ИХЭТУАНЬ КӨТӨРҮЛҮШҮ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИХЭТУА́НЬ КӨТӨРҮЛҮШҮ</b> – Чыгыш, | <b type='title'>ИХЭТУА́НЬ КӨТӨРҮЛҮШҮ</b> – Чыгыш, Түндүк ж-а Түндүк-Чыгыш Кытайдагы дыйкандар м-н шаар кембагалдарынын чет өлкөлүк зомбулукка кар­шы 1899–1901-жылдардагы көтөрүлүшү. Жашы­руун Ихецюань диний коомунун демилгеси м-н чыгып, кийин анын отряддары ихэтуандар (ади­леттик ж-а ынтымак отряддары – көтөрүлүштүн аты ушундан) деп аталган. Көтөрүлүш чет өл­көлүк экспансияга бөтөнчө дуушарланган Шань­дун провинциясында башталып, 1900-жылы борбордук Чжили провинциясына тараган. Цин өкмөтүнүн кээ бир мүчөлөрү ихэтуандардын аркасы м-н Кытайды чет өлкөлүк мамлекеттерден бошотуу­га аракеттенип, ихэтуандардын лидерлери м-н (Ли Лайчжун, Чжан Дэчэн ж. б.) бириккен. Ихэтуандар чынында кыйла жерде бийликти көзөмөлдөп, Шаньси, Манжурияны алган соң, өкмөт аскерлеринин колдоосу м-н 13–14-июнда Пекинге кирген да, элчилер кварталын 56 күн камап турган. Ошол кезде Германия элчиси К. фон Кеттелер өлтүрүлгөн. 1900-жылы 17-июнда Улуу Британия, Германия, АКШ, падышалык Россия ж. б. мамлекеттер Кытайга <i>интервен­ция</i> жасап, алардын аскерлери Таку (Дагу) пор­тун ээлеген. Ихетуандар м-н бириккен Цин өкмөтү 21-июнда Япония, падышалык Россия, Улуу Британия, Франция, АКШ, Германия, Ита­лия ж-а Австрия-Венгрия мамлекеттерине согуш жарыялаган. Россия, Улуу Британия, Франция, АКШ ж-а Япония мамлекеттеринин аскери (54 миң адам) 1900-жылы 14-июлда Тяньцзинди алып, андан көп узабай Пекинге аттанган ж-а 14-августта аны алып, баш командачысы немис фельдмаршалы Вальдерзенин келиши м-н кый­мылдын очокторуна ж-а тынч жаткан калкка жазалоочу отряддар жиберилген. Цин өкмөтү­нүн өкүлдөрү Сианга качкан. Көтөрүлүш негизи­нен 1901-жылы басылгандан кийин (ал айрым жер­лерде 1902-жылы да уланган), чет өлкө мамлекет­тери Кытайга басмырлаган «Жыйынтык про­токолун» таңуулап, 1939-жылга чейин Кытай алар­га 1 млрд лян төлөп бермек болгон. Ихэтуань көтөрүлүшү им­пералисттердин Кытайга басып киришине кар­шы кытай дыйкандары м-н шаар кембагалда­рынын чаржайыт күрөшүнүн маанилүү этабы болгон. | ||
чыгып, кийин анын отряддары ихэтуандар (ади­леттик ж-а ынтымак отряддары – көтөрүлүштүн аты ушундан) деп аталган. Көтөрүлүш чет өл­көлүк экспансияга бөтөнчө дуушарланган Шань­дун провинциясында башталып, 1900- | |||
Чжили провинциясына тараган. Цин өкмөтүнүн кээ бир мүчөлөрү ихэтуандардын аркасы м-н Кытайды чет өлкөлүк мамлекеттерден бошотуу­га аракеттенип, ихэтуандардын лидерлери м-н (Ли Лайчжун, Чжан Дэчэн ж. б.) бириккен. Ихэтуандар чынында кыйла жерде бийликти көзөмөлдөп, Шаньси, Манжурияны алган соң, | |||
өкмөт аскерлеринин колдоосу м-н 13–14-июнда Пекинге кирген да, элчилер кварталын 56 күн камап турган. Ошол кезде Германия элчиси К. фон Кеттелер өлтүрүлгөн. 1900- | |||
Россия ж. б. мамлекеттер Кытайга <i>интервен­ция</i> жасап, алардын аскерлери Таку (Дагу) пор­тун ээлеген. Ихетуандар м-н бириккен Цин | |||
