – үй, жашаган жер жана ''...логия'') – экологиянын биосферага чейинки жогорку деӊгээлдеги экосистемаларды жана геосистемаларды изилдеген бөлүгү; коом менен табияттын өз ара карым-катнашын убакыт мейкиндик закон ченемдүүлүктүн негизинде изилдеген илим тармагы. Ал өзүнө Жер жөнүндөгү илимдер (география, геология ж. б.) менен жандуу табиятты экологиялык-географиялык көз караштын негизинде бириктирет. Геоэкология табиятты сарамжалдуу пайдалануу жана табиятты коргоо боюнча илимий негиздерди түзөт, бирок аларга синоним болбойт. Терминди 1939-жылы немис географы К. Тролль сунуштаган. Ал горизонталдык (табият кубулуштарын мейкиндик боюнча изилдөө) жана вертикалдык (экосистемадагы кубулуштардын бири-бири менен байланышын изилдөө) көз караштарын бириктирүү үчүн колдонгон. Россияда геоэкология географияда (1950) В. Н. Сукачёв, В. Б. Сочава жана И. Г. Герасимовдун демилгеси менен бөлүнгөн. Алар В. И. Вернадскийдин, В. В. Докучаевдин, Г. И. Танфильевдин, Г. Н. Высоцкий менен Г. Ф. Морозовдун экологияга, ландшафт таанууга, фитоценологияга ж. б. илимий багыттарга көз караштарын өнүктүрүп, экосистемалардын, жансыз табияттын өз ара карым-катнашынын закон ченемдүүлүктөрүн жана табият чөйрөсүндөгү кайтарылгыс процесстериндеги адамдын ролун түшүндүргөн. Бул чөйрөдөгү изилдөө иштерин Б. В. Виноградов (1998), И. Е. Тимашов (2000), А. Р. Исаченко (2001), А. А. Тишков (2005) ж. б. илимпоздор уланткан. Экология тирүү организмдер менен чөйрөнүн карым-катнашын изилдесе, Геоэкология чөйрөнү өзүнчө табияттын компоненттерине (рельеф, климат, суу, топурак, өсүмдүктөр жана жаныбарлар) бөлүп, алардын өз ара байланыштарын жана көз карандылыктарын адамдын чарбалык иши менен кошо изилдейт. Азыркы кезде организмдердин өзүлөрү жашаган чөйрөгө тийгизген таасири экинчи планда калып, биринчи планга адамзаттын чарбалык ишинин таасири чыкты. Ошондуктан ар бир ири масштабдагы иш-аракеттер тереӊ изилдөөнүн гана негизинде аткарылышы зарыл. Геоэкологиянын өнүгүшүнүн теориялык негизи адамзат менен табияттын карым-катнашын комплекстүү изилдөөлөрүн, аймактын экологиялык баалануусунун жана курч экологиялык абалдарды аныктоонун негизинде түптөлгөн. Геоэкологиянын изилдей турган негизги объeктиси – адамзаттын табият менен байланышкан иш-аракеттери. Адамзат алдына жаман максат койбойт, табият компоненттерин өзүнө ылайыкташтырып оӊдоп, пайда алууга аракеттенет. Бирок, табиятка кийлигишүү бардык эле убакта оӊ натыйжа бербей, тескери натыйжаларды берип, табият кыйла жабыркайт. Табиятты жабыркаган абалга жеткирбеш үчүн, анын өсүп-өнүгүү закон ченемдүүлүктөрүн жакшы билүү керек. Ошону менен бирге, табияттын өсүп-өнүгүү процессинде адамзаттын иш-аракеттери кандай таасир тийгизерин алдын ала билүү зарыл. Мына ушул маселе – геоэкологиянын милдети. Ошого байланыштуу «Геоэкология» термини төмөнкү иш багыттарды көрсөтүү үчүн да колдонулат: өсүмдүктөр менен чөйрөнүн ортосундагы экологиялык мамилелерди анализдөө аркылуу ландшафтты изилдөө; топологиялык деӊгээлде табият комплекстеринин түзүлүшүн жана иш алып барышын изилдөө; табият комплексинин негизги түзүүчүлөрүнүн өз ара аракеттерин, ошондой эле коомдун табиятты түзгөн ландшафтка таасирин зат жана энергия балансы аркылуу изилдөө ж. б. | ||
<br/>Ад.: ''Белов С. В''. Охрана окружающей среды. М., 1991; ''Дре Ф''. Экология. М., 1976; ''Одум Ю''. Экология. М., 1986; ''Фарб П''. Популярная экология. М., 1971; ''Виноградов Б. В.'' Основы ландшафтной экологии. М., 1998; ''Исаченко А. Г.'' Ведение в экологическую географию. СПб., 2003; ''Осмонов А. О''. Основы геоэкологии. Б., 2003; ''Петров К. М.'' Геоэкология. СПб., 2004; ''Карлович И. А.'' Геоэкология. М., 2005; ''Голубев Г. Н.'' Геоэкология. 2-е изд. М., 2006. | |||
<br/>''А. Осмонов.'' | <br />Ад.: ''Белов С. В''. Охрана окружающей среды. М., 1991; ''Дре Ф''. Экология. М., 1976; ''Одум Ю''. Экология. М., 1986; ''Фарб П''. Популярная экология. М., 1971; ''Виноградов Б. В.'' Основы ландшафтной экологии. М., 1998; ''Исаченко А. Г.'' Ведение в экологическую географию. СПб., 2003; ''Осмонов А. О''. Основы геоэкологии. Б., 2003; ''Петров К. М.'' Геоэкология. СПб., 2004; ''Карлович И. А.'' Геоэкология. М., 2005; ''Голубев Г. Н.'' Геоэкология. 2-е изд. М., 2006. <br />''А. Осмонов.'' | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
