ИМАНОВ Данаке: нускалардын айырмасы
(Created page with "'''ИМАНОВ''' Данаке [1897, Россия империясы, Жети-Суу облусу, Пржевальск уезди, Эсенаман (азыркы Жети-Өгүз) айлы – өлгөн жери жана жылы белгисиз] – мамлекеттик ишмер; Түндүк Кыргызстан жана Казакстанда Совет бийлигин орнотуу үчүн күрөшкө катышуучулардын бири. Прже...") |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''ИМАНОВ''' Данаке [1897, Россия империясы, Жети-Суу облусу, Пржевальск уезди, Эсенаман (азыркы Жети-Өгүз) айлы – өлгөн жери жана жылы белгисиз] – мамлекеттик ишмер; Түндүк Кыргызстан жана | '''ИМАНОВ''' Данаке [1897, [[Россия империясы]], [[Жети-Суу облусу]], [[Пржевальск]] уезди, Эсенаман (азыркы Жети-Өгүз) айлы – өлгөн жери жана жылы белгисиз] – мамлекеттик ишмер; Түндүк [[Кыргызстан]] жана [[Казакстан]]да Совет бийлигин орнотуу үчүн күрөшкө катышуучулардын бири. Пржевальск (азыркы [[Каракол]]) шаарындагы орус-тузем мектебинде окуп, 1916-жылдагы көтөрүлүштө (кара: [[Үркүн]]) Кытайга качкан. 1918-жылы ал жактагы качкын кыргыздарды кайра кайтаруу үчүн барган Рудольф [[Маречек]]ке жардам берип, ошол эле жылы өз мекенине кайтып келген. Р. Маречектин кеңеши боюнча К. Шооруков, С. Чонбашевдер менен бирге Д. Иманов Каракол уездинде Түркстан Коммунисттик Жаштар Союзунун мүчөлүгүнө кирип, анын ячейкасын түзүүгө катышкан. 1919-жылы январь айында ыктыярдуу түрдө [[Түркстан]]дагы [[большевиктер]] партиясына кабыл алыны, Каракол уезддик комитетинин үгүт иштерин жүргүзүү, [[Жети-Өгүз]] болуштугунда кедей-кембагалдар комитетин уюштурууда активдүү көмөк көрсөткөн. Ошол эле жылы [[Кызыл Армия]]нын катарына өтүп, 1919-1920-жылдары кызмат өтөп, көп өтпөй Түндүк [[Жети-Суу фронту]]нун 3-чыгыш полкунун өзүнчө эскадрильянын саясий комиссары болуп дайындалат. 1920–1921-жылдары [[Алма-Ата]] шаарында Жети-Суу облустук кедей-дыйкандар союзунун бюросунун төрагасынын орун басары. 1921-жылы [[Ташкент]] шаарындагы жумушчу факультетин бүтүрүп, 1922-жылдан Каракол уездинде [[«]][[Кошчу союзу|Кошчу» союзу]]нун төрагасынын орун басары, 1922–1923-жылдары КПКнын Каракол уезддик шааркомунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп, басмачыларга каршы күрөшкө катышкан. 1922-жылы Түркстан крайлык советинин экинчи съездине делегат болуп шайланып, 1924-жылы [[Кокон]] шаарындагы «Кошчу» союзунун жооптуу катчысынын орун басары, 1924-жылдын октябрь-декабрь айларында ошол эле жерде «Кошчу» союзунун төрагасы, 1924–1925-жылдары [[Ош]] жана [[Пишпек]] шаарларында «Кошчу» союзунун облустук комитетинин төрагасы. 1925–1926-жылдары [[Москва шаары]]ндагы Чыгыш эмгекчилеринин коммунисттик университетинде окуп, 1926–1928-жылдары [[Кыргыз АССРи]]нин облустук агартуу бөлүмү жана саясий агартуу башкы башкармалыгынын төрагалыгына дайындалган. 1927-жылы арабчадан [[латын]] [[алфавит]]ине өтүү боюнча уюштуруу ишине тартылып, жаңы алфавит түзүү комиссиясына мүчө болгон жана [[«Эркин-Тоо» гезити]]нин кезектеги сандарын чыгарууга катышкан. 1929–1932-жылдары Каракол шаарындагы дыйкан жаштары мектебинин, 1932–1934-жылдары айыл-чарба техникумунун директору, 1934–1937-жылдары Ысык-Көл райондук аткаруу комитетинин төрагасы болуп иштеген. Бир нече жолу партиялык конференциялар, Советтердин съезддери ж. б. съезддерге делегат болуп шайланып, Кара Кыргыз обкомунун уюштуруу съездинин биринчи чакырылышында (1925) анын бюросуна жана Кыргыз АССР Советтеринин уюштуруу съездинин биринчи чакырылышында (1927) БКга мүчө болгон. 1937-жылдын 16-августунда советтик бийликке каршы үгүт жүргүзгөн жана «[[Алаш-Ордо]]» уюмунун мүчөсү деген айып менен камакка алынып, 1938-жылдын 10-февралындагы Ички Иштер Эл комиссарлыгынын токтому менен атууга өкүм кылынган. Бирок ал өкүмдүн аткарылган убактысы азырынча белгисиз. Жакын туугандарына берилген күбөлүктө 1944-жылы 19-сентябрда жүрөк оорудан улам көм жумганы айтылган. 1956-жылы 7-августта [[Түркстан аскер округу]]нун трибуналы тарабынан акталган. 1989-жылы Жети-Өгүз айлындагы орто мектепке Д. Имановдун ысмы берилген. | ||
