ГВИАНА БӨКСӨ ТООСУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ГВИА́НА БӨКСӨ ТООСУ ''' Түш. Американын түн.- чыгышында. Түндүгү м-н түштүгүнөн Льянос-Ориноко түздүгү ж-а Амазонка ойдуӊу, батышы м-н чыгышынан Анд тоолору ж-а Атлантика океаны м-н чектешет. Колумбия, Венесуэла, Бразилия, Гайана, Суринам, Гвиананын (фр.) аймактарында жайгашкан. Эӊ бийик жери 3014 ''м'' (Неблина чокусу). Тектоникалык жактан Түш. Америка платформасынын калканы болуп саналат. Кристаллдуу сланец, гнейс, гранит тектеринен турат; айрым жерлерде аларды кварцит, кумдук, конгломерат тектери жаап жатат. Темир, марганец, алтын, алмаз, боксит кендери бар. Адыр-күдүрлүү, калдык чокулуу денудациялык түздүктөр (бийикт. 150–400 ''м'') басымдуу. Борб. бөлүгүндө тегиз, көбүнчө кумдуктан турган чет жакалары тик жарлуу, жондору жалпак платолор – Ауян-Тепуи (2953 ''м''), Рорайма (2772 ''м'') ж. б. жайгашкан. Алардан Амазонка м-н Ориноконун алабындагы көптөгөн дарыялар башталат. Климаты экватордук, субэкватордук ысык ж-а нымдуу. Жылдык жаан-чачыны 1200–1700 ''мм'', борб. бөлүгүнүн чыгышында 3500 ''мм''ге чейин. Бөксө тоодон башталган дарыялар өтө көп, алар Ориноко, Амазонка д-нын ж-а Атлантика океанынын алаптарына кирип, нуктары өтө босоголуу, шаркыратмалар арбын, дүйнөдөгү эӊ бийик (1054 ''м'') шаркыратма – ''Анхель'' да Г. б-нан башталган Карони д-нын алабында. Батышы м-н чыгышында дайыма жашыл нымдуу чытырман ж-а борборунда жалбырагы күбүлмө-дайыма жашыл токой, айрым жеринде саванна, кумдуктан турган платолорунда таштуу жарым чөл өсүмдүктөрү өсөт.
'''ГВИА́НА БӨКСӨ ТООСУ ''' Түштүк Американын түндүк- чыгышында. Түндүгү менен түштүгүнөн Льянос-Ориноко түздүгү жана Амазонка ойдуӊу, батышы менен чыгышынан Анд тоолору жана Атлантика океаны менен чектешет. Колумбия, Венесуэла, Бразилия, Гайана, Суринам, Гвиананын (фр.) аймактарында жайгашкан. Эӊ бийик жери 3014 ''м'' (Неблина чокусу). Тектоникалык жактан Түштүк Америка платформасынын калканы болуп саналат. Кристаллдуу сланец, гнейс, гранит тектеринен турат; айрым жерлерде аларды кварцит, кумдук, конгломерат тектери жаап жатат. Темир, марганец, алтын, алмаз, боксит кендери бар. Адыр-күдүрлүү, калдык чокулуу денудациялык түздүктөр (бийиктиги 150–400 ''м'') басымдуу. Борбордук бөлүгүндө тегиз, көбүнчө кумдуктан турган чет жакалары тик жарлуу, жондору жалпак платолор – Ауян-Тепуи (2953 ''м''), Рорайма (2772 ''м'') ж. б. жайгашкан. Алардан Амазонка менен Ориноконун алабындагы көптөгөн дарыялар башталат. Климаты экватордук, субэкватордук ысык жана нымдуу. Жылдык жаан-чачыны 1200–1700 ''мм'', борбордук бөлүгүнүн чыгышында 3500 ''мм''ге чейин. Бөксө тоодон башталган дарыялар өтө көп, алар Ориноко, Амазонка дарыясынын жана Атлантика океанынын алаптарына кирип, нуктары өтө босоголуу, шаркыратмалар арбын, дүйнөдөгү эӊ бийик (1054 ''м'') шаркыратма – ''Анхель'' да Гвиана бөксө тоосунан башталган Карони дарыясынын алабында. Батышы менен чыгышында дайыма жашыл нымдуу чытырман жана борборунда жалбырагы күбүлмө-дайыма жашыл токой, айрым жеринде саванна, кумдуктан турган платолорунда таштуу жарым чөл өсүмдүктөрү өсөт.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

05:07, 25 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы

ГВИА́НА БӨКСӨ ТООСУ Түштүк Американын түндүк- чыгышында. Түндүгү менен түштүгүнөн Льянос-Ориноко түздүгү жана Амазонка ойдуӊу, батышы менен чыгышынан Анд тоолору жана Атлантика океаны менен чектешет. Колумбия, Венесуэла, Бразилия, Гайана, Суринам, Гвиананын (фр.) аймактарында жайгашкан. Эӊ бийик жери 3014 м (Неблина чокусу). Тектоникалык жактан Түштүк Америка платформасынын калканы болуп саналат. Кристаллдуу сланец, гнейс, гранит тектеринен турат; айрым жерлерде аларды кварцит, кумдук, конгломерат тектери жаап жатат. Темир, марганец, алтын, алмаз, боксит кендери бар. Адыр-күдүрлүү, калдык чокулуу денудациялык түздүктөр (бийиктиги 150–400 м) басымдуу. Борбордук бөлүгүндө тегиз, көбүнчө кумдуктан турган чет жакалары тик жарлуу, жондору жалпак платолор – Ауян-Тепуи (2953 м), Рорайма (2772 м) ж. б. жайгашкан. Алардан Амазонка менен Ориноконун алабындагы көптөгөн дарыялар башталат. Климаты экватордук, субэкватордук ысык жана нымдуу. Жылдык жаан-чачыны 1200–1700 мм, борбордук бөлүгүнүн чыгышында 3500 ммге чейин. Бөксө тоодон башталган дарыялар өтө көп, алар Ориноко, Амазонка дарыясынын жана Атлантика океанынын алаптарына кирип, нуктары өтө босоголуу, шаркыратмалар арбын, дүйнөдөгү эӊ бийик (1054 м) шаркыратма – Анхель да Гвиана бөксө тоосунан башталган Карони дарыясынын алабында. Батышы менен чыгышында дайыма жашыл нымдуу чытырман жана борборунда жалбырагы күбүлмө-дайыма жашыл токой, айрым жеринде саванна, кумдуктан турган платолорунда таштуу жарым чөл өсүмдүктөрү өсөт.