БОЗКОӉОРЧОК: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
''' | ''' БОЗ КОӉОРЧОК''' (Nitraria) – жуп жалбыракту<font color='green'>у</font>лар тукумундагы өсүмдүк уруусу. Бийиктиги 0,5– 2 ''м''ге жеткен, жерге төшөлүп өсүүчү бадал. С<font color='green'>а</font>багы ак же мала жашыл, көп бутактуу, көбүнчө тикендүү. Жалбырагы жан жалбырактуу, саба<font color='green'>к</font>ка кезектешип жайгашат, жээги тегиз, өтө ш<font color='green'>и</font>релүү, ошондуктан алар калыӊ. Гүлү беш мүч<font color='green'>ө</font>лүү, саргыч же ак, жалбырак колтугунда жа<font color='green'>й</font>гашып, бурулча топ гүлгө чогулган. Аталыгы 5– 10, энелиги жалгыз, мөмөлүгү 3 уялуу, чаӊд<font color='green'>а</font>гычы 3 бөлүктүү. Сөөктүү мөмөсү кара, ко<font color='green'>ч</font>кул көк, ширелүү. Топ гүлү – бурулча, түсү сары же ак, 5 мөмөчөлүү. Жер жүзүндө 8 түрү белгилүү, Кыргызстанда 2 түрү тоо этектеринде ак топурактуу, шор ж-а кумдак жерлерде өсөт. Балыкчы шаарына кире бериш жерде өзгөчө өсүмдүк жама<font color='green'>а</font>тын – бархан өсүмдүктүүлүгүн түзөт. Бул ата<font color='green'>л</font>ган аймакта дайыма катуу шамал болуп ту<font color='green'>р</font>гандыктан, кум ар бир боз коңорчоктун түбүнө чогула б<font color='green'>е</font>рип, бийик дөӊчөлөрдү пайда кылат. Мөмөсү к<font color='green'>а</font>наттууларга жакшы жем. Мурдатан эле жергиликтүү эл самын кайнатууда, жүн же кездеме боёдо ко<font color='green'>л</font>донуп келген. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
05:36, 16 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы
БОЗ КОӉОРЧОК (Nitraria) – жуп жалбырактуулар тукумундагы өсүмдүк уруусу. Бийиктиги 0,5– 2 мге жеткен, жерге төшөлүп өсүүчү бадал. Сабагы ак же мала жашыл, көп бутактуу, көбүнчө тикендүү. Жалбырагы жан жалбырактуу, сабакка кезектешип жайгашат, жээги тегиз, өтө ширелүү, ошондуктан алар калыӊ. Гүлү беш мүчөлүү, саргыч же ак, жалбырак колтугунда жайгашып, бурулча топ гүлгө чогулган. Аталыгы 5– 10, энелиги жалгыз, мөмөлүгү 3 уялуу, чаӊдагычы 3 бөлүктүү. Сөөктүү мөмөсү кара, кочкул көк, ширелүү. Топ гүлү – бурулча, түсү сары же ак, 5 мөмөчөлүү. Жер жүзүндө 8 түрү белгилүү, Кыргызстанда 2 түрү тоо этектеринде ак топурактуу, шор ж-а кумдак жерлерде өсөт. Балыкчы шаарына кире бериш жерде өзгөчө өсүмдүк жамаатын – бархан өсүмдүктүүлүгүн түзөт. Бул аталган аймакта дайыма катуу шамал болуп тургандыктан, кум ар бир боз коңорчоктун түбүнө чогула берип, бийик дөӊчөлөрдү пайда кылат. Мөмөсү канаттууларга жакшы жем. Мурдатан эле жергиликтүү эл самын кайнатууда, жүн же кездеме боёдо колдонуп келген.