КАЛАШНИКОВ Михаил Тимофеевич: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
 
(Айырма жок)

04:07, 10 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы

КАЛА́ШНИКОВ Михаил Тимофеевич (10. 11. 1919, Алтай губерниясы, Змеиногор уезди, Ку­рья кыштагы) – конструктор, генерал-лейтенант (1999), 2 жолку Социалисттик Эмгектин Баатыры (1958, 1976), техника илимдеринин доктору (1971). СССРдин мамлекеттик

(1949), Лениндик (1964), РФ мамлекеттик (1997) сыйлыктары­нын ээси. 1938-жылы аскер кыз­матына чакырылып, тан­кисттер полкунда механик ­айдоочудан танктын коман­дирине чейин көтөрүлгөн. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде (1941-жылы август­тан октябрга чейин) армия­да танк командири. 1941-жылы октябрда Брянскинин алдында жарадар болгон. 1942–49-жылдарда миномёт-аткыч куралдарын сыноо полигонунун илим-изилдөө борборунда (Коломна шаары) кызмат өтөп жүрүп, «7,62 ммлик Калашников автоматы 1947-жылкы үлгүдөгү» (АК) жаңы атма куралын ойлоп тапкан (к. Автоматтык ок атуучу куралдар). Армиядан кийин (1949) Ижевск машина куруу заводунда конструктор. Ал конструкциялаган станокко коюлуп атылуучу ж-а кол пулемёту (ПК) 1961-жылы куралдуу күч­төргө кабыл алынган. Кийин АК ж-а ПКнын базасында жаңы бир нече куралдын түрлөрү модернизацияланып (мисалы, АКМ, АКМС, РПК, РПКМС, ПКТ ж. б.), 1974-жылы 5,45 ммлик авто­маттын АК-74, АКС-74, пулемёттун РПК-74, РПКС-74 жаңы түрлөрү чыккан. Калашниковдун курал­дары жөнөкөй, жогору натыйжалуу, ишеним­дүүлүгү м-н өзгөчөлөнөт. Үч Ленин, 2-даражада­гы «Мекенге кылган кызматы үчүн», Ыйык Ан­дрей Первозванный ордендери м-н сыйланган.


Эмг.: Записки констуктора-оружейника. М., 1992; Я с вами шёл одной дорогой. М., 1999;


Ад.: Дынин И. М. Творцы советского стрелкового оружия. М., 1989.