КАЗАН ХАНДЫГЫ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАЗАН ХАНДЫГЫ</b> (1438–1552) – Орто Волга | <b type='title'>КАЗАН ХАНДЫГЫ</b> (1438–1552) – Орто Волга боюндагы феодалдык мамлекет. Алтын Ордодон бө­лүнүп чыгып, Волга-Кама Булгариясынын ай­магында түзүлгөн. Казан хандарынын династия­сын Улуу Мухаммед (1438–45) негиздеген. Борбору Казан шаары. Калкы – казандык татарлар, мары­лар, чуваш, удмурт, мордва ж-а башкырттар. Дыйканчылык, кол өнөрчүлүк м-н кесиптениш­кен. Россия, Сибирь, Кавказ ж-а Чыгыш өлкө­лөрү м-н соода жүргүзгөн. Башкы бийликти хан жүргүзгөн. Мусулман дини зор роль ойногон. Казан хандыгы даругдарга (округдар) ж-а улустарга (вила­йеттерге) бөлүнгөн. Аскери хандык гвардиядан, жеке феодалдардын отряддарынан, феодалдарга салык төлөгөн эркин дыйкандардан куралган. Казан хандыгы түзүлгөндөн баштап эле орус жерине жор­туулдар жасап, 16-кылымдын 20-жылдары күчөгөн. Казан аскерлеринин орус жерлерине талоончу­лук кол салуулары ийгиликсиз аяктаган. Казан хандыгы 1487–1521-жылдарда Россияга, 1524-жылдан Түркияга вассалдык көз карандылыкта болгон. <i>Казан ка­заттарынан (1545–52)</i> кийин Казан хандыгы жоюлган. Орто Волга бою Россияга бириктирилген. | ||
боюндагы | |||
1487–1521- | |||
Ад.: <i>Хамидуллин Б. Л.</i> Народы Казанского ханства: этносоциологическое исследование. Казань, 2002; <i>Измайлов И. Л.</i> Введение в историю Казанского ханства: Очерки. Казань, 2005. | Ад.: <i>Хамидуллин Б. Л.</i> Народы Казанского ханства: этносоциологическое исследование. Казань, 2002; <i>Измайлов И. Л.</i> Введение в историю Казанского ханства: Очерки. Казань, 2005. | ||
[[Категория:3-том, 673-784 бб]] | [[Категория:3-том, 673-784 бб]] | ||
09:34, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы
КАЗАН ХАНДЫГЫ (1438–1552) – Орто Волга боюндагы феодалдык мамлекет. Алтын Ордодон бөлүнүп чыгып, Волга-Кама Булгариясынын аймагында түзүлгөн. Казан хандарынын династиясын Улуу Мухаммед (1438–45) негиздеген. Борбору Казан шаары. Калкы – казандык татарлар, марылар, чуваш, удмурт, мордва ж-а башкырттар. Дыйканчылык, кол өнөрчүлүк м-н кесиптенишкен. Россия, Сибирь, Кавказ ж-а Чыгыш өлкөлөрү м-н соода жүргүзгөн. Башкы бийликти хан жүргүзгөн. Мусулман дини зор роль ойногон. Казан хандыгы даругдарга (округдар) ж-а улустарга (вилайеттерге) бөлүнгөн. Аскери хандык гвардиядан, жеке феодалдардын отряддарынан, феодалдарга салык төлөгөн эркин дыйкандардан куралган. Казан хандыгы түзүлгөндөн баштап эле орус жерине жортуулдар жасап, 16-кылымдын 20-жылдары күчөгөн. Казан аскерлеринин орус жерлерине талоончулук кол салуулары ийгиликсиз аяктаган. Казан хандыгы 1487–1521-жылдарда Россияга, 1524-жылдан Түркияга вассалдык көз карандылыкта болгон. Казан казаттарынан (1545–52) кийин Казан хандыгы жоюлган. Орто Волга бою Россияга бириктирилген.
Ад.: Хамидуллин Б. Л. Народы Казанского ханства: этносоциологическое исследование. Казань, 2002; Измайлов И. Л. Введение в историю Казанского ханства: Очерки. Казань, 2005.