КАЛК: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КАЛК</b> , к а л а й ы к – Жер жүзүндө же анын
<b type='title'>КАЛК</b> , к а л а й ы к – Жер жүзүндө же анын
айрым бөлүгүндө (бир же бир нече өлкөдө, район&shy;до, шаарда) жашаган бардык адамдар. Улам то&shy;лукталып, жаңырып турат. Өндүрүштүн ж-а бүт&shy;күл коомдук мамиленин негизин түзөт. Калкты <i>де&shy;мография</i> илими изилдейт. Биологиялык, географиялык, социал&shy;дык-экономикалык себептен калкта түрдүү процесс болуп турат. Социалдык-экономикалык факторлор калктын өнү&shy;гүшүнө чечүүчү таасир тийгизет. Калк проблемала&shy;ры адамдын биологиялык тегине, айлана-чөйрө м-н өз ара байланышына (к. <i>Жер, Географиялык чөйрө, Биосфера</i>), коомдук формациялардын өнүгүшүнө жараша болот, анткени калктын эмгекке жарам&shy;дуу бөлүгү коомдун негизги өндүргүч күчү болуп саналат. Калкты мүнөздөөчү негизги көрсөткүчтөргө өсүп-өнүгүү (төрөлүү, никелешүү, өлүм-житим, табигый өсүү); жайгашуу, урбанизация, <i>мигра&shy;ция</i>; жыныс ж-а курагы боюнча курамы, үй-бүлөлүк абалы, билим деңгээли, расасы, тили, этностук, диний курамы (к. р<i>аса, этнография</i>) кирет. Палеолит доорунун аягында (болжол м-н б. з. ч. 15-миң жылдык) калктын саны 3 млн, неолиттин аягында (б. з. ч. 2-миң жылдык) – 50 млн, б. з. башында Жерде 230 млнго жеткен, б. з. 1-миң жылдыгынын аягында – 275 млн, 1900-жылы – 1,6 млрд адам болгон; учурда дүйнө калкынын саны 7 млрддан ашты (2011). Калктын саны боюнча ири өлкөлөр (2010): Кытай 1 338 млн, Индия 1 156 млн, АКШ 307 млн, Индонезия 240 млн, Бразилия 198 млн, Пакистан 174 млн, Бангла&shy;деш 156 млн, Нигерия 149 млн, Россия 143,5 млн адам. Кыргызстандын калкы 2011-жылы 5,5 млн адамга жеткен. Дүйнө калкынын орточо жышты&shy;гы 1 <i>км</i><sup>2 </sup>жерге 40 киши, бирок бардык жерде бирдей эмес (1 <i>км</i><sup>2 </sup>жерге Австралия м-н Океа&shy;нияда 4, Батыш Европада 100 киши туура ке&shy;лет). Кургактыктын 7%инде дүйнө калкынын 70%и жайгашып, 30%инде киши жашабайт.
айрым бөлүгүндө (бир же бир нече өлкөдө, район&shy;до, шаарда) жашаган бардык адамдар. Улам то&shy;лукталып, жаңырып турат. Өндүрүштүн ж-а бүт&shy;күл коомдук мамиленин негизин түзөт. Калкты <i>де&shy;мография</i> илими изилдейт. Биологиялык, географиялык, социал&shy;дык-экономикалык себептен калкта түрдүү процесс болуп турат. Социалдык-экономикалык факторлор калктын өнү&shy;гүшүнө чечүүчү таасир тийгизет. Калк проблемала&shy;ры адамдын биологиялык тегине, айлана-чөйрө м-н өз ара байланышына (к. <i>Жер, Географиялык чөйрө, Биосфера</i>), коомдук формациялардын өнүгүшүнө жараша болот, анткени калктын эмгекке жарам&shy;дуу бөлүгү коомдун негизги өндүргүч күчү болуп саналат. Калкты мүнөздөөчү негизги көрсөткүчтөргө өсүп-өнүгүү (төрөлүү, никелешүү, өлүм-житим, табигый өсүү); жайгашуу, урбанизация, <i>мигра&shy;ция</i>; жыныс ж-а курагы