КАЙТАЛАП ЭГҮҮ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАЙТАЛАП ЭГҮҮ</b> – 1) өсүмдүктүн түшүмү жый­налып алынгандан кийин, анын аңызына ошол эле жылы экинчи өсүмдүктү эгүү. Мурда эгил­ген н е г и з г и (толук бышып жетилгенде жыйналат), кийин эгилгени к о ш у м ч а же о р т о д о г у ( | <b type='title'>КАЙТАЛАП ЭГҮҮ</b> – 1) өсүмдүктүн түшүмү жый­налып алынгандан кийин, анын аңызына ошол эле жылы экинчи өсүмдүктү эгүү. Мурда эгил­ген н е г и з г и (толук бышып жетилгенде жыйналат), кийин эгилгени к о ш у м ч а же о р т о д о г у (физиологиялык жактан толук жетиле электе жыйналат) өсүмдүк деп аталат. Борбордук Азия м-н Закавказьенин сугат жерлеринде күздүк арпа жыйналгандан кийин, ошол эле аңызга кара күрүч, таруу же жүгөрүнүн эрте бышуучу сортто­рун эгип, 2-түшүм алынат. Бирок, көбүнчө экин­чи айдалган өсүмдүк толук быша электе тоют үчүн чабылат; 2) бир өсүмдүк түрүн бир нече жыл бою бир жерге кайталап эгүү. Мындай кайталап эгүү ык­масы ондогон жылдар бою улантылса, отоо чөп, илдет, зыянечтер көбөйүп, жер арыктап, түшүм кескин төмөндөйт. Ошондуктан туура которуш­туруп эгүү сунуш кылынат. | ||
[[Категория:3-том, 673-784 бб]] | [[Категория:3-том, 673-784 бб]] | ||
05:13, 8 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы
КАЙТАЛАП ЭГҮҮ – 1) өсүмдүктүн түшүмү жыйналып алынгандан кийин, анын аңызына ошол эле жылы экинчи өсүмдүктү эгүү. Мурда эгилген н е г и з г и (толук бышып жетилгенде жыйналат), кийин эгилгени к о ш у м ч а же о р т о д о г у (физиологиялык жактан толук жетиле электе жыйналат) өсүмдүк деп аталат. Борбордук Азия м-н Закавказьенин сугат жерлеринде күздүк арпа жыйналгандан кийин, ошол эле аңызга кара күрүч, таруу же жүгөрүнүн эрте бышуучу сортторун эгип, 2-түшүм алынат. Бирок, көбүнчө экинчи айдалган өсүмдүк толук быша электе тоют үчүн чабылат; 2) бир өсүмдүк түрүн бир нече жыл бою бир жерге кайталап эгүү. Мындай кайталап эгүү ыкмасы ондогон жылдар бою улантылса, отоо чөп, илдет, зыянечтер көбөйүп, жер арыктап, түшүм кескин төмөндөйт. Ошондуктан туура которуштуруп эгүү сунуш кылынат.