КАЖЫ-САЙ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАЖЫ-САЙ</b> – Ысык-Көл | <b type='title'>КАЖЫ-САЙ</b> – Ысык-Көл облусундагы шаарча (1947-жылдан). Тоң районунун аймагында. Ысык- Көлдүн түштүк жээгинде (2 <i>км</i>), Балыкчы – Кара­кол автомобиль жолунун боюнда, Кажы-Сай өндүрүндө деңиз деңгээлинен 1700 <i>м</i> бийикте жайгаш­кан. Шаарча жайгашкан өндүр кооз, ал жерден туристтик маршрут өтөт. Райондун борбору Бө­көнбаев кыштагынан 17 <i>км</i> чыгыш тарапта. Балык­чы темир жол бекетинен 115 <i>км</i>. Сөгөттү көмүр ке­нин казууда негизделген. Калкы 4521 (2022); негизинен кыргыз, орус, ошондой эле казак, өзбек, уй­гур, дуңган ж. б. жашайт. Борбордук шахтасы (жергиликтүү мааниге ээ), электр-техника заводу (күч берүүчү жа­рым өткөргүч өзгөргүчтөрдү, тиричиликке ке­ректүү плиталарды ж. б. чыгарат) бар. Орто ж-а музыкалык мектеп, 2 мектепке чейинки балдар мекемеси, клуб, 2 китепкана бар. Медициналык-санитардык меке­мелер, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүм­дөрү, соода түйүндөрү иштейт. Келечекте курорт катары өнүктүрүлүп, эс алууга ылайыкташты­рылган мекемелерди куруу пландаштырылууда. Кажы-Сайга жакын жерден күрөң көмүр, айнектик кум ж-а жошо чыгат. | ||
өндүрүндө деңиз | |||
[[Категория:3-том, 673-784 бб]] | [[Категория:3-том, 673-784 бб]] | ||
09:37, 2 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы
КАЖЫ-САЙ – Ысык-Көл облусундагы шаарча (1947-жылдан). Тоң районунун аймагында. Ысык- Көлдүн түштүк жээгинде (2 км), Балыкчы – Каракол автомобиль жолунун боюнда, Кажы-Сай өндүрүндө деңиз деңгээлинен 1700 м бийикте жайгашкан. Шаарча жайгашкан өндүр кооз, ал жерден туристтик маршрут өтөт. Райондун борбору Бөкөнбаев кыштагынан 17 км чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 115 км. Сөгөттү көмүр кенин казууда негизделген. Калкы 4521 (2022); негизинен кыргыз, орус, ошондой эле казак, өзбек, уйгур, дуңган ж. б. жашайт. Борбордук шахтасы (жергиликтүү мааниге ээ), электр-техника заводу (күч берүүчү жарым өткөргүч өзгөргүчтөрдү, тиричиликке керектүү плиталарды ж. б. чыгарат) бар. Орто ж-а музыкалык мектеп, 2 мектепке чейинки балдар мекемеси, клуб, 2 китепкана бар. Медициналык-санитардык мекемелер, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү иштейт. Келечекте курорт катары өнүктүрүлүп, эс алууга ылайыкташтырылган мекемелерди куруу пландаштырылууда. Кажы-Сайга жакын жерден күрөң көмүр, айнектик кум ж-а жошо чыгат.