боюнча курамы, үй-бүлөлүк абалы, билим деңгээли, расасы, тили, этностук, диний курамы (к. р<i>аса, этнография</i>) кирет. Палеолит доорунун аягында (болжол м-н б. з. ч. 15-миң жылдык) калктын саны 3 млн, неолиттин аягында (б. з. ч. 2-миң жылдык) – 50 млн, б. з. башында Жерде 230 млнго жеткен, б. з. 1-миң жылдыгынын аягында – 275 млн, 1900-жылы – 1,6 млрд адам болгон; учурда дүйнө калкынын саны 7 млрддан ашты (2011). Калктын саны боюнча ири өлкөлөр (2010): Кытай 1 338 млн, Индия 1 156 млн, АКШ 307 млн, Индонезия 240 млн, Бразилия 198 млн, Пакистан 174 млн, Бангла&shy;деш 156 млн, Нигерия 149 млн, Россия 143,5 млн адам. Кыргызстандын калкы 2022-жылы 6,9 млн адамга жеткен. Дүйнө калкынын орточо жышты&shy;гы 1 <i>км</i><sup>2 </sup>жерге 40 киши, бирок бардык жерде бирдей эмес (1 <i>км</i><sup>2 </sup>жерге Австралия м-н Океа&shy;нияда 4, Батыш Европада 100 киши туура ке&shy;лет). Кургактыктын 7%инде дүйнө калкынын 70%и жайгашып, 30%инде киши жашабайт.
[[Категория:4-том, 1-50 бб]]
[[Категория:4-том, 1-50 бб]]

08:32, 13 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы

КАЛК , к а л а й ы к – Жер жүзүндө же анын айрым бөлүгүндө (бир же бир нече өлкөдө, район­до, шаарда) жашаган бардык адамдар. Улам то­лукталып, жаңырып турат. Өндүрүштүн ж-а бүт­күл коомдук мамиленин негизин түзөт. Калкты де­мография илими изилдейт. Биологиялык, географиялык, социал­дык-экономикалык себептен калкта түрдүү процесс болуп турат. Социалдык-экономикалык факторлор калктын өнү­гүшүнө чечүүчү таасир тийгизет. Калк проблемала­ры адамдын биологиялык тегине, айлана-чөйрө м-н өз ара байланышына (к. Жер, Географиялык чөйрө, Биосфера), коомдук формациялардын өнүгүшүнө жараша болот, анткени калктын эмгекке жарам­дуу бөлүгү коомдун негизги өндүргүч күчү болуп саналат. Калкты мүнөздөөчү негизги көрсөткүчтөргө өсүп-өнүгүү (төрөлүү, никелешүү, өлүм-житим, табигый өсүү); жайгашуу, урбанизация, мигра­ция; жыныс ж-а курагы боюнча курамы, үй-бүлөлүк абалы, билим деңгээли, расасы, тили, этностук, диний курамы (к. раса, этнография) кирет. Палеолит доорунун аягында (болжол м-н б. з. ч. 15-миң жылдык) калктын саны 3 млн, неолиттин аягында (б. з. ч. 2-миң жылдык) – 50 млн, б. з. башында Жерде 230 млнго жеткен, б. з. 1-миң жылдыгынын аягында – 275 млн, 1900-жылы – 1,6 млрд адам болгон; учурда дүйнө калкынын саны 7 млрддан ашты (2011). Калктын саны боюнча ири өлкөлөр (2010): Кытай 1 338 млн, Индия 1 156 млн, АКШ 307 млн, Индонезия 240 млн, Бразилия 198 млн, Пакистан 174 млн, Бангла­деш 156 млн, Нигерия 149 млн, Россия 143,5 млн адам. Кыргызстандын калкы 2022-жылы 6,9 млн адамга жеткен. Дүйнө калкынын орточо жышты­гы 1 км2 жерге 40 киши, бирок бардык жерде бирдей эмес (1 км2 жерге Австралия м-н Океа­нияда 4, Батыш Европада 100 киши туура ке­лет). Кургактыктын 7%инде дүйнө калкынын 70%и жайгашып, 30%инде киши жашабайт.