ИТ МУРУН: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИТ МУРУН</b> (Rosa) – роза гүлдүүлөр тукумунда­гы жапайы өсүмдүк. Бадал, чанда лиана (чыр­малма), кээ бири чөп сымал өсөт. Сөңгөгү, бу­тактары тикендүү, жалбырагы татаал, гүлү беш мүчөлүү, кош жыныстуу, желекчелери түркүн түстө, жалгыздан же топ гүлдөн турат. КМШ | <b type='title'>ИТ МУРУН</b> (Rosa) – роза гүлдүүлөр тукумунда­гы жапайы өсүмдүк. Бадал, чанда лиана (чыр­малма), кээ бири чөп сымал өсөт. Сөңгөгү, бу­тактары тикендүү, жалбырагы татаал, гүлү беш мүчөлүү, кош жыныстуу, желекчелери түркүн түстө, жалгыздан же топ гүлдөн турат. КМШ өлкөлөрүндө 250дөй түрү кеңири таралган. | ||
өлкөлөрүндө 250дөй түрү кеңири таралган. | |||
[[File:ИТ МУРУН13.png | thumb | none]]Кыргызстанда 22 түрү белгилүү. Мөмөсү майда жаңгакча, катуу түкчөлөр м-н капталган. Ит мурун кант, крахмал, С, В<sub>2</sub>, К, Р витамин­дер ж-а азоттуу заттарга бай. Анын мөмөсү тамак - ашка ж-а С вита­минин алууда сырьё катары пай­даланылат. Элдик медицинада ит мурундун ашы демделип, боорду, өт баштыгын, иче­гилерди, бөйрөктү, табарсыкты, аз кандуулук­ту дарылоодо ж. б-да колдонулат. Ит мурун жара­тылышта ным ж-а суу сактагычы болуп эсепте­лет. Алардын тамырлары айланасындагы кыр­тышты бекем кармайт, селден сактайт, жер көчкүгө туруштук берет. Көп кездешүүчү түрлөрү борпоң ит мурун (Rosa laxa), тикендүү ит мурун, жазы тикендүү ит мурун ж. б. | |||
[[Категория:3-том, 673-784 бб]] | [[Категория:3-том, 673-784 бб]] | ||
09:25, 25 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы
ИТ МУРУН (Rosa) – роза гүлдүүлөр тукумундагы жапайы өсүмдүк. Бадал, чанда лиана (чырмалма), кээ бири чөп сымал өсөт. Сөңгөгү, бутактары тикендүү, жалбырагы татаал, гүлү беш мүчөлүү, кош жыныстуу, желекчелери түркүн түстө, жалгыздан же топ гүлдөн турат. КМШ өлкөлөрүндө 250дөй түрү кеңири таралган.

Кыргызстанда 22 түрү белгилүү. Мөмөсү майда жаңгакча, катуу түкчөлөр м-н капталган. Ит мурун кант, крахмал, С, В2, К, Р витаминдер ж-а азоттуу заттарга бай. Анын мөмөсү тамак - ашка ж-а С витаминин алууда сырьё катары пайдаланылат. Элдик медицинада ит мурундун ашы демделип, боорду, өт баштыгын, ичегилерди, бөйрөктү, табарсыкты, аз кандуулукту дарылоодо ж. б-да колдонулат. Ит мурун жаратылышта ным ж-а суу сактагычы болуп эсептелет. Алардын тамырлары айланасындагы кыртышты бекем кармайт, селден сактайт, жер көчкүгө туруштук берет. Көп кездешүүчү түрлөрү борпоң ит мурун (Rosa laxa), тикендүү ит мурун, жазы тикендүү ит мурун ж. б.