ГЕОМОРФОЛОГИЯ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГЕОМОРФОЛО́ГИЯ ''' (''гео''... | '''ГЕОМОРФОЛО́ГИЯ ''' (''гео''... жана ''морфология'') – жер бетинин тарыхый жол менен калыптанган рельефин, ошондой эле Ай бетинин жана Күн системасына кирген айрым планеталардын бетинин рельефин изилдеген илим. Ал география жана геология илимдердин курамына кирет. Геоморфология кургактыктын жана деӊиз таманынын рельефинин сырткы турпатын (морфография, морфометрия), рельефтин тигил же бул формаларынын пайда болуусун, жашын, түзүлүү, өнүгүү жана таралуу өзгөчөлүктөрүн; эндогендик жана экзогендик процесстердин (генезистик Геоморфология) таасирин; ошондой эле рельефтин түзүлүшүнө антропогендик факторлордун таасирин изилдейт. Геоморфологиянын негизги ыкмалары: талаа шартында экспедициялык изилдөө жана геоморфологиялык съёмка (жалпы жана атайын геоморфологиялык карталарды түзүүгө негиз болгон), геоморфологиялык процесстерди изилдөө үчүн стационардык жана эксперименттик изилдөөлөр; рельефти аэрофотосъёмка жана космостук съёмка менен изилдөө; океан, деӊиз тамандарын эхолот менен изилдөө; математикалык анализ ж. б. Геоморфология жалпы (рельеф пайда кылуучу бардык комплексти камтыган), жекече (конкреттүү маселени чечүү үчүн бир же бир нече көрсөткүч боюнча рельефти изилдөө), региондук (жердин тигил же бул регионунун рельефин изилдөөчү) болуп бөлүнөт. Геоморфологиянын структуралык геоморфология, климаттык геоморфология, деӊиз геоморфологиясы, динамикалык геоморфология, колдонмо геоморфология (инженердик, чалгындоо), ошондой эле палеогеоморфология тармактары бар. Геоморфология гляциология, төртүнчүлүк доор геологиясы, тектоника (неотектоника), вулканология, спелеология, карст таануу ж. б. менен тыгыз байланышта. Геоморфологиялык маалыматтар кен издөөдө, жолдорду жана курулуштарды долбоорлоодо, эрозия, дефляция, көчкү, сел, кар көчкү сыяктуу табигый кырсыктар менен күрөшүү ыкмаларын иликтөөдө колдонулат. Геоморфология өзүнчө илим катары 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын башында эки геоморфологиялык мектеп (америкалык жана европалык) калыптанган. Ага негиз салгандар: У. М. Дейвис, Ф. Рихтгофен, А. Пенк менен В. Пенк ж. б. У. Дейвистин географиялык цикл жөнүндөгү окуусу, В. Пенктин «Капталдардын морфологиялык анализи» геоморфологияда жаӊы багыт ачты. Ал эми П. П. Семёнов-Тян-Шанский, П. А. Кропоткин, В. В. Докучаев, И. В. Мушкетов, В. А. Обручев, И. С. Щукин, Я. С. Эдельштейн, И. П. Герасимов, К. К. Марков, Ю. А. Мещеряков ж. б. илимпоздор геоморфологияга чоӊ салым кошту. Кыргызстанда геоморфологиялык изилдөөлөрдүн натыйжасында тоолуу рельефтин туруксуз типчелери, криогендик формалары, таш глетчеринин пайда болуу механизми, түзүлүш мүнөзү жана өнүгүүсү тууралуу бай материал топтолуп, анализге алынды. | ||
<br/>Ад.: ''Щукин И. С''. Геоморфология Средней Азии. М., 1983; ''Панов Д. Г''. Общая геоморфология. М., 1966; ''Удинцев Г. Б.'' Рельеф и строение дна океанов. М., 1987; ''Лукашов А. А.'' Рельеф планетных тел. Введение в сравнительную геоморфологию. М., 1996; ''Рычагов Г. И.'' Общая геоморфология. М., 2006. | |||
