ГЕОГРАФИЯЛЫК КООМ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ГЕОГРАФИЯЛЫК КООМ ''' – географияга кызыккандардын ж-а адис географтардын өз ыктыярдуу уюму. Г. к. 60тан ашуун өлкөдө түзүлгөн. Эӊ алгачкылары: Париж (1821-ж. негизделген), Берлин (1828), Лондон Королдук (1830), Мексика (1833), Петербург (1845), Нью-Йорк (1852) Г. к-дору. Айрым өлкөлөрдө бир нече өз алдынча Г. к-дор бар; кесипке карата (адис географтар, ЖОЖдун окутуучулары, мугалимдер ж. б.) алар аймактык бирикмелерге ж-а ассоциацияларга бөлүнгөн. Анда белгилүү бир кесиптеги географтарды бириктирген ил. бөлүмдөр иштейт. Г. к-дордо комплекстик ил. Программаларды чечүү үчүн проблемаларды караштыруу к-ттери түзүлөт. Г. к. өзүнүн иш-аракети м-н география илиминин өнүгүшүнө ж-а кеӊири белгилүү болушуна өбөлгө түзөт. Г. к-дун жетекчилиги астында ж-а анын катышуусу м-н экспедициялар, конф-ялар уюштурулуп, журналдар, монографиялар, ил. эмгек жыйнактары, карта ж-а атластар басылып чыгат. 1871–1914-ж. Г. к. Эл аралык геогр. конгрессти чакыруунун демилгечиси болуп келген. Кийин бул ишти Эл аралык геогр. союз аткарган. Кырг-нда адегенде СССР геогр. коомунун (1947) филиалы иштеген, кийинчерээк ''Кыргыз географиялык коому'' болуп уюшулган. Коомдун жогорку органы съезд (4–5 жылда бир чакырылат).  
'''ГЕОГРАФИЯЛЫК КООМ ''' – географияга кызыккандардын жана адис географтардын өз ыктыярдуу уюму. Географиялык коом 60тан ашуун өлкөдө түзүлгөн. Эӊ алгачкылары: Париж (1821-жылы негизделген), Берлин (1828), Лондон Королдугу (1830), Мексика (1833), Петербург (1845), Нью-Йорк (1852) географиялык коомдору. Айрым өлкөлөрдө бир нече өз алдынча географиялык коомдор бар; кесипке карата (адис географтар, ЖОЖдун окутуучулары, мугалимдер ж. б.) алар аймактык бирикмелерге жана ассоциацияларга бөлүнгөн. Анда белгилүү бир кесиптеги географтарды бириктирген илимий бөлүмдөр иштейт. Географиялык коомдордо комплекстик илимий программаларды чечүү үчүн проблемаларды караштыруу комитеттери түзүлөт. Географиялык коом өзүнүн иш-аракети менен география илиминин өнүгүшүнө жана кеӊири белгилүү болушуна өбөлгө түзөт. Географиялык коомдун жетекчилиги астында жана анын катышуусу менен экспедициялар, конференциялар уюштурулуп, журналдар, монографиялар, илимий эмгек жыйнактары, карта жана атластар басылып чыгат. 1871–1914-жылдары географиялык коом Эл аралык географиялык конгрессти чакыруунун демилгечиси болуп келген. Кийин бул ишти Эл аралык географиялык союз аткарган. Кыргызстанда адегенде СССР географиялык коомунун (1947) филиалы иштеген, кийинчерээк ''Кыргыз географиялык коому'' болуп уюшулган. Коомдун жогорку органы съезд (4–5 жылда бир чакырылат). <br/>''А. Осмонов.''
<br/>''А. Осмонов.''
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

08:24, 2 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы

ГЕОГРАФИЯЛЫК КООМ – географияга кызыккандардын жана адис географтардын өз ыктыярдуу уюму. Географиялык коом 60тан ашуун өлкөдө түзүлгөн. Эӊ алгачкылары: Париж (1821-жылы негизделген), Берлин (1828), Лондон Королдугу (1830), Мексика (1833), Петербург (1845), Нью-Йорк (1852) географиялык коомдору. Айрым өлкөлөрдө бир нече өз алдынча географиялык коомдор бар; кесипке карата (адис географтар, ЖОЖдун окутуучулары, мугалимдер ж. б.) алар аймактык бирикмелерге жана ассоциацияларга бөлүнгөн. Анда белгилүү бир кесиптеги географтарды бириктирген илимий бөлүмдөр иштейт. Географиялык коомдордо комплекстик илимий программаларды чечүү үчүн проблемаларды караштыруу комитеттери түзүлөт. Географиялык коом өзүнүн иш-аракети менен география илиминин өнүгүшүнө жана кеӊири белгилүү болушуна өбөлгө түзөт. Географиялык коомдун жетекчилиги астында жана анын катышуусу менен экспедициялар, конференциялар уюштурулуп, журналдар, монографиялар, илимий эмгек жыйнактары, карта жана атластар басылып чыгат. 1871–1914-жылдары географиялык коом Эл аралык географиялык конгрессти чакыруунун демилгечиси болуп келген. Кийин бул ишти Эл аралык географиялык союз аткарган. Кыргызстанда адегенде СССР географиялык коомунун (1947) филиалы иштеген, кийинчерээк Кыргыз географиялык коому болуп уюшулган. Коомдун жогорку органы съезд (4–5 жылда бир чакырылат).
А. Осмонов.