КАЗАЛ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАЗАЛ</b> (ар. газал) – чыгыш элдеринин лири­калык поэзиясына мүнөздүү ыр түзүлүшү. Ашык­тык ырларынын өзүнчө формасы катары 5–6- | <b type='title'>КАЗАЛ</b> (ар. газал) – чыгыш элдеринин лири­калык поэзиясына мүнөздүү ыр түзүлүшү. Ашык­тык ырларынын өзүнчө формасы катары 5–6- кылымдарда араб жазма поэзиясында пайда болгон. 9– 10-кылымдардан тартып фарс, тажик өзбек, уйгур, азер­байжан, түркмөн ж. б. түрк тилдериндеги клас­сикалык адабиятта кеңири тараган. Казал – баштан аяк бир өңчөй үндөштүктө (монорифмада) жа­ралчу ыр. Казал жанрынын мотивин алгач сүйүү, айрылуу ж-а арман ырлары түзсө, кийин коом­дук, социалдык, саясий, философиялык, этикалык, ди­дактикалык, сатирикалык ж. б. маселелерди да камтыган. Салт боюнча, казал эки бейттен он эки бейт­ке созулат (бул көлөмдөн ашканда казал <i>касыйда</i> жанрына ооп кетет). Адамдын ички дүйнөсүн сүрөттөөнүн чеберлери <i>Рудаки, Саади, Хафиз, Жами, Низами, Физули</i> ж. б. атактуу акындар казал жанрын өнүктүрүүдө зор эмгек сиңирген.<br>Чыгыш поэзиясынын таасири (котормо аркы­луу) м-н казал формасына батыш европалык (И. Гёте, Ф. Боденштедт) ж-а орус (В. Брюсов, В. Ива­нов, И. Северянин) акындары да кайрылышкан. Казал азыр да айрым элдердин (мисалы, өзбек, уйгур, азербайжан) поэзиясында учурайт. Кыргыз по­эзиясында казал Улуу Октябрь революциясына чейинки жазгыч акындардын ырларын жалпысынан казал дешкен. Советтик доордогу кыргыз акындарынын ичинен казалды К. Бобулов жазган. | ||
Чыгыш поэзиясынын таасири (котормо аркы­луу) м-н | |||
[[Категория:3-том, 673-784 бб]] | [[Категория:3-том, 673-784 бб]] | ||
07:48, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы
КАЗАЛ (ар. газал) – чыгыш элдеринин лирикалык поэзиясына мүнөздүү ыр түзүлүшү. Ашыктык ырларынын өзүнчө формасы катары 5–6- кылымдарда араб жазма поэзиясында пайда болгон. 9– 10-кылымдардан тартып фарс, тажик өзбек, уйгур, азербайжан, түркмөн ж. б. түрк тилдериндеги классикалык адабиятта кеңири тараган. Казал – баштан аяк бир өңчөй үндөштүктө (монорифмада) жаралчу ыр. Казал жанрынын мотивин алгач сүйүү, айрылуу ж-а арман ырлары түзсө, кийин коомдук, социалдык, саясий, философиялык, этикалык, дидактикалык, сатирикалык ж. б. маселелерди да камтыган. Салт боюнча, казал эки бейттен он эки бейтке созулат (бул көлөмдөн ашканда казал касыйда жанрына ооп кетет). Адамдын ички дүйнөсүн сүрөттөөнүн чеберлери Рудаки, Саади, Хафиз, Жами, Низами, Физули ж. б. атактуу акындар казал жанрын өнүктүрүүдө зор эмгек сиңирген.
Чыгыш поэзиясынын таасири (котормо аркылуу) м-н казал формасына батыш европалык (И. Гёте, Ф. Боденштедт) ж-а орус (В. Брюсов, В. Иванов, И. Северянин) акындары да кайрылышкан. Казал азыр да айрым элдердин (мисалы, өзбек, уйгур, азербайжан) поэзиясында учурайт. Кыргыз поэзиясында казал Улуу Октябрь революциясына чейинки жазгыч акындардын ырларын жалпысынан казал дешкен. Советтик доордогу кыргыз акындарынын ичинен казалды К. Бобулов жазган.