ИБН ХОРДАДБЕК: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
 
(2 intermediate revisions by the same user not shown)
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>ИБН ХОРДАДБЕК</b> , Абу-л Касым Убайдуллах ибн Абдаллах ибн Хордадбек (820–912) – араб географы, тарыхчы. Иранда туулуп, Багдаддан билим алган. Ибн Хордадбек Аббасид халифатынын ад&shy;министрациясында иштеп, ал-Жибал аймагында почта бөлүмүнүн башчысы, көзөмөлдөөчү кыз&shy;мат (сахиб ал-барид ва-л-хабар) аткарган. Анын калеминен бир нече эмгек жаралган, бирок биз&shy;ге жалгыз гана хижранын 232-ж. (846–47) жа&shy;зылып, кийин кошумчалар м-н кеңейтилген географиялык китеп – «Китаб ал-масалик ва-л-мама&shy;лик» («Өлкөлөр м-н жолдордун китеби») жет&shy;кен. Ибн Хордадбек кызмат абалына байланыштуу көп&shy;төгөн даректүү маалыматтарды пайдаланган. Анын эмгегинде ар кайсы өлкөлөрдүн, өзгөчө Ирак, Хорасан ж-а Орто Азиянын тарыхый-географиялык абалы м-н ал жердеги аймактар, шаар-кыштак&shy;тардын, почта бекеттеринин, жолдордун жай&shy;гашышы, соода иши, киреше булактары жөнүндө маалыматтар келтирилген. Ибн Хордадбектин чыгарма&shy;сында Кыргызстандын азыркы аймагындагы соода жолдору м-н шаарлар ортосундагы аралыктар үзүндү түрүндө кезигет. Географиялык бул эмгекте Ор&shy;тоңку ж-а Борбордук Азиядагы түрк тилинде сүйлөгөн элдер м-н уруулар саналып, анын ичинде кыргыз&shy;дар (хирхиз) болгону да белгиленген. Анын чы&shy;гармасын француз тилине Де Гуе которуп, «Араб географтарынын китепканасы» деген 6 томдук&shy;тун биринде жарык көргөн. Ибн Хордадбектин эмгегинен ал-Йакуби (9-кылым), Ибн ал-Факих (9–10-кылымдар), Ибн Руст (10-кылым), Ибн Хаукал (10-кылым), ал-Мукад&shy;даси (10-кылым), ал-Казвини (13-кылым) ж. б. пайдала&shy;нышкан.
<b type='title'>ИБН ХОРДАДБЕК</b> , Абу-л Касым Убайдуллах ибн Абдаллах ибн Хордадбек (820–912) – [[араб]] географы, тарыхчы. Табарстанда (азыркы [[Иран]] мамлектинин аймагы) туулуп, [[Багдад]]дан билим алган. Ибн Хордадбек [[Аббасид]] [[халифат]]ынын ад&shy;министрациясында иштеп, ал-Жибал аймагында почта бөлүмүнүн башчысы, көзөмөлдөөчү кыз&shy;мат (сахиб ал-барид ва-л-хабар) аткарган. Анын калеминен бир нече эмгек жаралган, бирок биз&shy;ге жалгыз гана [[хижра]]нын 232-ж. (846–47) жа&shy;зылып, кийин кошумчалар менен кеңейтилген географиялык китеп – «Китаб ал-масалик ва-л-мама&shy;лик» («Өлкөлөр менен жолдордун китеби») жет&shy;кен. Ибн Хордадбек кызмат абалына байланыштуу көп&shy;төгөн даректүү маалыматтарды пайдаланган. Анын эмгегинде ар кайсы өлкөлөрдүн, өзгөчө [[Ирак]], Хорасан жана [[Орто Азия]]нын тарыхый-географиялык абалы менен ал жердеги аймактар, шаар-кыштак&shy;тардын, почта бекеттеринин, жолдордун жай&shy;гашышы, соода иши, киреше булактары жөнүндө маалыматтар келтирилген. Ибн Хордадбектин чыгарма&shy;сында Кыргызстандын азыркы аймагындагы соода жолдору менен шаарлар ортосундагы аралыктар үзүндү түрүндө кезигет. Географиялык бул эмгекте Ор&shy;тоңку жана [[Борбордук Азия]]дагы [[түрк]] тилинде сүйлөгөн элдер менен уруулар саналып, анын ичинде [[Кыргыздар|кыргыз&shy;дар]] (хирхиз) болгону да белгиленген. Анын чы&shy;гармасын француз тилине [[Де Гуе]] которуп, «Араб географтарынын китепканасы» деген 6 томдук&shy;тун биринде жарык көргөн. Ибн Хордадбектин эмгегинен ал-Йакуби (9-кылым), [[Ибн ал-Факих]] (9–10-кылымдар), Ибн Руст (10-кылым), [[Ибн Хаукал]] (10-кылым), [[Ал-Мукаддаси|ал-Мукад&shy;даси]] (10-кылым), ал-Казвини (13-кылым) ж. б. пайдала&shy;нышкан.
 