07:43, 16 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы
ГЕОЭКОЛО́ГИЯ (грекче gе – Жер, oicos – үй, жашаган жер жана ...логия) – экологиянын биосферага чейинки жогорку деӊгээлдеги экосистемаларды жана геосистемаларды изилдеген бөлүгү; коом менен табияттын өз ара карым-катнашын убакыт мейкиндик закон ченемдүүлүктүн негизинде изилдеген илим тармагы. Ал өзүнө Жер жөнүндөгү илимдер (география, геология ж. б.) менен жандуу табиятты экологиялык-географиялык көз караштын негизинде бириктирет. Геоэкология табиятты сарамжалдуу пайдалануу жана табиятты коргоо боюнча илимий негиздерди түзөт, бирок аларга синоним болбойт. Терминди 1939-жылы немис географы К. Тролль сунуштаган. Ал горизонталдык (табият кубулуштарын мейкиндик боюнча изилдөө) жана вертикалдык (экосистемадагы кубулуштардын бири-бири менен байланышын изилдөө) көз караштарын бириктирүү үчүн колдонгон. Россияда геоэкология географияда (1950) В. Н. Сукачёв, В. Б. Сочава жана И. Г. Герасимовдун демилгеси менен бөлүнгөн. Алар В. И. Вернадскийдин, В. В. Докучаевдин, Г. И. Танфильевдин, Г. Н. Высоцкий менен Г. Ф. Морозовдун экологияга, ландшафт таанууга, фитоценологияга ж. б. илимий багыттарга көз караштарын өнүктүрүп, экосистемалардын, жансыз табияттын өз ара карым-катнашынын закон ченемдүүлүктөрүн жана табият чөйрөсүндөгү кайтарылгыс процесстериндеги адамдын ролун түшүндүргөн. Бул чөйрөдөгү изилдөө иштерин Б. В. Виноградов (1998), И. Е. Тимашов (2000), А. Р. Исаченко (2001), А. А. Тишков (2005) ж. б. илимпоздор уланткан. Экология тирүү организмдер менен чөйрөнүн карым-катнашын изилдесе, Геоэкология чөйрөнү өзүнчө табияттын компоненттерине (рельеф, климат, суу, топурак, өсүмдүктөр жана жаныбарлар) бөлүп, алардын өз ара байланыштарын жана көз карандылыктарын адамдын чарбалык иши менен кошо изилдейт. Азыркы кезде организмдердин өзүлөрү жашаган чөйрөгө тийгизген таасири экинчи планда калып, биринчи планга адамзаттын чарбалык ишинин таасири чыкты. Ошондуктан ар бир ири масштабдагы иш-аракеттер тереӊ изилдөөнүн гана негизинде аткарылышы зарыл. Геоэкологиянын өнүгүшүнүн теориялык негизи адамзат менен табияттын карым-катнашын комплекстүү изилдөөлөрүн, аймактын экологиялык баалануусунун жана курч экологиялык абалдарды аныктоонун негизинде түптөлгөн. Геоэкологиянын изилдей турган негизги объeктиси – адамзаттын табият менен байланышкан иш-аракеттери. Адамзат алдына жаман максат койбойт, табият компоненттерин өзүнө ылайыкташтырып оӊдоп, пайда алууга аракеттенет. Бирок, табиятка кийлигишүү бардык эле убакта оӊ натыйжа бербей, тескери натыйжаларды берип, табият кыйла жабыркайт. Табиятты жабыркаган абалга жеткирбеш үчүн, анын өсүп-өнүгүү закон ченемдүүлүктөрүн жакшы билүү керек. Ошону менен бирге, табияттын өсүп-өнүгүү процессинде адамзаттын иш-аракеттери кандай таасир тийгизерин алдын ала билүү зарыл. Мына ушул маселе – геоэкологиянын милдети. Ошого байланыштуу «Геоэкология» термини төмөнкү иш багыттарды көрсөтүү үчүн да колдонулат: өсүмдүктөр менен чөйрөнүн ортосундагы экологиялык мамилелерди анализдөө аркылуу ландшафтты изилдөө; топологиялык деӊгээлде табият комплекстеринин түзүлүшүн жана иш алып барышын изилдөө; табият комплексинин негизги түзүүчүлөрүнүн өз ара аракеттерин, ошондой эле коомдун табиятты түзгөн ландшафтка таасирин зат жана энергия балансы аркылуу изилдөө ж. б.
Ад.: Белов С. В. Охрана окружающей среды. М., 1991; Дре Ф. Экология. М., 1976; Одум Ю. Экология. М., 1986; Фарб П. Популярная экология. М., 1971; Виноградов Б. В. Основы ландшафтной экологии. М., 1998; Исаченко А. Г. Ведение в экологическую географию. СПб., 2003; Осмонов А. О. Основы геоэкологии. Б., 2003; Петров К. М. Геоэкология. СПб., 2004; Карлович И. А. Геоэкология. М., 2005; Голубев Г. Н. Геоэкология. 2-е изд. М., 2006.
А. Осмонов.