ЕНИСЕЙ КЫРГЫЗДАРЫНЫН ЖУӉГАРИЯГА КӨЧҮРҮЛҮШҮ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''ЕНИСЕ́Й КЫРГЫЗДАРЫНЫН ЖУӉГАРИЯГА КӨЧҮРҮЛҮШҮ–'''17-кылымдын башында Жуӊгар [[коӊтаажы]]сы [[Цеван Рабдан]] (1699–1727) тара­бынан жүргүзүлгөн саясий иш-чара. Ал [[Борбордук Азия]]да түзүлгөн саясий кырдаалды, [[Цинь]] жана [[Россия]] империялары тарабынан болгон коркунучту эске алып, Эмел-Гол дарыясынын боюндагы жана [[Түштүк Сибир]]дин көчмөн калкын (кыргыз, телеут, мингат) ордосуна жакын көчүргөн. Буга неги­зинен [[Пётр I]]нин (1672–1725) Томск, Краснояр, Кузнецк шаарларынын аскер башчыларына | '''ЕНИСЕ́Й КЫРГЫЗДАРЫНЫН ЖУӉГАРИЯГА КӨЧҮРҮЛҮШҮ–'''17-кылымдын башында Жуӊгар [[коӊтаажы]]сы [[Цеван Рабдан]] (1699–1727) тара­бынан жүргүзүлгөн саясий иш-чара. Ал [[Борбордук Азия]]да түзүлгөн саясий кырдаалды, [[Цинь]] жана [[Россия]] империялары тарабынан болгон коркунучту эске алып, Эмел-Гол дарыясынын боюндагы жана [[Түштүк Сибир]]дин көчмөн калкын (кыргыз, телеут, мингат) ордосуна (азыркы КЭР жана [[Казакстан]] аркылуу аккан Эмел өзөнү) жакын көчүргөн. Буга неги­зинен [[Пётр I]]нин (1672–1725) Томск, Краснояр, Кузнецк шаарларынын аскер башчыларына «[[кыргыздар]]ды күч менен тынчтандыргыла» деген көрсөтмөсүнө ыла­йык 1701–02-жылдарда орус аскеринин бир нече ирет жортуулу себеп болгон. Ошондуктан, орустар­дын Минуса ойдуӊуна (кара: [[Минуса аймагы]]) умтулушу кыргыздарды өзгөчө чочулатып, алар орус чыӊдоолоруна кар­шы жортуулун күчөткөн. Мындай кырдаалды көзөмөлгө алуу үчүн Цеван Рабдан 1701-жылы орустарды кыргыздар менен жараштырууга ата­лаш иниси Аба-зайсаӊды жөнөтөт, бирок, ал бул буйрукту аткара алган эмес. Натыйжада [[орустар]] кыргыздар мекендеген жерлерге кирип, чыӊдоо курууну уланта беришкендиктен, ага жооп катары кыргыздар Абакан, Уйбат ж. б. жерлерге курулган чыӊдоолорго чабуул жасап, сепилдерди өрттөп, коргоочуларын туткундап турушкан. Бирок, салыштырмалуу аз сандуу кыргыздар орустардын аскер күчүнө туруштук бере алган эмес. Ушул жагдайларга байланыш­туу 1703-жылы июнь айында Цеван Рабдан кыр­гыздарды жана кыргыздарга караган [[Кыштымдар|кыштым­дар]]ды Жуӊгарияга көчүрүүгө буйрук берген. Кыргыздар жуӊгар аскеринин көзөмөлү алдында Абакан өрөөнүндөгү Аскиз дарыясынын куймасына чогултулуп, кеч кирип, таӊ аткан сайын ар бир айылдын калкы санак ташты бирден таштап, санактан өтүп турушкан. Калган таштын неги­зинде жашынып калгандардын саны аныктал­ган. Абакан өрөөнүндөгү үйүлгөн дөбө таштар (обаа) ошондон калып, аны [[хакастар]] «хыргыс тастары» деп атап калышкан. 20 миӊден ашуун кыргыздар жуӊгар аскерлеринин көзөмөлү астында малы, үй-мүлкү менен Жуӊгарияга же­тишкен. Алар 4 кыргыз аскер башчысынын жетекчилиги алдында коӊтаажынын ордосуна жакын жайгашып, 4000 түтүндөн турган өзгөчө кыргыз отогун (цирцзизилер) түзүшкөн. Бул отокко кыргыздар менен кошо кыштым-модар, белтир, ариндер ж. б. кирген. Кыргыз аскер баш­чылары Корчун [[Еренак]] уулу, Тангыт Таин Эр­кин, Шорла Мерген Тайша ж. б. жуӊгар ханына кызмат кылып калышкан. Бирок, айрым орус кабарларында кыргыздарга караган кыштым­дардын айрым бөлүктөрү өз жеринде калып калганы эскерилет. Кийин да алардын айрым бөлүктөрү топ-тобу менен же жалгыздап өз жерине кайтып келишкен. 1757-жылы кыргыздардын не­гизги бөлүгү кайтып келе жатканда Цин аскери аларга буктурмадан кол салып, кырып салган. Аман калган бөлүгү Манжурияга көчүрүлгөн. Кийин алар [[Фу-йү кыргыздары]] деген ат менен белгилүү болуп калган. 18-кылымда Россия, Цин им­периялары, [[Жуӊгар хандыгы]]нын курчоосунда [[енисей кыргыздары]] согуш, көчүрүү саясатынан кырылып, Саян-Алтайдагы үстөмдүгү аяктаган. Азыркы Түштүк-Батыш [[Моӊголия]], Тарбагатай­дагы (КЭР) этностук топтор («хыргыс», «шира хыргыс», «хан хыргыс» ж. б.) ошол доордон ка­бар берет. Енисей кыргыздарынын Жуңгарияга көчүрүлүшүнүн себеби жана жагдайы окумуштуулар тарабынан кеӊири жаан толук изилдене элек. | ||
