КАЙСЕРИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
No edit summary
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КАЙСЕРИ</b> – Түркиянын борб. бөлүгүндөгү шаар. Кайсери илинин адм. борбору. Эржияс жанар&shy;тоосунун түн. этегинде, деңиз деңг. 1050 <i>м</i> бийикте жайгашкан. Калкы 730,3 миң (2008). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Ал&shy;гачкы тургун жайлар б. з. ч. 3-миң жылдыкта пайда боло баштаган. 1064-ж. селжук султаны Алп-Арслан тарабынан басып алынып, Коний (Рум) султандыгынын маанилүү борборуна ай&shy;ланган. 1243-ж. моңголдор ээлеген, 1515-ж. Ос&shy;мон империясынын курамына кирген. Шаардын байыркы бөлүгү византия дубалдары (6-к.) м-н курчалган. Борб. бөлүгүндө бедестан (1497), көптөгөн мечиттер, медреселер, Гевхер-Несибе мед. борбору, Хунат-хатун комплекси, мавзо&shy;лейлер, музейлер, ун-т (1978), жогорку мектеп (1893) ж. б. бар. Машина куруу (самолёт ж-а автомобилдерге тетиктер, тиричилик техника&shy;лары), металлургия, электр-тех., тамак-аш, тек&shy;стиль, жыгаччылык ө. ж. ишканалары иштейт. Салттуу кол өнөрчүлүк (килем токуу, алтын зер буюмдарды жасоо) өнүккөн. Туризмдин (тоо лыжа спорту, альпинизм, жөө жүрүш, рафтинг) борбору.
<b type='title'>КАЙСЕРИ</b> – Түркиянын борбордук бөлүгүндөгү шаар. Кайсери илинин административдик борбору. Эржияс жанар&shy;тоосунун түндүк этегинде, деңиз деңгээлинен 1050 <i>м</i> бийикте жайгашкан. Калкы 1,4 млн (2024). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Ал&shy;гачкы тургун жайлар б. з. ч. 3-миң жылдыкта пайда боло баштаган. 1064-жылы селжук султаны Алп-Арслан тарабынан басып алынып, Коний (Рум) султандыгынын маанилүү борборуна ай&shy;ланган. 1243-жылы моңголдор ээлеген, 1515-жылы Ос&shy;мон империясынын курамына кирген. Шаардын байыркы бөлүгү византия дубалдары (6-кылым) м-н курчалган. Борбордук бөлүгүндө бедестан (1497), көптөгөн мечиттер, медреселер, Гевхер-Несибе медицина борбору, Хунат-хатун комплекси, мавзо&shy;лейлер, музейлер, университет (1978), жогорку мектеп (1893) ж. б. бар. Машина куруу (самолёт ж-а автомобилдерге тетиктер, тиричилик техника&shy;лары), металлургия, электр-техника, тамак-аш, тек&shy;стиль, жыгаччылык өнөр жай ишканалары иштейт. Салттуу кол өнөрчүлүк (килем токуу, алтын зер буюмдарды жасоо) өнүккөн. Туризмдин (тоо лыжа спорту, альпинизм, жөө жүрүш, рафтинг) борбору.
[[Категория:3-том, 673-784 бб]]
[[Категория:3-том, 673-784 бб]]

03:40, 8 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы

КАЙСЕРИ – Түркиянын борбордук бөлүгүндөгү шаар. Кайсери илинин административдик борбору. Эржияс жанар­тоосунун түндүк этегинде, деңиз деңгээлинен 1050 м бийикте жайгашкан. Калкы 1,4 млн (2024). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Ал­гачкы тургун жайлар б. з. ч. 3-миң жылдыкта пайда боло баштаган. 1064-жылы селжук султаны Алп-Арслан тарабынан басып алынып, Коний (Рум) султандыгынын маанилүү борборуна ай­ланган. 1243-жылы моңголдор ээлеген, 1515-жылы Ос­мон империясынын курамына кирген. Шаардын байыркы бөлүгү византия дубалдары (6-кылым) м-н курчалган. Борбордук бөлүгүндө бедестан (1497), көптөгөн мечиттер, медреселер, Гевхер-Несибе медицина борбору, Хунат-хатун комплекси, мавзо­лейлер, музейлер, университет (1978), жогорку мектеп (1893) ж. б. бар. Машина куруу (самолёт ж-а автомобилдерге тетиктер, тиричилик техника­лары), металлургия, электр-техника, тамак-аш, тек­стиль, жыгаччылык өнөр жай ишканалары иштейт. Салттуу кол өнөрчүлүк (килем токуу, алтын зер буюмдарды жасоо) өнүккөн. Туризмдин (тоо лыжа спорту, альпинизм, жөө жүрүш, рафтинг) борбору.