ГЕОЛОГИЯЛЫК СИСТЕМА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''ГЕОЛОГИЯЛЫК СИСТЕ́МА ''' – бир ''геологиялык мезгилдин'' ичинде пайда болгон тоо тек катмарлары; жалпы ''стратиграфиялык шкаланын'' экинчи катардагы бирдиги. Ал ташка айланган жандыктардын (фауна) тукум же уруулары, өсүмдүктөрдүн (флора) уруу же түрлөрүнүн бүт таралышы м-н мүнөздөлөт. Геологиялык система геологиялык бөлүмгө (2 же 3) ж-а геологиялык ярустарга бөлүнүп, бир нече Геологиялык система бир геологиялык топко бириктирилет. Геологиялык системанын аттары ж-а алардын көлөмдөрү 1881-жылы Эл аралык ''геологиялык конгресстин'' 2-сессиясында кабыл алынып, кийин толукталган. Азыр кембрий, ордовик, силур, девон, таш көмүр (карбон), пермь, триас, юра, бор, палеоген, неоген, антропоген сыяктуу Геологиялык системалар бар.
'''ГЕОЛОГИЯЛЫК СИСТЕ́МА ''' – бир ''геологиялык мезгилдин'' ичинде пайда болгон тоо тек катмарлары; жалпы ''стратиграфиялык шкаланын'' экинчи катардагы бирдиги. Ал ташка айланган жандыктардын (фауна) тукум же уруулары, өсүмдүктөрдүн (флора) уруу же түрлөрүнүн бүт таралышы менен мүнөздөлөт. Геологиялык система геологиялык бөлүмгө (2 же 3) жана геологиялык ярустарга бөлүнүп, бир нече геологиялык система бир геологиялык топко бириктирилет. Геологиялык системанын аттары жана алардын көлөмдөрү 1881-жылы Эл аралык ''геологиялык конгресстин'' 2-сессиясында кабыл алынып, кийин толукталган. Азыр кембрий, ордовик, силур, девон, таш көмүр (карбон), пермь, триас, юра, бор, палеоген, неоген, антропоген сыяктуу геологиялык системалар бар.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

03:59, 16 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы

ГЕОЛОГИЯЛЫК СИСТЕ́МА – бир геологиялык мезгилдин ичинде пайда болгон тоо тек катмарлары; жалпы стратиграфиялык шкаланын экинчи катардагы бирдиги. Ал ташка айланган жандыктардын (фауна) тукум же уруулары, өсүмдүктөрдүн (флора) уруу же түрлөрүнүн бүт таралышы менен мүнөздөлөт. Геологиялык система геологиялык бөлүмгө (2 же 3) жана геологиялык ярустарга бөлүнүп, бир нече геологиялык система бир геологиялык топко бириктирилет. Геологиялык системанын аттары жана алардын көлөмдөрү 1881-жылы Эл аралык геологиялык конгресстин 2-сессиясында кабыл алынып, кийин толукталган. Азыр кембрий, ордовик, силур, девон, таш көмүр (карбон), пермь, триас, юра, бор, палеоген, неоген, антропоген сыяктуу геологиялык системалар бар.