өкмөтү 21-июнда Япония, падышалык Россия, Улуу Британия, Франция, АКШ, Германия, Ита­лия ж-а Австрия-Венгрия мамлекеттерине согуш жарыялаган. Россия, Улуу Британия, Франция, АКШ ж-а Япония мамлекеттеринин аскери (54 миң адам) 1900- | |||
Ад.: Восстание ихэтуаней. Документы и материалы. М., 1968; <i>Калюжная Н. М.</i> Восстание ихэтуаней (1898–1901). М., 1978; <i>Непомнин О. Е.</i> История Китая: эпоха Цин. XVII – нач. XX в. М., 2005. | Ад.: Восстание ихэтуаней. Документы и материалы. М., 1968; <i>Калюжная Н. М.</i> Восстание ихэтуаней (1898–1901). М., 1978; <i>Непомнин О. Е.</i> История Китая: эпоха Цин. XVII – нач. XX в. М., 2005. | ||
[[Категория:3-том, 673-784 бб]] | [[Категория:3-том, 673-784 бб]] | ||
03:15, 26 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы
ИХЭТУА́НЬ КӨТӨРҮЛҮШҮ – Чыгыш, Түндүк ж-а Түндүк-Чыгыш Кытайдагы дыйкандар м-н шаар кембагалдарынын чет өлкөлүк зомбулукка каршы 1899–1901-жылдардагы көтөрүлүшү. Жашыруун Ихецюань диний коомунун демилгеси м-н чыгып, кийин анын отряддары ихэтуандар (адилеттик ж-а ынтымак отряддары – көтөрүлүштүн аты ушундан) деп аталган. Көтөрүлүш чет өлкөлүк экспансияга бөтөнчө дуушарланган Шаньдун провинциясында башталып, 1900-жылы борбордук Чжили провинциясына тараган. Цин өкмөтүнүн кээ бир мүчөлөрү ихэтуандардын аркасы м-н Кытайды чет өлкөлүк мамлекеттерден бошотууга аракеттенип, ихэтуандардын лидерлери м-н (Ли Лайчжун, Чжан Дэчэн ж. б.) бириккен. Ихэтуандар чынында кыйла жерде бийликти көзөмөлдөп, Шаньси, Манжурияны алган соң, өкмөт аскерлеринин колдоосу м-н 13–14-июнда Пекинге кирген да, элчилер кварталын 56 күн камап турган. Ошол кезде Германия элчиси К. фон Кеттелер өлтүрүлгөн. 1900-жылы 17-июнда Улуу Британия, Германия, АКШ, падышалык Россия ж. б. мамлекеттер Кытайга интервенция жасап, алардын аскерлери Таку (Дагу) портун ээлеген. Ихетуандар м-н бириккен Цин өкмөтү 21-июнда Япония, падышалык Россия, Улуу Британия, Франция, АКШ, Германия, Италия ж-а Австрия-Венгрия мамлекеттерине согуш жарыялаган. Россия, Улуу Британия, Франция, АКШ ж-а Япония мамлекеттеринин аскери (54 миң адам) 1900-жылы 14-июлда Тяньцзинди алып, андан көп узабай Пекинге аттанган ж-а 14-августта аны алып, баш командачысы немис фельдмаршалы Вальдерзенин келиши м-н кыймылдын очокторуна ж-а тынч жаткан калкка жазалоочу отряддар жиберилген. Цин өкмөтүнүн өкүлдөрү Сианга качкан. Көтөрүлүш негизинен 1901-жылы басылгандан кийин (ал айрым жерлерде 1902-жылы да уланган), чет өлкө мамлекеттери Кытайга басмырлаган «Жыйынтык протоколун» таңуулап, 1939-жылга чейин Кытай аларга 1 млрд лян төлөп бермек болгон. Ихэтуань көтөрүлүшү импералисттердин Кытайга басып киришине каршы кытай дыйкандары м-н шаар кембагалдарынын чаржайыт күрөшүнүн маанилүү этабы болгон.
Ад.: Восстание ихэтуаней. Документы и материалы. М., 1968; Калюжная Н. М. Восстание ихэтуаней (1898–1901). М., 1978; Непомнин О. Е. История Китая: эпоха Цин. XVII – нач. XX в. М., 2005.