ЖИКИЛДЕР: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖИКИЛДЕР</b> , | <b type='title'>ЖИКИЛДЕР</b>, чигилдер – байыркы түрк урууларынын бирикмеси. Борбордук Теңир-Тоо менен Жети-Сууну жердеп, [[Караханиддер]] мамлекетин­де өзгөчө орунга ээ болгон. Орхон жазууларын­да Жикилдер менен <i>[[чиктер]]</i> бир эл экени, алар байыркы [[теле]] (же тогуз-огуздар) уруулары болуп, орто кы­лымдын башында азыркы Тыванын батышын­да туруп, Саян-Алтай элдери менен бирге [[Борбордук Азия]]дагы кагандыктардын бийлигине каршы күрөшүшкөн. Ушундай күрөштүн натыйжасын­да чиктердин негизги тобу түштүк-батышты көздөй жылып, [[Жети-Суу]] жана [[Теңир-Тоо]]го келишкен. «Худуд ал-'алам Мин ал-Машрик Илал-л Маг­рибдин» (кара: <i>«</i>[[Худуд ал-алам]]<i>»</i>) аталбаган авто­рунун жазганы боюнча жикилдер көп сандуу болуп, түштүк жана чыгышынан [[карлуктар]], батышында тух­силер, түндүк жагынан [[кыргыздар]] менен чектеш­кен. Ал эмгектин автору ал жерде [[Ысык-Көл]] жайгашканын белгилейт. | ||
«Худуд ал-'алам Мин ал-Машрик Илал-л Маг­рибдин» ( | |||
Ад.: <i>Бартольд В. В</i>. Извлечение из сочинения Гар­дизи «Зайн ал-ахбар» // Соч. Т. VIII. М., 1973; Мате­риалы по истории кыргызов и Кыргызстана. Б., 2002. | |||
<i>Т. Жуманалиев.</i> [[Категория:3-том, 327-448 бб]] | <i>Т. Жуманалиев.</i> [[Категория:3-том, 327-448 бб]] | ||
07:40, 23 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы
ЖИКИЛДЕР, чигилдер – байыркы түрк урууларынын бирикмеси. Борбордук Теңир-Тоо менен Жети-Сууну жердеп, Караханиддер мамлекетинде өзгөчө орунга ээ болгон. Орхон жазууларында Жикилдер менен чиктер бир эл экени, алар байыркы теле (же тогуз-огуздар) уруулары болуп, орто кылымдын башында азыркы Тыванын батышында туруп, Саян-Алтай элдери менен бирге Борбордук Азиядагы кагандыктардын бийлигине каршы күрөшүшкөн. Ушундай күрөштүн натыйжасында чиктердин негизги тобу түштүк-батышты көздөй жылып, Жети-Суу жана Теңир-Тоого келишкен. «Худуд ал-'алам Мин ал-Машрик Илал-л Магрибдин» (кара: «Худуд ал-алам») аталбаган авторунун жазганы боюнча жикилдер көп сандуу болуп, түштүк жана чыгышынан карлуктар, батышында тухсилер, түндүк жагынан кыргыздар менен чектешкен. Ал эмгектин автору ал жерде Ысык-Көл жайгашканын белгилейт.
Ад.: Бартольд В. В. Извлечение из сочинения Гардизи «Зайн ал-ахбар» // Соч. Т. VIII. М., 1973; Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана. Б., 2002.
Т. Жуманалиев.