ГЕОДЕЗИЯЛЫК БЕЛГИЛЕР: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГЕОДЕЗИЯЛЫК БЕЛГИЛЕР ''' – жер бетиндеги ''геодезиялык пункттарды'' көрсөтүү үчүн атайын курулган белгилер. | '''ГЕОДЕЗИЯЛЫК БЕЛГИЛЕР ''' – жер бетиндеги ''геодезиялык пункттарды'' көрсөтүү үчүн атайын курулган белгилер. Геодезиялык белгилердин үстүндөгү бөлүгү таш мололор, жыгач же металл мунаралар түрүндө тургузулуп, алардын бийиктиги менен конструкциясы жердин шартына жана пункттардын аралыгына жараша ар түрдүү болот. Негизинен бийиктиги 6–18 ''м''ге жетет. Жер астындагы бөлүгү бетондон же бетонго карматылган темир түтүктөн турат. Анын ортосуна чоюн марка бекитилип, ага чекит же көзөнөкчө белгиленет. Ал пункттун геодезиялык борбору катары эсептелет. Нивелирлөө пункттарындагы белгилер – репер же имараттардын керегесине тагылган чоюн марка. Маркага геодезиялык пункттун номери жана түрү коюлуп жазылат. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
05:20, 9 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы
ГЕОДЕЗИЯЛЫК БЕЛГИЛЕР – жер бетиндеги геодезиялык пункттарды көрсөтүү үчүн атайын курулган белгилер. Геодезиялык белгилердин үстүндөгү бөлүгү таш мололор, жыгач же металл мунаралар түрүндө тургузулуп, алардын бийиктиги менен конструкциясы жердин шартына жана пункттардын аралыгына жараша ар түрдүү болот. Негизинен бийиктиги 6–18 мге жетет. Жер астындагы бөлүгү бетондон же бетонго карматылган темир түтүктөн турат. Анын ортосуна чоюн марка бекитилип, ага чекит же көзөнөкчө белгиленет. Ал пункттун геодезиялык борбору катары эсептелет. Нивелирлөө пункттарындагы белгилер – репер же имараттардын керегесине тагылган чоюн марка. Маркага геодезиялык пункттун номери жана түрү коюлуп жазылат.