КАЛИМАНТАН: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАЛИМАНТА́Н</b> , Б о р н е о – Малайя архипе­лагындагы эң ири арал; Чоң Зонд | <b type='title'>КАЛИМАНТА́Н</b> , Б о р н е о – Малайя архипе­лагындагы эң ири арал; Чоң Зонд аралынын кура­мында. Чоңдугу боюнча Жер шарындагы Грен­ландиядан кийинки 2-арал; аянты 143,3 миң <i>км</i><sup>2</sup>, жакынкы аралдары м-н 746,5 миң <i>км</i><sup>2</sup>. Түштүк Кытай, Сулу, Сулавеси, Ява деңиздери, Ма­касар ж-а Каримата кысыктары м-н чулганат. Басымдуу бөлүгүн Индонезия, түндүгүн ж-а түндүк- батышын Малайзия ж-а Бруней мамлекеттери ээлейт. Борбордук ж-а түндүк-чыгыш бөлүктөрүндө кырка (эң бийик жери 4101 <i>м</i>, Кинабалу чоку­су) ж-а бөксө тоолор, түштүк ж-а батышында дөңсөөлүү түздүктөр ж-а саздак ойдуңдар жай­гашкан. Тектоникалык жактан Альп – Гималай ж-а Батыш Тынч океан кыймылдуу областынын кошул­ган жеринде жайгашкан. Нефть, газ, көмүр, бок­сит, темир-никель-кобальт, ошондой эле жез, сурьма, алтын, күмүш, алмаз кендери бар. Экватордук алкакта жайгашкандыктан, дайыма ысык ж-а нымдуу климат өкүм сүрөт. Жылдык орточо темп­ературасы түздүктөрдө 25–27°С; жаан-чачыны жы­лына 2000–4000 <i>мм</i>, тоолордо 5000 <i>мм</i>ге чейин жаайт. Дарыяларынын суусу мол, жыш; ириле­ри: Капуас, Барито, Махакам. Калимантан – биологиялык ар түр­дүүлүктүн дүйнөдөгү борборлорунун бири; өсүм­дүктөрдүн 15 миңдей түрүнүн 3 миңдейи дарак өсүмдүктөрү (260 түрү диптерекарп тукумунда­гылар), анын 155 түрү – эндемиктер. Аралдын аймагынын <sup>1</sup>/<sub>2</sub> бөлүгүн токой ээлейт. Фаунага бай көп ярустуу дайыма жашыл тропик токою басымдуу. Шалы, кассава, каучуктуу өсүмдүк­төр, кокос пальмасы өстүрүлөт. Ири шаарлары: Понтианак, Банжармасин, Самаринда (Индоне­зия), Кучинг, Кота-Кинабалу (Малайзия), Бан­дар-Сеги-Бегаван (Бруней). Аралдын токою адамдын таасиринен тез темп м-н суюлууда. Ин­донезия Танджунг-Питунг биосфералык резер­ваты, Гунунг-Палунг, Бентуанг-Каримум, Кутаи, Букит-Бака, Букит-Райя ж. б. улуттук парк­тар, эл аралык маанидеги Данау-Сентарум суу­саз аймагы, Малайзияда Кинабалу (<i>Бүткүл дүйнөлүк мурастын</i> тизмесине кирген), Крокер кырка тоосу, Бако, Гунунг-Мулу, Ниах улут­тук парктары, Табау тоо паркы бар. Айрым улут­тук парктардын курамына деңиз акваторияла­ры, жээкке жакын жайгашкан чакан аралдар, коралл рифтери да кирет. Калимантанда сейрек кездешүүчү ж-а жоголуп бараткан айбанат түрлөрүнүн по­пуляциясы корголот: орангутан, суматра кери­ги, кабылан, индия пили, малайя аюусу. | ||
Батыш Тынч океан кыймылдуу | |||
жаайт. Дарыяларынын суусу мол, жыш; ириле­ри: Капуас, Барито, Махакам. | |||