<br/>''Э. Султаналиев.'' | <br />Ад.: ''Щукин И. С''. Геоморфология Средней Азии. М., 1983; ''Панов Д. Г''. Общая геоморфология. М., 1966; ''Удинцев Г. Б.'' Рельеф и строение дна океанов. М., 1987; ''Лукашов А. А.'' Рельеф планетных тел. Введение в сравнительную геоморфологию. М., 1996; ''Рычагов Г. И.'' Общая геоморфология. М., 2006.<br />''Э. Султаналиев.'' | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
04:16, 16 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы
ГЕОМОРФОЛО́ГИЯ (гео... жана морфология) – жер бетинин тарыхый жол менен калыптанган рельефин, ошондой эле Ай бетинин жана Күн системасына кирген айрым планеталардын бетинин рельефин изилдеген илим. Ал география жана геология илимдердин курамына кирет. Геоморфология кургактыктын жана деӊиз таманынын рельефинин сырткы турпатын (морфография, морфометрия), рельефтин тигил же бул формаларынын пайда болуусун, жашын, түзүлүү, өнүгүү жана таралуу өзгөчөлүктөрүн; эндогендик жана экзогендик процесстердин (генезистик Геоморфология) таасирин; ошондой эле рельефтин түзүлүшүнө антропогендик факторлордун таасирин изилдейт. Геоморфологиянын негизги ыкмалары: талаа шартында экспедициялык изилдөө жана геоморфологиялык съёмка (жалпы жана атайын геоморфологиялык карталарды түзүүгө негиз болгон), геоморфологиялык процесстерди изилдөө үчүн стационардык жана эксперименттик изилдөөлөр; рельефти аэрофотосъёмка жана космостук съёмка менен изилдөө; океан, деӊиз тамандарын эхолот менен изилдөө; математикалык анализ ж. б. Геоморфология жалпы (рельеф пайда кылуучу бардык комплексти камтыган), жекече (конкреттүү маселени чечүү үчүн бир же бир нече көрсөткүч боюнча рельефти изилдөө), региондук (жердин тигил же бул регионунун рельефин изилдөөчү) болуп бөлүнөт. Геоморфологиянын структуралык геоморфология, климаттык геоморфология, деӊиз геоморфологиясы, динамикалык геоморфология, колдонмо геоморфология (инженердик, чалгындоо), ошондой эле палеогеоморфология тармактары бар. Геоморфология гляциология, төртүнчүлүк доор геологиясы, тектоника (неотектоника), вулканология, спелеология, карст таануу ж. б. менен тыгыз байланышта. Геоморфологиялык маалыматтар кен издөөдө, жолдорду жана курулуштарды долбоорлоодо, эрозия, дефляция, көчкү, сел, кар көчкү сыяктуу табигый кырсыктар менен күрөшүү ыкмаларын иликтөөдө колдонулат. Геоморфология өзүнчө илим катары 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын башында эки геоморфологиялык мектеп (америкалык жана европалык) калыптанган. Ага негиз салгандар: У. М. Дейвис, Ф. Рихтгофен, А. Пенк менен В. Пенк ж. б. У. Дейвистин географиялык цикл жөнүндөгү окуусу, В. Пенктин «Капталдардын морфологиялык анализи» геоморфологияда жаӊы багыт ачты. Ал эми П. П. Семёнов-Тян-Шанский, П. А. Кропоткин, В. В. Докучаев, И. В. Мушкетов, В. А. Обручев, И. С. Щукин, Я. С. Эдельштейн, И. П. Герасимов, К. К. Марков, Ю. А. Мещеряков ж. б. илимпоздор геоморфологияга чоӊ салым кошту. Кыргызстанда геоморфологиялык изилдөөлөрдүн натыйжасында тоолуу рельефтин туруксуз типчелери, криогендик формалары, таш глетчеринин пайда болуу механизми, түзүлүш мүнөзү жана өнүгүүсү тууралуу бай материал топтолуп, анализге алынды.
Ад.: Щукин И. С. Геоморфология Средней Азии. М., 1983; Панов Д. Г. Общая геоморфология. М., 1966; Удинцев Г. Б. Рельеф и строение дна океанов. М., 1987; Лукашов А. А. Рельеф планетных тел. Введение в сравнительную геоморфологию. М., 1996; Рычагов Г. И. Общая геоморфология. М., 2006.
Э. Султаналиев.