ГЕОГРАФИЯЛЫК КООМ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''ГЕОГРАФИЯЛЫК КООМ ''' – географияга кызыккандардын ж-а адис географтардын өз ыктыярдуу уюму. Географиялык коом 60тан ашуун өлкөдө түзүлгөн. Эӊ алгачкылары: Париж (1821-жылы негизделген), Берлин (1828), Лондон Королдук (1830), Мексика (1833), Петербург (1845), Нью-Йорк (1852) Географиялык коомдору. Айрым өлкөлөрдө бир нече өз алдынча Географиялык коомдор бар; кесипке карата (адис географтар, ЖОЖдун окутуучулары, мугалимдер ж. б.) алар аймактык бирикмелерге ж-а ассоциацияларга бөлүнгөн. Анда белгилүү бир кесиптеги географтарды бириктирген илимий бөлүмдөр иштейт. Географиялык коомдордо комплекстик илимий программаларды чечүү үчүн проблемаларды караштыруу комитеттери түзүлөт. Географиялык коом өзүнүн иш-аракети м-н география илиминин өнүгүшүнө ж-а кеӊири белгилүү болушуна өбөлгө түзөт. Географиялык коомдун жетекчилиги астында ж-а анын катышуусу м-н экспедициялар, конференциялар уюштурулуп, журналдар, монографиялар, илимий эмгек жыйнактары, карта ж-а атластар басылып чыгат. 1871–1914-жылдары Географиялык коом Эл аралык географиялык конгрессти чакыруунун демилгечиси болуп келген. Кийин бул ишти Эл аралык географиялык союз аткарган. Кыргызстанда адегенде СССР географиялык коомунун (1947) филиалы иштеген, кийинчерээк ''Кыргыз географиялык коому'' болуп уюшулган. Коомдун жогорку органы съезд (4–5 жылда бир чакырылат). <br/>''А. Осмонов.''
'''ГЕОГРАФИЯЛЫК КООМ ''' – географияга кызыккандардын жана адис географтардын өз ыктыярдуу уюму. Географиялык коом 60тан ашуун өлкөдө түзүлгөн. Эӊ алгачкылары: Париж (1821-жылы негизделген), Берлин (1828), Лондон Королдугу (1830), Мексика (1833), Петербург (1845), Нью-Йорк (1852) географиялык коомдору. Айрым өлкөлөрдө бир нече өз алдынча географиялык коомдор бар; кесипке карата (адис географтар, ЖОЖдун окутуучулары, мугалимдер ж. б.) алар аймактык бирикмелерге жана ассоциацияларга бөлүнгөн. Анда белгилүү бир кесиптеги географтарды бириктирген илимий бөлүмдөр иштейт. Географиялык коомдордо комплекстик илимий программаларды чечүү үчүн проблемаларды караштыруу комитеттери түзүлөт. Географиялык коом өзүнүн иш-аракети менен география илиминин өнүгүшүнө жана кеӊири белгилүү болушуна өбөлгө түзөт. Географиялык коомдун жетекчилиги астында жана анын катышуусу менен экспедициялар, конференциялар уюштурулуп, журналдар, монографиялар, илимий эмгек жыйнактары, карта жана атластар басылып чыгат. 1871–1914-жылдары географиялык коом Эл аралык географиялык конгрессти чакыруунун демилгечиси болуп келген. Кийин бул ишти Эл аралык географиялык союз аткарган. Кыргызстанда адегенде СССР географиялык коомунун (1947) филиалы иштеген, кийинчерээк ''Кыргыз географиялык коому'' болуп уюшулган. Коомдун жогорку органы съезд (4–5 жылда бир чакырылат). <br/>''А. Осмонов.''
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

08:24, 2 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы

ГЕОГРАФИЯЛЫК КООМ – географияга кызыккандардын жана адис географтардын өз ыктыярдуу уюму. Географиялык коом 60тан ашуун өлкөдө түзүлгөн. Эӊ алгачкылары: Париж (1821-жылы негизделген), Берлин (1828), Лондон Королдугу (1830), Мексика (1833), Петербург (1845), Нью-Йорк (1852) географиялык коомдору. Айрым өлкөлөрдө бир нече өз алдынча географиялык коомдор бар; кесипке карата (адис географтар, ЖОЖдун окутуучулары, мугалимдер ж. б.) алар аймактык бирикмелерге жана ассоциацияларга бөлүнгөн. Анда белгилүү бир кесиптеги географтарды бириктирген илимий бөлүмдөр иштейт. Географиялык коомдордо комплекстик илимий программаларды чечүү үчүн проблемаларды караштыруу комитеттери түзүлөт. Географиялык коом өзүнүн иш-аракети менен география илиминин өнүгүшүнө жана кеӊири белгилүү болушуна өбөлгө түзөт. Географиялык коомдун жетекчилиги астында жана анын катышуусу менен экспедициялар, конференциялар уюштурулуп, журналдар, монографиялар, илимий эмгек жыйнактары, карта жана атластар басылып чыгат. 1871–1914-жылдары географиялык коом Эл аралык географиялык конгрессти чакыруунун демилгечиси болуп келген. Кийин бул ишти Эл аралык географиялык союз аткарган. Кыргызстанда адегенде СССР географиялык коомунун (1947) филиалы иштеген, кийинчерээк Кыргыз географиялык коому болуп уюшулган. Коомдун жогорку органы съезд (4–5 жылда бир чакырылат).
А. Осмонов.