өсүмдүктөрү (260 түрү диптерекарп тукумунда­гылар), анын 155 түрү – эндемиктер. Аралдын аймагынын <sup>1</sup>/<sub>2</sub> бөлүгүн токой ээлейт. Фаунага | |||
Ад.: Страны и народы. Зарубежная Азия. Юго-Восточная Азия. М., 1979. | |||
Ад.: Страны и народы. Зарубежная Азия. Юго- | |||
Восточная Азия. М., 1979. | |||
[[Категория:4-том, 1-50 бб]] | [[Категория:4-том, 1-50 бб]] | ||
05:16, 13 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы
КАЛИМАНТА́Н , Б о р н е о – Малайя архипелагындагы эң ири арал; Чоң Зонд аралынын курамында. Чоңдугу боюнча Жер шарындагы Гренландиядан кийинки 2-арал; аянты 143,3 миң км2, жакынкы аралдары м-н 746,5 миң км2. Түштүк Кытай, Сулу, Сулавеси, Ява деңиздери, Макасар ж-а Каримата кысыктары м-н чулганат. Басымдуу бөлүгүн Индонезия, түндүгүн ж-а түндүк- батышын Малайзия ж-а Бруней мамлекеттери ээлейт. Борбордук ж-а түндүк-чыгыш бөлүктөрүндө кырка (эң бийик жери 4101 м, Кинабалу чокусу) ж-а бөксө тоолор, түштүк ж-а батышында дөңсөөлүү түздүктөр ж-а саздак ойдуңдар жайгашкан. Тектоникалык жактан Альп – Гималай ж-а Батыш Тынч океан кыймылдуу областынын кошулган жеринде жайгашкан. Нефть, газ, көмүр, боксит, темир-никель-кобальт, ошондой эле жез, сурьма, алтын, күмүш, алмаз кендери бар. Экватордук алкакта жайгашкандыктан, дайыма ысык ж-а нымдуу климат өкүм сүрөт. Жылдык орточо температурасы түздүктөрдө 25–27°С; жаан-чачыны жылына 2000–4000 мм, тоолордо 5000 ммге чейин жаайт. Дарыяларынын суусу мол, жыш; ирилери: Капуас, Барито, Махакам. Калимантан – биологиялык ар түрдүүлүктүн дүйнөдөгү борборлорунун бири; өсүмдүктөрдүн 15 миңдей түрүнүн 3 миңдейи дарак өсүмдүктөрү (260 түрү диптерекарп тукумундагылар), анын 155 түрү – эндемиктер. Аралдын аймагынын 1/2 бөлүгүн токой ээлейт. Фаунага бай көп ярустуу дайыма жашыл тропик токою басымдуу. Шалы, кассава, каучуктуу өсүмдүктөр, кокос пальмасы өстүрүлөт. Ири шаарлары: Понтианак, Банжармасин, Самаринда (Индонезия), Кучинг, Кота-Кинабалу (Малайзия), Бандар-Сеги-Бегаван (Бруней). Аралдын токою адамдын таасиринен тез темп м-н суюлууда. Индонезия Танджунг-Питунг биосфералык резерваты, Гунунг-Палунг, Бентуанг-Каримум, Кутаи, Букит-Бака, Букит-Райя ж. б. улуттук парктар, эл аралык маанидеги Данау-Сентарум суусаз аймагы, Малайзияда Кинабалу (Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген), Крокер кырка тоосу, Бако, Гунунг-Мулу, Ниах улуттук парктары, Табау тоо паркы бар. Айрым улуттук парктардын курамына деңиз акваториялары, жээкке жакын жайгашкан чакан аралдар, коралл рифтери да кирет. Калимантанда сейрек кездешүүчү ж-а жоголуп бараткан айбанат түрлөрүнүн популяциясы корголот: орангутан, суматра кериги, кабылан, индия пили, малайя аюусу.
Ад.: Страны и народы. Зарубежная Азия. Юго-Восточная Азия. М., 1979.