ГЕОГРАФИЯЛЫК АЛКАКТАР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГЕОГРАФИЯЛЫК АЛКАКТАР''' , ф и з и к а л ы к г е о г р а ф и я л ы к а л к а к т а р, т а б и г ы й а л к а к т а р – ''географиялык кабыктын'' зона | '''ГЕОГРАФИЯЛЫК АЛКАКТАР''' , ф и з и к а л ы к г е о г р а ф и я л ы к а л к а к т а р, т а б и г ы й а л к а к т а р – ''географиялык кабыктын'' зона боюнча эӊ ири бөлүнүшү. Негизинен кеӊдик же субкеӊдик боюнча созулат. Ар бир алкакка термиялык шартынын жалпылыгы (негизинен жер бетине түшкөн күн радиациясынын өлчөмүнө байланыштуу), аба массаларынын циркуляциясынын жана зат айлануусунун жалпы өзгөчөлүктөрү, геоморфологиялык, биохимиялык ж. б. процесстеринин бөтөнчөлүгү, өсүмдүк вегетациясынын белгилүү бир ритмикасы ж. б. мүнөздүү. Климаттык факторлорго (негизинен мезгилден мезгилге карата жылуулук менен нымдын айырмасы) жана океандан материктин ичин карай алыстыгына карата географиялык алкактар секторлорго (океан жээктик, ички материктик жага алардын арасындагы өтмө) жана ''физикалык географиялык зоналарга'' бөлүнөт; ал эми тоолуу аймактарга ''бийиктик алкактуулук'' мүнөздүү. Географиялык алкактар рельефтин же океандык агымдардын таасиринен кеӊейет же кууштап кетиши мүмкүн. Кургактыкта адатта экватордон уюлдарды карай ''экватордук алкакка'', экиден (Түндүк жана Түштүк жарым шарларда) – субэкватордук, тропиктик, субтропиктик, мелүүн алкактарга бөлүнөт; Түндүк жарым шардын жогорку кеӊдиктеринде субарктикалык жана арктикалык, Түштүк жарым шарда – субантарктикалык жана антарктикалык алкактар жайгашкан. Географиялык алкактар дүйнөлүк океандарда да байкалат, бирок алар көбүнчө бир түрдүүлүгү менен айырмаланат. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
05:09, 2 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы
ГЕОГРАФИЯЛЫК АЛКАКТАР , ф и з и к а л ы к г е о г р а ф и я л ы к а л к а к т а р, т а б и г ы й а л к а к т а р – географиялык кабыктын зона боюнча эӊ ири бөлүнүшү. Негизинен кеӊдик же субкеӊдик боюнча созулат. Ар бир алкакка термиялык шартынын жалпылыгы (негизинен жер бетине түшкөн күн радиациясынын өлчөмүнө байланыштуу), аба массаларынын циркуляциясынын жана зат айлануусунун жалпы өзгөчөлүктөрү, геоморфологиялык, биохимиялык ж. б. процесстеринин бөтөнчөлүгү, өсүмдүк вегетациясынын белгилүү бир ритмикасы ж. б. мүнөздүү. Климаттык факторлорго (негизинен мезгилден мезгилге карата жылуулук менен нымдын айырмасы) жана океандан материктин ичин карай алыстыгына карата географиялык алкактар секторлорго (океан жээктик, ички материктик жага алардын арасындагы өтмө) жана физикалык географиялык зоналарга бөлүнөт; ал эми тоолуу аймактарга бийиктик алкактуулук мүнөздүү. Географиялык алкактар рельефтин же океандык агымдардын таасиринен кеӊейет же кууштап кетиши мүмкүн. Кургактыкта адатта экватордон уюлдарды карай экватордук алкакка, экиден (Түндүк жана Түштүк жарым шарларда) – субэкватордук, тропиктик, субтропиктик, мелүүн алкактарга бөлүнөт; Түндүк жарым шардын жогорку кеӊдиктеринде субарктикалык жана арктикалык, Түштүк жарым шарда – субантарктикалык жана антарктикалык алкактар жайгашкан. Географиялык алкактар дүйнөлүк океандарда да байкалат, бирок алар көбүнчө бир түрдүүлүгү менен айырмаланат.