Ад.: ''Худяков Ю. С.'' Кыргызы на просторах Азии. Б., 1995; ''Самаев Г. П.'' Горный Алтай в XVIII – середина XIX в.: Проблемы политической истории и присоединения к России. Горно-Алтайск, 1991. | Ад.: ''Худяков Ю. С.'' Кыргызы на просторах Азии. Б., 1995; ''Самаев Г. П.'' Горный Алтай в XVIII – середина XIX в.: Проблемы политической истории и присоединения к России. Горно-Алтайск, 1991. | ||
04:07, 7 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы
ЕНИСЕ́Й КЫРГЫЗДАРЫНЫН ЖУӉГАРИЯГА КӨЧҮРҮЛҮШҮ–17-кылымдын башында Жуӊгар коӊтаажысы Цеван Рабдан (1699–1727) тарабынан жүргүзүлгөн саясий иш-чара. Ал Борбордук Азияда түзүлгөн саясий кырдаалды, Цинь жана Россия империялары тарабынан болгон коркунучту эске алып, Эмел-Гол дарыясынын боюндагы жана Түштүк Сибирдин көчмөн калкын (кыргыз, телеут, мингат) ордосуна (азыркы КЭР жана Казакстан аркылуу аккан Эмел өзөнү) жакын көчүргөн. Буга негизинен Пётр Iнин (1672–1725) Томск, Краснояр, Кузнецк шаарларынын аскер башчыларына «кыргыздарды күч менен тынчтандыргыла» деген көрсөтмөсүнө ылайык 1701–02-жылдарда орус аскеринин бир нече ирет жортуулу себеп болгон. Ошондуктан, орустардын Минуса ойдуӊуна (кара: Минуса аймагы) умтулушу кыргыздарды өзгөчө чочулатып, алар орус чыӊдоолоруна каршы жортуулун күчөткөн. Мындай кырдаалды көзөмөлгө алуу үчүн Цеван Рабдан 1701-жылы орустарды кыргыздар менен жараштырууга аталаш иниси Аба-зайсаӊды жөнөтөт, бирок, ал бул буйрукту аткара алган эмес. Натыйжада орустар кыргыздар мекендеген жерлерге кирип, чыӊдоо курууну уланта беришкендиктен, ага жооп катары кыргыздар Абакан, Уйбат ж. б. жерлерге курулган чыӊдоолорго чабуул жасап, сепилдерди өрттөп, коргоочуларын туткундап турушкан. Бирок, салыштырмалуу аз сандуу кыргыздар орустардын аскер күчүнө туруштук бере алган эмес. Ушул жагдайларга байланыштуу 1703-жылы июнь айында Цеван Рабдан кыргыздарды жана кыргыздарга караган кыштымдарды Жуӊгарияга көчүрүүгө буйрук берген. Кыргыздар жуӊгар аскеринин көзөмөлү алдында Абакан өрөөнүндөгү Аскиз дарыясынын куймасына чогултулуп, кеч кирип, таӊ аткан сайын ар бир айылдын калкы санак ташты бирден таштап, санактан өтүп турушкан. Калган таштын негизинде жашынып калгандардын саны аныкталган. Абакан өрөөнүндөгү үйүлгөн дөбө таштар (обаа) ошондон калып, аны хакастар «хыргыс тастары» деп атап калышкан. 20 миӊден ашуун кыргыздар жуӊгар аскерлеринин көзөмөлү астында малы, үй-мүлкү менен Жуӊгарияга жетишкен. Алар 4 кыргыз аскер башчысынын жетекчилиги алдында коӊтаажынын ордосуна жакын жайгашып, 4000 түтүндөн турган өзгөчө кыргыз отогун (цирцзизилер) түзүшкөн. Бул отокко кыргыздар менен кошо кыштым-модар, белтир, ариндер ж. б. кирген. Кыргыз аскер башчылары Корчун Еренак уулу, Тангыт Таин Эркин, Шорла Мерген Тайша ж. б. жуӊгар ханына кызмат кылып калышкан. Бирок, айрым орус кабарларында кыргыздарга караган кыштымдардын айрым бөлүктөрү өз жеринде калып калганы эскерилет. Кийин да алардын айрым бөлүктөрү топ-тобу менен же жалгыздап өз жерине кайтып келишкен. 1757-жылы кыргыздардын негизги бөлүгү кайтып келе жатканда Цин аскери аларга буктурмадан кол салып, кырып салган. Аман калган бөлүгү Манжурияга көчүрүлгөн. Кийин алар Фу-йү кыргыздары деген ат менен белгилүү болуп калган. 18-кылымда Россия, Цин империялары, Жуӊгар хандыгынын курчоосунда енисей кыргыздары согуш, көчүрүү саясатынан кырылып, Саян-Алтайдагы үстөмдүгү аяктаган. Азыркы Түштүк-Батыш Моӊголия, Тарбагатайдагы (КЭР) этностук топтор («хыргыс», «шира хыргыс», «хан хыргыс» ж. б.) ошол доордон кабар берет. Енисей кыргыздарынын Жуңгарияга көчүрүлүшүнүн себеби жана жагдайы окумуштуулар тарабынан кеӊири жаан толук изилдене элек.
Ад.: Худяков Ю. С. Кыргызы на просторах Азии. Б., 1995; Самаев Г. П. Горный Алтай в XVIII – середина XIX в.: Проблемы политической истории и присоединения к России. Горно-Алтайск, 1991.
О. Каратаев.