ИСФАРА (суу): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
м (Temirkan moved page ИСФАРА 1 to ИСФАРА (суу))
 
(Айырма жок)

07:50, 23 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы

ИСФАРА́ – Кыргызстан, Тажикстан ж-а Өзбекстан аймактары аркылуу аккан суу. Узундугу 130 км, ала­бынын аянты 3240 км2. Түркстан кырка тоосу­нун түндүк капталындагы мөңгүлөрдөн башталып, Чоң Фергана каналына кошулат. Фергана өрөө­нүнө чыккан жеринде кеңири жайылма-шилен­дилерди пайда кылат. Июлда кирип, сентябрда тартылат, март–апрель айларында сууга өксү. Жылдык орточо чыгымы 16,4 м3/сек; эң көп чы­гымы 48,1 м3/сек, эң азы 4,2 м3/сек. Сугатка пайдаланылат. Өрөөнүндө Тажикстандын Исфа­ра шаары жайгашкан.