Ад.: Дятленко П. И. Данаке Иманов: долгий путь к исторической и правовой реабилитации. //Вестник Кыргызско-Российского славянского университета. 2013. Т. 13, № 9. | Ад.: Дятленко П. И. Данаке Иманов: долгий путь к исторической и правовой реабилитации. //Вестник Кыргызско-Российского славянского университета. 2013. Т. 13, № 9. | ||
[[Категория:3-том, 449-543 бб]] | |||
02:07, 15 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы
ИМАНОВ Данаке [1897, Россия империясы, Жети-Суу облусу, Пржевальск уезди, Эсенаман (азыркы Жети-Өгүз) айлы – өлгөн жери жана жылы белгисиз] – мамлекеттик ишмер; Түндүк Кыргызстан жана Казакстанда Совет бийлигин орнотуу үчүн күрөшкө катышуучулардын бири. Пржевальск (азыркы Каракол) шаарындагы орус-тузем мектебинде окуп, 1916-жылдагы көтөрүлүштө (кара: Үркүн) Кытайга качкан. 1918-жылы ал жактагы качкын кыргыздарды кайра кайтаруу үчүн барган Рудольф Маречекке жардам берип, ошол эле жылы өз мекенине кайтып келген. Р. Маречектин кеңеши боюнча К. Шооруков, С. Чонбашевдер менен бирге Д. Иманов Каракол уездинде Түркстан Коммунисттик Жаштар Союзунун мүчөлүгүнө кирип, анын ячейкасын түзүүгө катышкан. 1919-жылы январь айында ыктыярдуу түрдө Түркстандагы большевиктер партиясына кабыл алыны, Каракол уезддик комитетинин үгүт иштерин жүргүзүү, Жети-Өгүз болуштугунда кедей-кембагалдар комитетин уюштурууда активдүү көмөк көрсөткөн. Ошол эле жылы Кызыл Армиянын катарына өтүп, 1919-1920-жылдары кызмат өтөп, көп өтпөй Түндүк Жети-Суу фронтунун 3-чыгыш полкунун өзүнчө эскадрильянын саясий комиссары болуп дайындалат. 1920–1921-жылдары Алма-Ата шаарында Жети-Суу облустук кедей-дыйкандар союзунун бюросунун төрагасынын орун басары. 1921-жылы Ташкент шаарындагы жумушчу факультетин бүтүрүп, 1922-жылдан Каракол уездинде «Кошчу» союзунун төрагасынын орун басары, 1922–1923-жылдары КПКнын Каракол уезддик шааркомунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп, басмачыларга каршы күрөшкө катышкан. 1922-жылы Түркстан крайлык советинин экинчи съездине делегат болуп шайланып, 1924-жылы Кокон шаарындагы «Кошчу» союзунун жооптуу катчысынын орун басары, 1924-жылдын октябрь-декабрь айларында ошол эле жерде «Кошчу» союзунун төрагасы, 1924–1925-жылдары Ош жана Пишпек шаарларында «Кошчу» союзунун облустук комитетинин төрагасы. 1925–1926-жылдары Москва шаарындагы Чыгыш эмгекчилеринин коммунисттик университетинде окуп, 1926–1928-жылдары Кыргыз АССРинин облустук агартуу бөлүмү жана саясий агартуу башкы башкармалыгынын төрагалыгына дайындалган. 1927-жылы арабчадан латын алфавитине өтүү боюнча уюштуруу ишине тартылып, жаңы алфавит түзүү комиссиясына мүчө болгон жана «Эркин-Тоо» гезитинин кезектеги сандарын чыгарууга катышкан. 1929–1932-жылдары Каракол шаарындагы дыйкан жаштары мектебинин, 1932–1934-жылдары айыл-чарба техникумунун директору, 1934–1937-жылдары Ысык-Көл райондук аткаруу комитетинин төрагасы болуп иштеген. Бир нече жолу партиялык конференциялар, Советтердин съезддери ж. б. съезддерге делегат болуп шайланып, Кара Кыргыз обкомунун уюштуруу съездинин биринчи чакырылышында (1925) анын бюросуна жана Кыргыз АССР Советтеринин уюштуруу съездинин биринчи чакырылышында (1927) БКга мүчө болгон. 1937-жылдын 16-августунда советтик бийликке каршы үгүт жүргүзгөн жана «Алаш-Ордо» уюмунун мүчөсү деген айып менен камакка алынып, 1938-жылдын 10-февралындагы Ички Иштер Эл комиссарлыгынын токтому менен атууга өкүм кылынган. Бирок ал өкүмдүн аткарылган убактысы азырынча белгисиз. Жакын туугандарына берилген күбөлүктө 1944-жылы 19-сентябрда жүрөк оорудан улам көм жумганы айтылган. 1956-жылы 7-августта Түркстан аскер округунун трибуналы тарабынан акталган. 1989-жылы Жети-Өгүз айлындагы орто мектепке Д. Имановдун ысмы берилген.
Ад.: Дятленко П. И. Данаке Иманов: долгий путь к исторической и правовой реабилитации. //Вестник Кыргызско-Российского славянского университета. 2013. Т. 13, № 9.