Ад.: <i>Крачковский И. Ю.</i> Арабская географическая литература // Изб. соч. Т. IV. М.; Л., 1957; Источни&shy;коведение Кыргызстана. Б., 1996; 2-е доп. изд. 2004.
Ад.: <i>Крачковский И. Ю.</i> Арабская географическая литература // Изб. соч. Т. IV. М.; Л., 1957; Источни&shy;коведение Кыргызстана. Б., 1996; 2-е доп. изд. 2004.
<p align='right'><i type='author'>Т. Жуманалиев.</i></p>
<p align='right'><i type='author'>Т. Жуманалиев.</i></p>
[[Категория:3-том, 449-543 бб]]
[[Категория:3-том, 449-543 бб]]

07:33, 7 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы

ИБН ХОРДАДБЕК , Абу-л Касым Убайдуллах ибн Абдаллах ибн Хордадбек (820–912) – араб географы, тарыхчы. Табарстанда (азыркы Иран мамлектинин аймагы) туулуп, Багдаддан билим алган. Ибн Хордадбек Аббасид халифатынын ад­министрациясында иштеп, ал-Жибал аймагында почта бөлүмүнүн башчысы, көзөмөлдөөчү кыз­мат (сахиб ал-барид ва-л-хабар) аткарган. Анын калеминен бир нече эмгек жаралган, бирок биз­ге жалгыз гана хижранын 232-ж. (846–47) жа­зылып, кийин кошумчалар менен кеңейтилген географиялык китеп – «Китаб ал-масалик ва-л-мама­лик» («Өлкөлөр менен жолдордун китеби») жет­кен. Ибн Хордадбек кызмат абалына байланыштуу көп­төгөн даректүү маалыматтарды пайдаланган. Анын эмгегинде ар кайсы өлкөлөрдүн, өзгөчө Ирак, Хорасан жана Орто Азиянын тарыхый-географиялык абалы менен ал жердеги аймактар, шаар-кыштак­тардын, почта бекеттеринин, жолдордун жай­гашышы, соода иши, киреше булактары жөнүндө маалыматтар келтирилген. Ибн Хордадбектин чыгарма­сында Кыргызстандын азыркы аймагындагы соода жолдору менен шаарлар ортосундагы аралыктар үзүндү түрүндө кезигет. Географиялык бул эмгекте Ор­тоңку жана Борбордук Азиядагы түрк тилинде сүйлөгөн элдер менен уруулар саналып, анын ичинде кыргыз­дар (хирхиз) болгону да белгиленген. Анын чы­гармасын француз тилине Де Гуе которуп, «Араб географтарынын китепканасы» деген 6 томдук­тун биринде жарык көргөн. Ибн Хордадбектин эмгегинен ал-Йакуби (9-кылым), Ибн ал-Факих (9–10-кылымдар), Ибн Руст (10-кылым), Ибн Хаукал (10-кылым), ал-Мукад­даси (10-кылым), ал-Казвини (13-кылым) ж. б. пайдала­нышкан.

Ад.: Крачковский И. Ю. Арабская географическая литература // Изб. соч. Т. IV. М.; Л., 1957; Источни­коведение Кыргызстана. Б., 1996; 2-е доп. изд. 2004.

Т. Жуманалиев.